Акын, драматург Кубанычбек Маликовго 110 жыл

Бүгүн (Россотрудничество) Россиянын илим жана маданият борборунда акын, драматург Кубанычбек Маликовдун 110 жылдыгына арналган “К.Маликов жана учур адабияты” аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Ага КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, ф.и.д. К.Абакиров, ф.и.д. профессор К.Мамбеталиев, О.Ибраимов, Б.Койчиев, уул-кыздары К.Маликов, К.Маликовалар катышты. Н.Исанов атындагы КМКТАУнун студенттери ырларын көркөм окуп беришти. Акын, драматург Кубанычбек Иманалиевич Маликов 1911 – жылы 16-сентябрда Чүй өрөөнүндөгү азыркы Ысык-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылында туулган. Кубанычбек Маликов адабият майданына жыйырманчы жылдардын акырында келип кошулган. 1928-жылы анын “Жазгы талаа” деген ыры “Эркин Тоо” газетасына басылат. Буга удаа эле “Курбулардын арманы”, толугу менен…..

С.Эралиевдин 90 жылдыгынан архив

Мындан туура 10 жыл мурун Чыгармачыл жаштардын республикалык “Нурборбор” бирикмеси (азыркы академия) КТРКнын колдоосу менен, концерттик студиясында КР Баатыры С.Эралиевдин 90 жылдыгына карата чыгармачылык кечесин уюштурган элек. Бүгүн 100 жылдыгы белгиленип жатат. Кечени көрөрмандардын назарына дагы бир ирет сунуштап коюуну туура көрдүк.

КР Баатыры С.Эралиевдин 100 жылдыгы белгиленет

2021-жылдын 15-октябрында саат 14:00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өтөт. Келип катышып кетиңиздер.

Кадыркул Даутов – Кыргыз адабиятынын Толубай сынчысы

Бүгүн Ала-Арча көрүстөнүндө КР Эл жазуучусу, адабий сынчы, профессор Кадыркул Даутовдун эстелиги ачылды. Ага КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, акын-жазуучулар, адабиятчылар, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эмгек жамааты жана студенттер катышты. Эстеликтин ачылышында сөз сүйлөгөн адабиятчылар сынчы Кадыркул Даутовго “Кыргыз адабиятынын Толубай сынчысы” деген ат так, таамай берилгенин баса белгилешти. Адамдык сапаты бийик, калыс, чындыкты сүйгөн сынчы чынында эле эч кимден коркпой, тайманбай, тайсалдабай пикирин ачык айтып, адабияттын кандай гана залкар өкүлү болбосун, бардыгына “тиш салган” бирден-бир көрүнүктүү адабиятчы, сынчы эле деген баасын беришти. Кадыркул Даутовдун таш эстелигин үй-бүлөсү, толугу менен…..

Акын Алымкан Дегенбаева 80 жашта

КР Улуттук жазуучулар союзу менен А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасы акын, котормочу, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Алымкан Дегенбаеваны 80 жылдыгы менен куттуктап, автор менен жолугушуу уюштуруу. Аталган китепкананын Ч.Айтматов залында өткөн жолугушууга КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов, кыргыз эл акын-жазуучулары, замандаштары, күйөрмандары жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери катышты. Жолугушуу кечеге КРУЖС поэзия секциясынын башчысы, акын, ф.и.д. А.Эгембердиева модераторлук кылып, келген меймандар А.Дегенбаеванын чыгармачылыгы боюнча кеңири сөз кылышты. Өз сөзүндө К.Кадыракунов авторду 80 жылдык мааракеси менен куттуктап, адабиятка сиңирген көп жылдык эмгеги үчүн КР Улуттук толугу менен…..

КР Баатыры Сүйүнбай Эралиевдин мемориалдык тактасы орнотулду

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин мемориалдык тактасы өзү жашаган үйгө орнотулду. Ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, КР Эл жазуучулары Ө.Даникеев, М.Абакиров, КР Эл акыны А.Өмүрканов ж.б. акын-жазуучулар, маданият ишмерлери катышты. КР Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Сүйүнбай Эралиев 1921-жылдын 15-октябрында Талас облусунун Үч-Эмчек айылында жарыкка келген. Сүйүнбай Эралиев чыгармачылык ишин Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында баштаган. Согушта жарадар болуп, 1944-жылы армиядан кайтып келгенден кийин ал “Сталиндик жеңиш”, Талас толугу менен…..

Антон Чехов: Мыйзамсыздык

Мыйзамсыздык Колледждик асессор Мигуев кеч курун сейилдемекке көчө бойлой басып келе жатып телеграфтык мамынын жанына токтоп, терең үшкүргөн болду. Бир апта мурда ал кечки сейилдөөдөн үйүн көздөй кайтып келе жатып, дал мына ушул жерге келгенинде артынан мурдагы үй кызматчысы Агния жете келип, сөөмөйүн кезей мындай деген: Сениби, сени шашпа! Кудай албаган аңги десе! Бейкүнөө кыздардын көз жашын төккөн кандай болоорун мен сага жакында көрсөтөм. Эшигиңдин алдына бала таштап кетем, сотко чейин жетем, керек болсо, ар кайсы этектин артынан сая түшкөн катынпоз экениңди катыныңа дагы айтам… Ошентип Агния түз эле банкка толугу менен…..

Динара Асакеева: Касым Тыныстановдун чыгармачылык тагдыры жана трагедиясы

Касым Тыныстановдун чыгармачылык тагдыры жана трагедиясы Касым Тыныстанов поэзия, чыгармачылык табит дегенди замандаш акындарына караганда жакшы өздөштүрүп, мезгилинен озгон инсан катары чакырыкчыл маанайындагы лозунгдук поэзиядан эрте алыстап, агитациялык поэзияны башка нукка бурууга күчү жеткен. Мына ушундай өзгөчөлүгүнө жараша анын поэзиясы – окурмандардын сүйүүсүнө арзып, өзүнө тартып турган дараметтүү поэзияга айланып, бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготкон жок. Экинчиден, ырларынын мыкты чыгышына орус тилин билип, классик орус акындары менен тааныш болгондугу, илимий жактан даярдыгынын бардыгы, адабий эрудицияга ээ экендиги, эстетикалык табитинин бийиктиги себеп болгон. Элинин келечеги бүдөмүк болуп тургандыгын сезип-туюп, өлкөнүн келечегине толугу менен…..

Беганас Сартов: Эридиана (фантастика)

Күн тийбес тоолордун сыры I глава Эмне, тиричилик Жерде кечээ эле башталыптырбы? Жок! Аалам чоң жана чексиз. Анын сыры белгисиз бойдон өзүнүн Колумбдарын зарыга күтүп жатат. Алар эртеңки сен жана мен… Ооба – Биз. Биз дегенде – дегеле адам түспөлүндөгү акыл-эстин ээсин эске алганыбыз абзелдир. Анткени, биз – адамдар пендечилик кылып көп нерсени элес албайт эмеспизби. Ал эми тирүүлүктө жөпжөнөкөй эле төмөндөгүдөй окуялар боло берерин кимдер гана баамдаган экен? БЕКТАШ. Эридиана – III …Жоомарт өзүнүн сөзү өтпөгөнгө катуу ыза болуп, кызууланып ордунан тура калды: –Ой, деги айтсаң боло, эмне үчүн толугу менен…..

Антиконтрафакт 2021

2021-жылдын 8-октябрында саат 14:00дө Кыргызпатент Ош мамлекеттик университетинин жыйындар залында контрафакттык продукцияларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет көрүү боюнча тегерек стол өткөрөт. Тегерек столдо автордук укук жана чектеш укуктарды, товардык белгилерди укуктук коргоо, инновациялар экосистемасын өнүктүрүү маселелери талкууланат. Иш-чарага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жогорку окуу жайлардын, бизнес коомчулуктун жана чыгармачылык бирикмелердин өкүлдөрү катышат. Байланыш: 0(555) 778 120, Ырыс Турсуналиева