Абдыманап Көлбаев: Карачолок

Карачолок Бул аңгеме ит жөнүндө. Бул ит кыска өмүрүндө жүзгө жакын карышкыр тиштеген экен. Ал итти көргөн карышкырлар титиреп кача албай калчу дейт. Ал ит менен тикелеше алган бир гана карышкыр болуптур. Бүгүн бешинчи күн эле. Беш күндөн бери жигиттердин иши ордунан чыкпай, тиги өндүрдөгү айылга көз салышып, айла-амал издешет, канткенде ошол атагы таш жарган күлүктү уурдап чыгышат. Жигиттерди бийлеген ой ушул. Өндүрдүн жайык жерине чогуу койгон он-он беш түтүн үй, эки чоң боз үй гана четкерээк. Бул байдын үйлөрү. Айылдын четинде короо, анын так ортосунда тигилген дагы чоң боз толугу менен…..