Кадыркул Даутов – Кыргыз адабиятынын Толубай сынчысы

Бүгүн Ала-Арча көрүстөнүндө КР Эл жазуучусу, адабий сынчы, профессор Кадыркул Даутовдун эстелиги ачылды. Ага КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, акын-жазуучулар, адабиятчылар, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эмгек жамааты жана студенттер катышты. Эстеликтин ачылышында сөз сүйлөгөн адабиятчылар сынчы Кадыркул Даутовго “Кыргыз адабиятынын Толубай сынчысы” деген ат так, таамай берилгенин баса белгилешти. Адамдык сапаты бийик, калыс, чындыкты сүйгөн сынчы чынында эле эч кимден коркпой, тайманбай, тайсалдабай пикирин ачык айтып, адабияттын кандай гана залкар өкүлү болбосун, бардыгына “тиш салган” бирден-бир көрүнүктүү адабиятчы, сынчы эле деген баасын беришти. Кадыркул Даутовдун таш эстелигин үй-бүлөсү, толугу менен…..

Адабиятчы, сынчы Кадыркул Даутов дүйнөдөн өттү

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады. Кыргыз эл жазуучусу, белгилүү адабиятчы, сынчы, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору Кадыркул Даутов 28-июлда узакка созулган оорудан улам 80 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Кадыркул Даутов 1940-жылы 10-сентябрда Алай районунун Үч-Төбө айылында туулган. 1961-жылы Токмок шаарындагы республикалык маданий агартуу окуу жайын, 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1970-1973-жылдары СССР Илимдер академиясынын М.Горький атындагы бүткүл дүйнөлүк адабият институтунун аспирантурасында окуган. 1973-жылы филология илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган. 1973-жылы КСЭнин адабият жана искусство редакциясынын жетекчиси, 1974-1975-жылдары Кыргыз илимдер академиясынын толугу менен…..