Аман Саспаев: Туура жооп

Туура жооп

Кечке маал, газеталарды оодарып карап отурган он беш жашар уулум менин жаныма газетанын бир санын көтөрүп келди. Мен бирдеме жазымыш болуп үстөлүмдө отургам.

–Папа, бир газетада карама-каршы эки пикирди бирдей кубаттап да жаза беришеби? – деп сурады ал.

Мен калемимди ары коюп, бир аз ойлонуп калдым. Албетте, сегизинчи класста окуп, азамат болуп калган балага ойлоп жооп берүүгө туура келди.

–Мүмкүн, жаңылыштык чыгар.

–Жок, папа, атайын…

“Анда, көрөлүчү” – дедим да газетаны колума алдым. Бала сөөмөйү менен эки жерин көрсөттү. Бири – тамеки өстүрүү жөнүндөгү адистин кеңеши, дагы бири болсо – тамекинин зыяны жөнүндө жазган врачтын кеңеши! Түшүнүктүү. Буга эмне деп жооп беришим керек? Газетаны окуган болуп ичимен ойлонуп жаттым. Бирок, баланы күттүрүүгө да, ага калп айтууга да дитим чыдаар эмес. Акыры, газетаны үстөлгө койдум да, алдымда турган тамекиден бирди тамызып, түтүнүн шыпка үйлөдүм.

–Мына мен тамекинин зыянын билем, бирок, эгер дүкөндөрдө тамеки жок болсо, аны соода орундарынан талап кылууга чейин барамын, – дедим мен. Бул сөздөрүм аркылуу газетаны жактап чыкканымды балам түшүндү. Маселени газетага оодарып эмес, дал эле бирге жашап жүргөн атасы – мени менен пикир алышуу зарыл деп ойлоду окшойт, жаныма жайланып отурду да, суроосун тереңдете түштү. Ошентип, акыр аягында, балам экөөбүздүн ортобузда чечилүүгө тийиш болгон бир иш келип чыкты.

–Менимче, тамекинин зыян экени калп, – деди уулум, – эң даанышман деген кишилер да тамеки тартканын билебиз. Врачтардын да тамеки тартып жүргөндөрү аз эмес. Зачем, кишилер башкаларды эле үйрөткүсү келет, ыя, папа? Ал эми таптакыр эч нерсеге түшүнбөгөн Жардыгул таякем башкаларды үйрөтпөйт. Ары тамеки эмес, асмай менен да иши жок…

Мына, азыркы жаштар кандай ойлойт. Сөз кезеги менде турду. Албетте, чымыркандым, баягы эле никотин жөнүндө, айрым кооптуу оорулардын келип чыгышы тамекиден экени жөнүндө айта келип, аягында тамеки тарткан кишинин өңү да акырындык менен өзгөрө турганын түшүндүрдүм. Андан кийин, мына ушундай зыяндарына карабастан дүйнөдө али күнгө чейин эл тамекини мүлдө таштабаганын, ал түгүл, Канадада кээ бир кишилер тамекини суткасына бир килограммдан тарта тургандыгын айттым. Акыр аягында келип кишилердин санаа-сезими өскөн сайын тамеки тартуучулар азая тургандыгын да белгилей кеттим. Өзүм жөнүндө болсо, “көнүп калыпмын!” деген мааниде түшүндүрдүм.

Уулум бир нече минуталык “лекциямды” унчукпай угуп отурду. Баягы эле тажатма сөздөр болсо дагы системалуу сүйлөгөнүмдү өзүм байкадым. Бирок, балам дагы сөзгө кирди:

–Эгер, бир кишиге, – деди ал, – “мына бу таблетка саа зыян кылат. Бирок, жеп көнүп алсаң, анда сага бир көнүмүш жакшы жолдош болот” деп ошондой бир дарыны сунуш кылса ынаар беле?

–Жок, буга эч ким ынабайт, – деп башымды чайкадым. Мүмкүн, ынанчулар да бардыр… бардыр эмес эле, тамекиге келгенде дал ошол кишинин өзү эмесминби мен!

–Анда, – деп уулум мени карап отурду, – анда мен баары бир түшүнө албадым.

Ата-бала ортосунда мындай такалуу сейрек кездешет. Жыйылуу турган китептерди четинен окуп жүрүп, бардык нерсеге логика закондору боюнча гана баа берүүгө аракеттенген балам мени эмнегедир бирдемеге мажбурлагансыйт. Аталык жоопкерчилик алдында да мындан тайсалдап чыга берүүнү мен да эп көргөнүм жок. Мен тамекини зыян деп тапсам, аны тартпашым керек. Эгер тарта берсем, анда анын зыяндуулугун моюндабастыгым керек. Бир кишиде карама-каршы эки ишеним бир убакытта бирдей үстөмдүк кылышы мүмкүн эмес да. Мен өзүмдү чыныгы күзгүдөн көрүп турдум. Күзгү ушунчалык тунук болгондуктан, эч кандай жашырбастан эле мени эки жүздүүлүк менен тамеки тартып жүргөнүмдү көрсөтүп турду. Балким, жалгыз тамекиге гана ушундайдырмын, башкага андай эместирмин… Жок, жок, башканы козгобойлу! Сөз тамеки жөнүндө гана болсун.

Ошентип, чындыгында, мага тамекинин акырындык менен келтирип жаткан зыяны да, врачтардын далилдери да уулумчалык таасир эте элек болучу. Баарынан мурда балам тамеки тарткандыгым үчүн мени сынга алып отурганы жок, тек түшүнгүсү гана келет. Мына ушул көзгө көрүнбөгөн күч менин жаңылыштыгымды эрксизден моюндатып, эки ара жолдун бирин тандап алышымды мажбурлап жаткансыды. Балам менден жооп күтүп алдымда отурат. Эмне дешим керек? Колума карасам, жумшак көк түтүн жибектей созулуп, мунайым гана көкөлөйт. Кесепеттин жооштугун кантээрсиз! Өзүмдү бир аз иретке келтирдим да:

–Иш мындай да, – деп жооп бере баштадым балама, – бул эки макала бир-бирине каршы эмес. Тамеки өсүмдүгүнүн биологиялык касиеттери менен анын өсүү шарттарын түшүндүрүп жазса, бул – “тамеки тарткыла”, деген сөз деп түшүнбөймүн. Экөө тең мына мен үчүн, мен өңдүү жүз миңдеген, балким, миллиондогон кишилер үчүн жазып жатышат. Бул албетте, сага түшүнүктүү болууга тийиш…

Балам мени көпкө карап унчукпай отурду да, жаныман кетип калды. Жообум туурабы, катабы, ал буга канаагаттандыбы, жокпу, биле албадым. Бул темада экинчи кайрылып сөз козгогон жок. Бирок, мен ошол күндөн тартып тамекини жек көрүп, мүлдө таштап кеттим!

Анык туура жооп мына ушул болсо керек деп ойлойм өзүм.