“Карабах аңгемелери” китебинин бет ачары өттү

Бүгүн Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда КР Улуттук жазуучулар союзу тарабынан жарык көргөн азербайжан жазуучуларынын “Карабах аңгемелери” аттуу китебинин бет ачары өттү. Иш чарага төрага Н.Калыбеков, Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Сейфаддин оглу Гандилов, Азербайжан диаспорасынын өкүлдөрү, акын-жазуучулар катышты. Онлайн байланышта ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы С.Раев, Азербайжандан Экбер Кошалы сүйлөп, куттуктоосун билдиришти. Г.Пашаева, Экбер Кошалы, Теране Вахид, Имдат Авшар ж.б. 12 автордун аңгемелерин кыргыз калемгерлери А.Исмаилов, Б.Сарыбаев, Ж.Турсунбаев, Ж.Качкынбаев, К.Умурзаковдор которгон.

Төрага Н.Калыбеков Азербайжан элчиси Г.Оруджев менен жолукту

КРнын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджев менен жолукту. Жолугушууда кыргыз-азербайжан акын-жазуучуларынын чыгармачылык алакасы тууралуу маектешти. Муну менен катар эле кыргыз акындары которгон Лейла Алиеванын китебинин бет ачарын март айынын башында Бишкекте өткөрүү боюнча талкуу болду. Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин кызы Лейла Алиеванын ырларын КР Эл акыны О.Султанов, А.Эгембердиева, А.Темировалар которгон жана 2020-жылы “Кудайдын үнүн уккум келет” деген ат менен жарык көргөн.