“5 акын” теледолбоору жыйынтыкталат

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип уюштуруп жаткан “Беш акын” теледолбоорунун бешинчи айлампасы жана жыйынтыктоо аземи 7-декабрь күнү КТРКнын концерттик студиясында өтөт. Жыл бою өткөрүлүп келген теледолбоордун соңку катышуучулары 30 жашка чейинки калемгерлер, алар – Акжол Доранбек уулу, Жакшылык Дүйшөнбек уулу, Кадырбек Аблабеков, Болот Мамбетисаев жана Замир Орозбай уулу. Кече саат 13:00дө башталат. Бардык күйөрмандар үчүн эшик ачык. Жаш таланттарга жандуу күйөрман болууга чакырабыз. КРУЖС, ТҮРКСОЙ, КТРК

С.Эралиевдин 90 жылдыгынан архив

Мындан туура 10 жыл мурун Чыгармачыл жаштардын республикалык “Нурборбор” бирикмеси (азыркы академия) КТРКнын колдоосу менен, концерттик студиясында КР Баатыры С.Эралиевдин 90 жылдыгына карата чыгармачылык кечесин уюштурган элек. Бүгүн 100 жылдыгы белгиленип жатат. Кечени көрөрмандардын назарына дагы бир ирет сунуштап коюуну туура көрдүк.

“Беш акын” теледолбоорунун экинчи жеңүүчүсү аныкталды

КР Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы тарабынан уюштурулган “5 акын” теледолбоорунун 2-көрсөтүүсү жыйынтыкталды. Долбоорго катышкан беш акындын ичинен калыстар тобунун чечими менен акын, журналист Атахан Кожогулов жеңүүчү болду. Катышуучуларга беш талап коюлган: 1. Эки ырын көркөм окуп берүү, 2. Автордун калемине таандык обондуу ыр аткаруу, 3. Түрк тилдүү элдердин акындарынын биринин ырын тапшырма боюнча которуп келүү, 4. акындыктан тышкары таланты менен тааныштыруу, 5. КРУЖС тарабынан даярдалган суроолорго жооп берүү жана эч жерде жарыяланбаган жаңы ырын окуу. Бул жолку көрсөтүүдө толугу менен…..

“5 акын” теледолбооруна жандуу күйөрман болуңуздар

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип “Беш акын” теледолбоорунун экинчи көсөтүүсүн эфирге алып чыгат. “Беш акын” теледолбоору – жазма акындардын жарышы. Теледолбоордун бул жолку кечесине акындар – Атахан Кожогулов, Нуркан Койчуманова, Мейликан Тайполотова, Абдижалил Бетегеев жана Динар Мамбетакунова катышат. Кече коомдук телерадиоберүү корпорациясынын концерттик залында 2021-жылдын 11-майында саат 15:00дө башталат. Келип, адабий-музыкалуу кеченин күйөрманы болуңуз. ТҮРКСОЙ, КРУЖС, КТРК

“5 акын” долбоору кайрадан уланат

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип “5 акын” долбоорун кайрадан эфирге алып чыгат. Бул боюнча бүгүн төрага Н.Калыбеков, Кыргызстандын “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюмундагы өкүлү К.Култегин, КТРК Башкы директору Б.Алиевдер жолугуп сүйлөштү жана долбоорду жүзөгө ашыруу боюнча түзүлгөн үч тараптуу келишимге кол коюшту. Буга чейин 2 ирет өткөрүлүп, көрөрмандардын купулуна толгон долбоор жакынкы аралыкта кайрадан жанданат.