Антон Чехов: Кутучадагы адам

Кутучадагы адам Аңчылыктан кайтып келе жатышкан мергенчилер Мироносицкий айылынын четинде жайгашкан ыстарчын Прокофийдин сарайын түнкү башпаанек катары тандап алышты. Алар экөө болчу: бири – мал доктур Иван Иваныч, экинчиси – гимназия мугалими Буркин. Иван Иванычтын фамилиясы өтө таң калычтуу жана – Чимша-Гималайский деген эки ысымдын айкалышынан туруп, өзүнө таптакыр ылайык келбегендиктен губерниядагылардын бардыгы аны жөн гана ысмынан жана атасынан атынан чакырыша турган; ал шаардын жанындагы атканага жакын жерде жашачу жана аң уулоого жөн гана таза аба менен дем алуу үчүн келген. Ал эми гимназия мугалими Буркин болсо, жыл сайын жай толугу менен…..

Чыныбай Турсунбековду эскерүү кечеси өттү

Бүгүн А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук Опера жана балет театрында КР ЖК мурдагы төрагасы, депутат, мамлекеттик жана коомдук ишмер, акын, котормочу Чыныбай Турсунбековдун жаркын элесине арналган “Жылдыздуу жээк” аттуу поэзия кечеси болуп өттү. Ага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, саясатчылар, акын-жазуучулар, жалпы окурмандар катышты. Ч.Турсунбековдун калемдештери анын акындык, котормочулук таланты жөнүндө кеңири кеп кылышса, кесиптештери саясаттагы орду тууралуу айтышты. Чындыкты дос туткан калемгер саясатчынын адамгерчилиги, достук мамилеси, мекенге болгон ак кызматы ар бир адамдын жүрөгүндө сакталат. Акындын чыгармаларын Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттери  сахналаштырып, көрүүчүлөргө тартуулашты.

Мукагали Макатаев: Сыйын маган, Эй, өмүр, сыйын маган, Сыйыңды алам мен сенин буюрбаган!

Музага Отурганын карачы эргүүм келбей, Кайда кеттиң? О, Муза! Куюн желдей. Оозумду ачсам өпкөмдөн жел үңүлдөп, Каңгыраган ээсиз тегирмендей. Муздатат жанымды ээ-жаа бербей. Жел үңүлдөйт, желпинип, керип көөдөн, Эргүүм келбей отурам эмнеге мен?! О, Муза! Кайдасың сен ээликтирген? Жалын менен отко гана эрк берген, Шеригим, кайдасың сен, мен ишенген? Дептер жатат барагы ачыла албай, Ачылбастан чын эле калганыбы-ай! Ойлор жатат эңсемди бир көтөртпөй, Тонна-тонна коргошун салмагындай. О, Муза! Убарага мынчалык салганың-ай! Үмүттөнүп күтөмүн сенден жигер, Берээр болсоң, бийиктик, тереңдик бер! О, Муза! Маган узак жолуңду бер! Кайыптан кел да, мени толугу менен…..

Антон Чехов: Айлакер

Айлакер Кеч курун эки дос Невский проспектиси менен өткөн-кеткен тууралуу кобурашып келе жатышты. Анда-мында үйдүн морлору менен чиркөөнүн төбөсүндөгү ача темирлер кылтыйып уясына батып бара жаткан күн нурларына жылтырайт. Аба жаз жыттанат…. -Өлбөгөн жанга жаз келет! – деген ушул деди достордун бири экинчисин колдон алып. –Келбей кара жерге кирсин!-деди беркиниси. Жаз айынын неси жакшы, жердин бары баткак, өпкөсүнөн кагынып жөтөлгөн эле адамдар. Анан калса, дача ижарага алуу керек… анын бары акча… Сен Павел Иваныч, элеттик болгондуктан, албетте муну түшүнбөйсүң. Силер, элеттиктер дегеним, кайсы бир жазуучу белгилеп кеткендей жер астын-үстүн болуп толугу менен…..

Ч.Турсунбековдун жаркын элесине арналган “Жылдыздуу жээк” аттуу адабий кече өтөт

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагасы, депутат, мамлекеттик жана коомдук ишмер, акын, котормочу  Чыныбай Турсунбековдун жаркын элесине арналган “Жылдыздуу жээк” аттуу адабий кече өтөт. Ч.Турсунбековдун чыгармачылык мурасын түбөлүккө калтыруу максатында уюштурулуп жаткан адабий кече 2021-жылдын 23-октябрында А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында саат 09:30 да башталат. Бул кечеде автордун “Жылдыздуу жээк” ырлар жыйнагы, “Мен дүйнөгө баланын көзү менен карайм” аттуу эскерүү китептеринин бет ачары болот. Ошондой эле сүрөт көргөзмөсү коюлуп, театрлаштырылган концерттик программа коштойт.

Ырысбай Абдыраимов: Жугуштуу дарт

Жугуштуу дарт (аңгеме) Терезе-каалгасы күн чыгышты караган дарылоо мекемесинин маңдайына жеткиче орто бойлуу, кызыл жүздүү киши кыңк эткен жок. Ал өзүнөн мурда ыргып түшүп, машинанын алдыңкы каалгасын ачып, жан-жагынан сүйөгөн катчысына алдан тайгандай бой таштады. Күн кызып, теребел үп тартып, ыраңындай кара күрмөгө чүмкөнүп, эт-бетинен тер куюлуп атса да, ооз-мурунун жүндүү моюн орогучу менен кымтыланып алган. Кеңсесине баратканда алдынан чыккандарга салам айтуу, же алардын саламына кур дегенде баш ийкеп да койбой, урушкан душманынан бетер сүзө качырып өткөндөгүдөй түр менен ооруканага баш бакса, ойлогон оюнун мүдөөсүнөн чыкпай калаарын сезип, карп-курп учураган толугу менен…..

Ризван Исмаилова: Б.Усубалиев – мүнөз, тип жана типтештирүүнүн чебери

Б.Усубалиев – мүнөз, тип жана типтештирүүнүн чебери (Жазуучунун “Бетинде меңи бар апа жана бети кызыл апа” аттуу повестин окугандан кийинки ойлор) Талантуу жазуучу Бейшебай Усубалиев улуттук адабиятыбызда проза жанрындагы негизги компоненттер; мүнөз, тип жана образ түзүү жагынан өзгөчө шыктуу калемгер. Адабият талдоочулар “көркөм адабият-мүнөздөрдү түзүүнүн өнөрү” деп эсептешкендей, адабий мүнөздөрсүз көркөм образ жаратуунун кажети деле жок. Көркөм чыгарманын башкы критерийлери образдуулук менен көркөмдүк жашоо-турмушту чагылдыруунун өзгөчө ыгы катары автордун дареметин, калемгерлик шыгын, талантын таразалап турат. Б.Усубалиевдин чыгармаларын окуганда, кейипкерлер турган турпаты менен турмуштун өзүнөн көчүрүп келгендей таасир калтырат. Мурдагы бир толугу менен…..

Ырысбай Абдыраимов: Мурас

Мурас (аңгеме) Тээ төмөнтөн калдайган кара булут жылып келатты. Күн бүркөк, айлана түнөрүңкү. Адегенде дыбырай баштаган жамгыр бара-бара катуулап, шатырата жаап, бир саамдан соң, өктөөсү бар немедей жерди сабап кирди. Эки кабаттуу үйдүн бир бөлмөсүндө бешик терметип олтурган Жанымбү сырттагы шоокумга кулак түрдү. Көз алдына нөшөрлүү жаанга туш болуп, үшүп турган ай чырайлуу келини Динаранын элеси тартылды. Анын аба ырайы менен иши жок, жумушка эртең менен үлбүрөгөн жука көйнөкчөн кеткенин эстеп, ичинен көй-көй тартты. Алар эски үйдө турат. Кемпирдин уулу жаңы үй курганга акча таап келүү үчүн чет өлкөгө иштегени толугу менен…..

Некролог

Некролог Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады. КР Эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Майрамкан Абылкасымова 84 жаш курагында дүйнө салды. Майрамкан Абылкасымова 1936-жылы 7-ноябрда Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында туулган. 1953-жылы Фрунзе педагогикалык окуу жайын, 1958-жылы В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн. 1962-жылга чейин Ош шаарындагы облустук “Ленин жолу” гезитинде жана Ош педагогика институтунда иштеген. “Ала Тоо” журналында адабий кызматкер, “Поэзия” бөлүмүнүн башчысы (1960-1991-жж.), “Аялзат” гезитинде Башкы редактор, Кыргызстан жазуучулар союзунун Ысык-Көл облусу боюнча адабий консультанты болгон. 1995-жылдан “Курманжан датка” фондунун төрагасынын кеңешчиси. Алгачкы ырлары 1952-жылдан толугу менен…..

КР Баатыры С.Эралиевдин 100 жылдыгы белгиленди

А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында КР Баатыры, КР Эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдыгы белгиленди. Мааракелик иш-чарага КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А.Жаманкулов, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, акын-жазуучулар, адабиятчылар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окурмандар катышты. Министр А.Жаманкулов акындын китептерин чыгаруу жана С.Эралиев атындагы сыйлык уюштуруу керек экендигин айтып, муну иш жүзүнө ашырууга министрлик жоопкерчилик аларын кошумчалады. Адабиятчылар, калемдеш, шакирттери акындын чыгармачылыгы тууралуу кеңири сөз кылышты. Салтанаттуу иш-чараны Бишкек шаарынын Мэриясынын “Эл аспаптар” оркестри, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын хору, солисттери толугу менен…..