Акын, жазуучу Эркалы Өскөналиев дүйнө салды

Кыргыз адабияты жоготууга учурады. КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Эркалы Өскөналы 63 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Маркум бүгүн түштөн кийин Ак-Ордо конушунда акыркы сапарга узатылат. Белгилүү акын, жазуучу жана журналист Эркалы Өскөналы 1958-жылы Жумгал районунун Кабак айылында туулган. 1980-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. Эмгек жолун Жумгал райондук «Демилге» гезитинин редакциясында кабарчы болуудан баштаган. 1982-1985-жж. Компартиянын Жумгал райкомунун идеология бөлүмүндө инструктор болгон. 1985-1987-жж. Советтик Армияда рота командиринин саясий иштер боюнча орун басары катары кызматын өтөгөн. 1987-1990-жж. Компартиянын Жумгал райкомунун уюштуруу бөлүмүндө инструктор болгон. 1990-1992-жж. Жумгал райондук «Демилге» гезитинин толугу менен…..