Акын, котормочу К.Басылбековдун “Туюктар” аттуу китеби жарык көрдү

Акын, котормочу, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Кубанычбек Басылбековдун “Туюктар” аттуу китеби жарык көрдү. Бул китеп К.Басылбековдун автордук алгачкы китеби. Буга чейин акындын 14 котормо китеби чыккан. Өмүрүн котормого арнаган акын чыгыш таасирлеринен улам “туюктарды” жаза баштаган. Туюктар – көп маанилүү бир сөздөн турган омонимдер менен жазылган ырлардын түрмөгү. Бул ыр түрмөктөрүн жазгандар XIV-XV кылымдардын ортосунда жашап өткөн өзбек элинин классик акындары Лутфи (1366-1466), Захиреддин Бабур (1483-1530), Алишер Навои (1441-1501), Юсуф Амири жана Атаи (XV к.), Мухаммед Риза Агахи (1809-1874), алардан кийин Хамза Хаким-заде Ниязи (1889-1929) болгон. Кыргыз поэзиясында буга чейин бир да калемгер бул багытта ыр жазган эмес. К.Басылбеков алгачкылардан болуп кыргыз поэзиясына жаңылык киргизүүдө. Мындан тышкары автордун “Сырдуу саптар” түрмөгү да ушул китептен орун алган. Сырдуу саптар автордун жаңы эмгеги. Буга чейин поэзияда эч бир колдонулуп көрбөгөн табылга. Бул китеп окурмандарды кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз. Бул китепке кызыккандар 20-май күнү саат 14:00дө Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өтө турган китептин бет ачарына келип күбө болуп, автордун кол тамгасы менен алып кетсеңиздер болот.

Туюктар

Торгой сайрап, жер көгөрүп келди – жаз,

Аны тосуп, ага арнап ырды жаз.

Жаштык барда жетип анын баркына,

Гүлдөй жайнап, ойноп-күлүп черди жаз!

*****

Курт-кумурска, айбанаттар, куштар да,

көрүшпөсө, көрүшүүгө куштар да!

Адам гана сүйөт деген жарабас…

Сүйүү кантип болбой койсун куштарда?!

*****

Сен – мен үчүн – кереметтүү жаздайсың,

Келгенимде эрип кете жаздайсың.

Аруу сезим төшөгүңө жаткырып,

Башыма сен – жүрөгүңдү жаздайсың.

*****

Базардан көрдүм кечээ козулуу кой,

Сурадым: – Канча турат, түз баасын кой!

Айтканда, күлүп ийип – Рахмат!- дедим,

жоругуң жолдо калсын, тимеле кой!

Сырдуу саптар

Эки ырда окуганда көз көрбөс,

билинбеген толгон токой сыр жатат.

Окуганда мааниси эч өзгөрбөс,

Ар биринде ондон ашык ыр жатат. 

*****

Коргосун жаныңызды, ишти ондоп,

Жараткан кубат берип колуңузга.

Болбосун тоскоолдуктар, Кыдыр колдоп,

Бараткан сиздин шыдыр жолуңузда.

*****

Берекем, кабыл болсун берген батам,

Каалашат аны сага баары бирдей.

Энекең алпештеген жана атаң,

Самашат жүрүшүңдү кайгы билбей.

Урматтуу окурмандар, ушул эки ырдын 10 багытта окулушун таап, биринчилерден болуп жазып жөнөткөн 3 адамга автордун “Туюктар” китебин кол тамгасы менен белек кылабыз.

Тапкандар adabiyat.kg@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүңүздөр. Байланыш тел.: 0708502880