Кубанычбек Басылбековдун чыгармачылык кечеси өттү

Бишкек шаардык мэриясынын Ардагерлер эс алуучу жайында акын, котормочу К.Басылбековдун 75 жылдыгына карата чыгармачылык кечеси болуп өттү. Кечеге КР Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Кадырбеков, КР Эл жазуучусу С.Жетимишов, акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү катышты.

Бишкек шаардык мэриясынын “Ардагер” мекемесинин жетекчилиги тарабынан уюштурулуп, маданий программа менен коштолду.

ЖК депутаты Н.Кадырбеков К.Басылбековдун котормочулугу жөнүндө сөз кылып, “Ыйман” фонду аркылуу котормочунун 2 китебин чыгарып бергендигин айтып, Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын жана акчалай сыйлык тапшырды.

Чыгыш адабиятынын, дүйнөлүк адабияттын акындарынын чыгармаларын кыргыз окурмандарына тартуулап, өз өмүрүн котормочулукка арнап койгон К.Басылбеков соңку жылдары өз калемине таандык, “Туюктар”, “Сырдуу саптар” китебин окурмандарга тартуулап, кызуу талкуу жаратып келүүдө. Башкаларга окшобогон, кайталангыс бул ыр саптары менен кыргыз поэзиясына жаңылык киргизүүдө жана кыргыз тилинин бай тил экендигин даңазалоодо.