Акын, журналист жана котормочу Кубанычбек Басылбековдун 70 жылдык мааракеси белгиленди

2019-жылдын 17-апрелинде белгилүү акын, журналист жана котормочу Кубанычбек Басылбековдун 70 жылдыгына арналган «Поэтикалык котормонун зергери» аттуу Республикалык илимий-тажрыйбалык конференция өттү. Конференцияны Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети биргеликте уюштурган.

Иш-чараны профессор, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Андан соң Ж.Баласагын атындагы КУУнун мамлекеттик тил боюнча проректору С.Тиллебаев, КР Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Н.Кадырбеков, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов, Кыргызстандагы Кытай, Иран, Индия жана Тажик республикаларынын элчиликтеринин өкүлдөрү, Чүй областтык мамлекеттик администрациясынын жана Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү К.Басылбековдун адабияттагы, өзгөчө котормодогу опол тоодой эмгегин баса белгилөө менен, 70 жылдык мааракесине карата куттук айтышты. Ошондой эле, К.Басылбековдун бир канча жылдан берки өтөгөн эмгектерин эске алуу менен Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси жана Улуттук Жазуучулар союзунун сыйлыгы тапшырылды

Конференциянын жүрүшүндө “Жаңы толкун” адабий клубунун таланттары жана КУУнун студенттери К.Басылбековдун котормосундагы даңазалуу акындардын ырларын көркөм окуп, соңунда акындын сөзүнө жазылган обондуу ырлар аткарылды.