Кубанычбек Басылбековдун чыгармачылык кечеси өттү

Бишкек шаардык мэриясынын Ардагерлер эс алуучу жайында акын, котормочу К.Басылбековдун 75 жылдыгына карата чыгармачылык кечеси болуп өттү. Кечеге КР Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Кадырбеков, КР Эл жазуучусу С.Жетимишов, акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү катышты. Бишкек шаардык мэриясынын “Ардагер” мекемесинин жетекчилиги тарабынан уюштурулуп, маданий программа менен коштолду. ЖК депутаты Н.Кадырбеков К.Басылбековдун котормочулугу жөнүндө сөз кылып, “Ыйман” фонду аркылуу котормочунун 2 китебин чыгарып бергендигин айтып, Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын жана акчалай сыйлык тапшырды. Чыгыш адабиятынын, дүйнөлүк адабияттын акындарынын чыгармаларын кыргыз окурмандарына тартуулап, өз өмүрүн котормочулукка арнап койгон К.Басылбеков соңку жылдары өз калемине таандык, толугу менен…..

Кубанычбек Басылбеков: Алыкул которгонбу же жазганбы?

Алыкул которгонбу же жазганбы? Алыкул жөнүндө көп эле сөз айтылып, китептер жазылып, мыкты чыгармаларга сыйлыктар ыйгарылууда. Бул албетте жакшы иш, муну менен сыймыктанса гана болот.Улуу акынды улуу деп, анын атын өчүрбөй кадырлап, баркташ биздин ыйык милдетибиз жана парзыбыз. Бирок, ошондой болгону менен менин өзүмдүн жеке оюмча бардыгы жакшы сүйлөп туурасын айтышып, чыгармачылык жолун изилдешкени менен эң орчундуу, айта турган Алыкулдун мыктылык жагын байкашпай, ал жөнүндө сөз козгошпой келишет. Мен, бул макалада акыныбыздын эч ким байкабаган, ак ишин актай көрсөтүп, өзүнүн анык ээлер ордуна коюп, болгонун болгондой айтып берүүнү чечтим. Улуу толугу менен…..

Акын, котормочу К.Басылбековдун “Туюктар” аттуу китеби жарык көрдү

Акын, котормочу, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Кубанычбек Басылбековдун “Туюктар” аттуу китеби жарык көрдү. Бул китеп К.Басылбековдун автордук алгачкы китеби. Буга чейин акындын 14 котормо китеби чыккан. Өмүрүн котормого арнаган акын чыгыш таасирлеринен улам “туюктарды” жаза баштаган. Туюктар – көп маанилүү бир сөздөн турган омонимдер менен жазылган ырлардын түрмөгү. Бул ыр түрмөктөрүн жазгандар XIV-XV кылымдардын ортосунда жашап өткөн өзбек элинин классик акындары Лутфи (1366-1466), Захиреддин Бабур (1483-1530), Алишер Навои (1441-1501), Юсуф Амири жана Атаи (XV к.), Мухаммед Риза Агахи (1809-1874), алардан кийин Хамза Хаким-заде Ниязи (1889-1929) болгон. Кыргыз поэзиясында буга толугу менен…..

Акын, журналист жана котормочу Кубанычбек Басылбековдун 70 жылдык мааракеси белгиленди

2019-жылдын 17-апрелинде белгилүү акын, журналист жана котормочу Кубанычбек Басылбековдун 70 жылдыгына арналган «Поэтикалык котормонун зергери» аттуу Республикалык илимий-тажрыйбалык конференция өттү. Конференцияны Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети биргеликте уюштурган. Иш-чараны профессор, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Андан соң Ж.Баласагын атындагы КУУнун мамлекеттик тил боюнча проректору С.Тиллебаев, КР Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Н.Кадырбеков, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов, Кыргызстандагы Кытай, Иран, Индия жана Тажик толугу менен…..