Жазуучулар союзунда жаңылануу

Алыстан келген делегаттар. Жылуу маанай, жагымдуу баарлашуу, жылмайган жүздөр, үмүттүү көздөр… Атаандаштык, ынтымак, шериктештик… Сагынычтар, чер жазуу, кубаныч… КР Улуттук жазуучулар союзунун XVI съезди жыйынтыкталды. КР Улуттук илимдер академиясында өткөн съездге республика боюнча 300гө жакын адабият өкүлдөрү келип катышты. Күн тартибинде каралган маселелер боюнча КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын отчету угулду. КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбековдун отчету: Урматтуу калемдештер жана мекендештер! Быйыл, апрель айында Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун уюшулгандыгына 90 жыл толду. Эң оболу, баарыңыздарды 90 жылдык маараке менен чын дилимден  куттуктайм. Ар бириңиздерге узун өмүр, чың ден толугу менен…..