Акын Аида Эгембердиева “Түрк бирлиги” адабий сыйлыгына ээ болду

Жүрөк кубанткан жаңылык Элибиздин акын кызы, Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору Аида Эгембердиева 2023-жылдын 26-27-сентябрь күндөрү Азербайжан Республикасынын Баку шаарында Түрк Республикасынын Ататүрк атындагы маданият, тил жана тарых жогорку мекемеси менен Түрк тил куруму чогуу түрк ааламына орток маданий мурастарды жайылтуу максатында уюштуруп, “Тил майрамынын” жана азербайжан элинин лидери Гейдар Алиевдин 100 жылдык мааракесинин алкагында өткөргөн чоң салтанатка катышып, түрк ааламындагы эң жогорку деп эсептелген “Түрк бирлиги” адабий сыйлыгына ээ болду. Туңгуч ирет берилип жаткан сыйлыкты алгандардын ичинде Азербайжан акыны Сабир Рюстемханли, казак акыны, Абай атындагы толугу менен…..

Ганира Пашаеванын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу жакындарына көңүл айтабыз

Жазуучу жана журналист, Азербайжан Мажилисинин депутаты, Маданият комитетинин төрайымы Ганира Пашаева дүйнөдөн кайтты. Ганира Пашаева 1975-жылы 24-мартта Азербайжан ССРинин Товуз районундагы Дюз Гырыглы айылында туулган. Эки жогорку билими бар – медициналык жана юридикалык. Азербайжан мамлекеттик медициналык университетинин педиатрия факультетин жана Баку мамлекеттик университетинин эл аралык укук факультетин бүтүргөн. Кыргыз адабиятынын досу, Түрк дүйнөсүнүн чыгаан кызы, жазуучу жана журналист, Азербайжан Мажилисинин депутаты, Маданият комитетинин төрайымы Ганира Пашаеванын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Азербайжан элине, Азербайжан акын-жазуучуларына, бир туугандарына, үй бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Жаткан жери жайлуу, толугу менен…..

Рашад Меджид: 10-сентябрь

Рашад Мусеиб оглу Меджидов – азербайжан жазуучусу, акын, публицист. 1964-жылы Карабахта (Азербайжандын Агджабедин району) туулган. Баку мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. “525-ciqəzet” популярдуу ежедневнигинин башкы редактору, Азербайжан жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары. Азербайжан журналисттер союзунун Г.Зардаби сыйлыгынын, ТР.Рзы атындагы сыйлыктын лауреаты. 10-СЕНТЯБРЬ Госпиталдан чыгып өзүнүн эски «алтынчысына» карай жөнөдү. Машина мындан он беш жыл мурда, сексен алтынчы жылы, ал ошол убакта жөнөкөй инженер кезинде өз заводунда кезекке туруп сатып алынган. Эшигин ачып унаага отурду да, отургучтардын ортосунда жаткан «такси» деген көрсөткүчтү алып, автомобилдин үстүнө бекемдеп орнотуп койду. Госпиталда ал хирург менен сүйлөшкөн болчу. Ортончу кызына операция жасала турган болду. Ал буга чейин көптөгөн врачтарга барган, алардын баары бир добуштан операция үч толугу менен…..

Кыргыз Азербайжан адабий кызматташтыгы уланат

Үстүбүздөгү жылдын 4-6-апрель күндөрү Азербайжан Республикасынын борбору Баку шаарында мамлекеттик жана саясий ишмер, Азербайжандын экс президенти Гейдар Алиевдин 100 жылдыгы, жазуучу, филология илимдеринин доктору Мир Жалал Пашаевдин 115 жылдыгы жана кыргыз акын-жазуучулары менен тыгыз кызматташып келе жаткан акын, жазуучу, публицист Акбар Кошалынын 50 жылдыгына арналган иш чара болуп өттү. Эл аралык деңгээлде өткөн бул мааракелик иш-чараларга түрк тилдүү мамлекеттердин өкүлдөрү менен бирге КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков катышып келди. Салтанаттуу иш чаралардын алкагында төрага Н.Калыбеков Азербайжан Республикасынын Парламентинин маданият комитетинин төрайымы, депутат, ф.и.д., жазуучу Ганира Пашаева менен жолугуп, адабий толугу менен…..

Азербайжан Парламентинин депутаты, жазуучу Ганира Пашаева жазуучулар союзуна келди

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков Азербайжан Республикасынын Парламентинин маданият комитетинин төрайымы, депутат, ф.и.д., жазуучу Ганира Пашаева менен жолукту. Жолугушууга Ганира айым менен бирге Азербайжан Парламентинин депутаттары: илим, билим жана саламаттык сактоо комитетинин мүчөсү, мамлекеттик жана саясий ишмер Мушвиг Фазиль оглы Мамедли, экономикалык саясат, өнөр жай жана ишкердик боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, мамлекеттик жана саясий ишмер Али Ахмед оглы Масимли, “Нефес” коомдук бирикмесинин төрайымы Фиренгиз Балакишаева, Эл аралык “Евразия” басма сөз фондунун жетекчиси Үмүт Рехимоглу Мирзаев катышты. Ал эми Улуттук жазуучулар союзунан төраганын орун басары К.Кадыракунов, акын Жедигер Саалаев, жазуучу Ж.Моңолодоров, Ж.Акаева, толугу менен…..

“Карабах аңгемелери” китебинин бет ачарына арналган иш-чара өттү

Борбор калаабыздагы Хаят мейманканасында КР Улуттук жазуучулар союзу тарабынан жарык көргөн азербайжан жазуучуларынын “Карабах аңгемелери” аттуу китебинин бет ачарына арналган иш-чара өттү . Бул иш-чара Азербайжандын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулуп, ага элчи мырза Латиф Сейфаддин оглу Гандилов, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, Азербайжан диаспорасынын өкүлдөрү, акын-жазуучулар, котормочулар катышты. Эске сала кетсек, “Карабах аңгемелери” китебинин бет ачары буга чейин жазуучулар союзу тарабынан уюштурулуп өткөрүлгөн.

“Карабах аңгемелери” китебинин бет ачары өттү

Бүгүн Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда КР Улуттук жазуучулар союзу тарабынан жарык көргөн азербайжан жазуучуларынын “Карабах аңгемелери” аттуу китебинин бет ачары өттү. Иш чарага төрага Н.Калыбеков, Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Сейфаддин оглу Гандилов, Азербайжан диаспорасынын өкүлдөрү, акын-жазуучулар катышты. Онлайн байланышта ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы С.Раев, Азербайжандан Экбер Кошалы сүйлөп, куттуктоосун билдиришти. Г.Пашаева, Экбер Кошалы, Теране Вахид, Имдат Авшар ж.б. 12 автордун аңгемелерин кыргыз калемгерлери А.Исмаилов, Б.Сарыбаев, Ж.Турсунбаев, Ж.Качкынбаев, К.Умурзаковдор которгон.

Сона Велиева: Мен ааламды качандыр бир таштаймын, Күйүп, күйүп бүткөн кезде алоодо

Азербайжан элинин таланттуу акын кызы Сона Велиеванын “Биз жолуккан жалганда” аттуу китеби жарык көрдү. Аталган китепти Кыргыз Републикасынын Эл акыны Маркабай Ааматов которуп кыргыз окурмандарынын назарына койду. Китепте акындын туулган жер, ата-журт, мекен тууралуу учкул канат ырлары киргизилген. Китеп окурмандарды кайдыгер калтырбайт деген ишеничтебиз. Эмесе, азербайжан акынынын ырларын окууну сунуштайбыз. Суктандырган канаттуу поэзия Жакында менин колума азербайжан элинин таланттуу акыны Сона Мухаммед кызы Велиеванын «Биз жолуккан жалганда» аттуу китебинин кол жазмасы келип тийди. Кыргыз тилине аны Кыргыз Республикасынын Эл акыны Маркабай Ааматов которуптур. «Маркабай жөндөн-жөн китеп которууга киришпейт эле”, – толугу менен…..

Төрага Н.Калыбеков Азербайжан элчиси Г.Оруджев менен жолукту

КРнын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджев менен жолукту. Жолугушууда кыргыз-азербайжан акын-жазуучуларынын чыгармачылык алакасы тууралуу маектешти. Муну менен катар эле кыргыз акындары которгон Лейла Алиеванын китебинин бет ачарын март айынын башында Бишкекте өткөрүү боюнча талкуу болду. Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин кызы Лейла Алиеванын ырларын КР Эл акыны О.Султанов, А.Эгембердиева, А.Темировалар которгон жана 2020-жылы “Кудайдын үнүн уккум келет” деген ат менен жарык көргөн.

Ганира Пашаева кыргыз акындарына ыраазычылык билдирди

Азербайжан Республикасынын Мили Межилисинин депутаты, Маданият комитетинин төрайымы Ганира Пашаева КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбековго, жаш акын кыздар К.Жакыпова менен Ч.Орозалиевага ыраазычылык катын жолдоду. Ал катта Азербайжан калкынын Ата-Мекендик согушу учурунда (27.09 – 10.11.2020) маалыматтык жана моралдык колдоо көрсөткөндүгүңүздөр үчүн ыраазычылык билдирем. Сиздер ар дайым Азербайжан жана түрк элдери менен болгон алаканы бекемдеп, маданий жаатта байланышты өнүктүрүүдө өз салымыңыздарды кошуп келесиздер. Сиздерге изги тилектеримди билдирүү менен, ысык салам жолдоп, ыраазычылык билдирем деп жазылган.   Урматтуу Ганира айым, Сиздин жөнөткөн ыраазычылык катыңызды кабыл алдык. Азербайжан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын акын-жазуучуларынын толугу менен…..