Абдыманап Көлбаев: Карачолок

Карачолок

Бул аңгеме ит жөнүндө. Бул ит кыска өмүрүндө жүзгө жакын карышкыр тиштеген экен. Ал итти көргөн карышкырлар титиреп кача албай калчу дейт. Ал ит менен тикелеше алган бир гана карышкыр болуптур.

Бүгүн бешинчи күн эле. Беш күндөн бери жигиттердин иши ордунан чыкпай, тиги өндүрдөгү айылга көз салышып, айла-амал издешет, канткенде ошол атагы таш жарган күлүктү уурдап чыгышат. Жигиттерди бийлеген ой ушул.

Өндүрдүн жайык жерине чогуу койгон он-он беш түтүн үй, эки чоң боз үй гана четкерээк. Бул байдын үйлөрү. Айылдын четинде короо, анын так ортосунда тигилген дагы чоң боз үй, бул үй атка арналган. Күлүк ат түнкүсүн ошол үйгө байланат да, күндүзү чокчо кара сакал саяпкери жанынан карыш чыкпай үртүктөп жаап, сылап- сыйпап багат.

Түнкүсүн короого кой кирип, короо кайтарышкан кыз-келиндер, боз балдар ызы-чуу түшүп, короонун туш тарабына тегерете олтурушуп акый, бекбекей айтып чыгышат.

Мына адеттегидей кеч кирип баратты. Ат боз үйдүн ичине байланып, короого кой кирди. Короо кайтарганга дайындалган кыз-келиндер, боз уландар эшикке чыгышып орундарын ээлешти. Ай бир чай кайнамча отуруп чыгып, айлананы тегиз жарыкка бөлөдү. Ошол учурда айылдын иттери уурулардан шек-шыбаа сездиби ызы-чуу түшүп жатып калышты.

Көп өтпөй эле кырдагы бир түп карагандын түбүндөгү кашкулактын ийининде жатышкан уурулар беш карышкырды көрүштү. Карышкырлар ооздоруна бирден камгак тиштешип боортоктоп жыла короого жакындап баратышты…

Буга тап алдын таң калышкан уурулар сүйүнүп кетишти: “Короого карышкырлар тийип кымгуут түшүрсө, биз ошондон пайдаланып атты алып чыгабыз”, – дешти.

Карышкырлар короого жакындашкан сайын тиштердин ызы-чуусу көбөйүп, короо кайтаргандар саксакташып калышты. Иттер ызылдап үрүп, жандарын сабап калган маалда четки үйдөн борсулдап үргөн күчүк да аларга кошулду. Короого жакын калган карышкырлар кайра артын карай кетенчиктеп жылып олтуруп кырга жетип токтошту. Бир топ убакыт өтүп, иттер үрбөй тынчып калган соң кайра боортоктоп жылып жөнөштү, кайра иттер үрүп, ызы-чуу түшүп, аларга баягы күчүк үнү кошулганда кайра артка тартышып кырга жетип токтошту. Мындай аракет төрт жолу кайталанганда таң атып кетти да, карышкырлар жолу болбой калганына өкүнгөндөй камгактарын ташташып, көздөн далдаа болушту. Муну көрүп жаткан жигиттер буга абдан таң калышып, атты ала албай турганына көздөрү жеткенден кийин куру кол кетмек болушту. Аңгыча таң атып, жерге жарык кирип айылдагы үйлөр көрүндү. Ошол түндөгү күчүк үнү чыккан жакты караса жар четиндеги кара алачыктан үргөн экен…

Уурулар канча күнү-түнү менен атты аңдышса да ала албай келгенин айтышып, күчүк жөнүндө да баяндашты.

Муну уккан Бешкемпир музоосу менен уй айдатып, эки жигитти баягы айылга тымызын жиберди. Жигиттер жар четиндеги кара алачыкка күүгүмдө келип түшүштү. Алачыкта багар-көрөр баласы, туугандары жок жалгыз кемпир экен. Жигиттер уйду музоосу менен кемпирге тартуулап, күчүктү сурап алып кетишти.

Күчүктүн өңү кара, куйругу кыска экен. Ошого карап Карачолок деп коюшту. Бешкемпир күчүктү жакшылап багып, төргө төшөк салып берип жаткызып көндүрдү. Күчүк итче ийрилип жатпай, комдонуп эки алдыңкы колуна башын коюп уктайт, күчүктүн башы чоң, мойну ичке болуп башы оогон жакка кулап кетип жүрсө, улам өсүп эти толгон сайын мойну менен башы бирдей болуп дүгдүйгөн чоң итке айланды.

Ушул аймакта карышкыр калбай калды…

Канча ат арытып жер кезишсе да карышкыр учурабайт же изи көрүнбөйт. Ошентип жүргөн мезгилде бир күнү кыштоодон алыс эмес жерден бир үйүр карышкыр атайы өтүптүр, ошолордун арасында изи каймал төөнүн изиндей бир карышкыр да кетиптир. Изди көргөн аңчылар дүрбөшүп, нарыдан-бери аттарын токушуп, иттерди жетелешип из менен карышкырлардын артынан түшүштү.

Из адырма-адыр жүрүп олтуруп, бир нурага жетип андан өтүп кичине жылгачаны өрдөптүр.

Бул атайы карышкырлардын амалы эле. Атчан нурадан өтө албайт, аңгыча шашылып аттарды ошол жерге куюшкандай шашылып нурадан жылганы өрдөштү. Иттер жулкунганда айдактатып кое беришти.

Карышкыр тиштеп жүргөн алты ит, Карачолок менен жети итти кое беришти.

Көп өтпөй куйруктарын чатына кысып чымын-куюн болуп качып келатышкан алты ит аңчылардан өтө качышып, артты карабай, токтобой кетишти.

“Карачолокко эмне болду?” – дешип аңчыларда чочулоо пайда болду, эртелеп басышты, жөө бат эле демигип чарчап калышты, ошол маалда тээ алыс жактагы жылганын бурулушунан Карачолок көрүндү. Карачолокко удаа чоң көк жал, анын артында жыйырма-жыйырма беш кадам жерде беш карышкыр, чоң көк жал жакындашып кирип келгенде Карачолок токтой калып “арр” деп артына бурулганда, ал да токтой калып арылдайт, берки беш карышкыр шарт төш таяна качышып алардан алыстап кетишет, кайра Карачолок жолго түшкөндө артынан ээрчип алышат.

Иттин жалгыздык кылып карышкырга тие албай келатканын көргөн Бешкемпир үн салып кыйкырып жиберди:

–Ал, Карачолок! Ал!

Ээсинин үнүн угуп, адамдардын келатканын көргөн Карачолок артына бурулуп, көкжалга тиш салды, экөө тикелеше талашып тирешип, экөөнүн күчү бипбирдей келип, бирин-бири жыга албай турду.

Бешкемпир демигип күйүккөнүнө карабай жетип келип бычагын сууруп карышкырдын толорсугунан кыркып жиберди. Ошондо гана Карачолок карышкырды баса жыгылып тамагын үзүп алды.

Аңчылар көкжалды карай башташты, чоңдугу кудум качырдай башы чоң, тумшугу узун, кыл кыйма тиштери шамшардай жылтырап, узундугу үч эличе бар экен. Эки кулактын ортосунан башталган узундугу бир карыш кара жал так куйругунун учуна чейин өсүптүр. Куйругу жалпак келип кылычка окшошуп сөөгү жок экен.

–О, бул карышкырдын сырттаны кылыч куйрук турбайбы, атайы Карачолокко келген экен башка жактан, – дешип аңчылар таң калышты.

Кылыч куйрук Карачолоктун бир-эки жеринен тиштеп коюптур талашып жатканда. Ошол жараттары туура бир айда зорго айыкты. Карачолок демейдегидей төрдө тынч жата бербей, эшикке чыгып үйдүн жанындагы дөбөгө барып жатып калуучу болду. Үч күнү удаа ушинтип жүрдү. Төртүнчү күнү дөбөдөн түшүп, эшиктин алдына келип жатып, чыгайлуу беттен көзүн албайт. Бешинчи күнү боз үйдүн астанасына башын коюп жатып калды. Алтынчы күнү төргө жетип, кайра улагага келип тынчы кеткенин сезген Бешкемпир боз үйгө бала-чаканы жаткырбай башка үйгө кетирип, өзү бүкүлү, чолок кылычын колуна алып жамбаштады.

Улагада эшикти карап жаткан Карачолок түн бир оокум болгондо артын карай жылып отуруп төргө жетти. Бир нерсе келгенин сезген Бешкемпир улагага барып шыкааласа балбылдаган эки от эшикке жакындашып калган экен, бул айбандын үйдүн ичи менен иши жоктой. Ошондо Бешкемпир: “Ой!” ‑ деп үн салып кылычы менен  тап берип жибергенде тиги айбан жалт бурулуп аны карай салды, ушуну күтүп турган Карачолок тамактан шарт алып, башын үзүп кетти.

Эртең менен карашса түндө үйгө келген айбандын башы кичине, эки кулагы чунайган, азуусу арсайган, чоңдугу итче келген кабыландын сырттаны экен дейт.

Жайдын аяк ченинде Ултанкамыш деген жерде жолборс пайда болду. Жолдон учураган короочу иттердин үчөө-төртөөнү өлтүрүп, бир бээни жарып жеп, камыш арасында жаткан жолборс элдин жаң-жуңун угуп, ордунан туруп, Нура түбүндөгү үңкүргө кирип кетти.

Үч мергенчини үңкүрдүн чыга беришиндеги үч мерчемдүү жерге коюп жолборстун чыгышын күтүп жатышты. Айдактаган иттер үңкүргө жолобой бир гана Карачолок үңкүрдүн оозундагы ташка далдаланып, комдонуп жатып алды.

–Эми ит болсо да акылы бар, жолборско тиш салабы, же жөн эле айбат кылабы, өзүнүн иши, айдактабагыла, – деди Бешкемпир.

Үңкүргө таш ыргытып, жолборс күркүрөп үңкүрдөн чыга келгенде башкалардан жакын турган бир мерген коркуп кетти:

–Ал, Карачолок, ал! – деп кыйкырып жиберди.

Сырттан Карачолок ордунан атып туруп жолборсту тамактан алды. Жолборс итти кучактаган боюнча күркүрөп, кайра үңкүргө кирип кетти, бир оокумда каңк эткен үн чыгып, жолборстун күркүрөгөнү басылды…