Антон Чехов: Мыйзамсыздык

Мыйзамсыздык

Колледждик асессор Мигуев кеч курун сейилдемекке көчө бойлой басып келе жатып телеграфтык мамынын жанына токтоп, терең үшкүргөн болду. Бир апта мурда ал кечки сейилдөөдөн үйүн көздөй кайтып келе жатып, дал мына ушул жерге келгенинде артынан мурдагы үй кызматчысы Агния жете келип, сөөмөйүн кезей мындай деген:

Сениби, сени шашпа! Кудай албаган аңги десе! Бейкүнөө кыздардын көз жашын төккөн кандай болоорун мен сага жакында көрсөтөм. Эшигиңдин алдына бала таштап кетем, сотко чейин жетем, керек болсо, ар кайсы этектин артынан сая түшкөн катынпоз экениңди катыныңа дагы айтам…

Ошентип Агния түз эле банкка алыш-бериш эсебин ачтырып, өз атына 5 миң рубль салуусун талап эткен. Мигуев мына ушуну эстээр замат дагы бир ирет үшкүрүп алды да, болор-болбос убакытка созулган көңүл ачууга азгырылып, кайдагы бир балээге кабылгандыгын ойлоп, өзүн-өзү жемелеп алды.

Саат туура тогуз болгондо ал дачасына жетип, демин токтотуп бир аз отура туруу максатында кире бериштеги тепкичке көчүк басты да, көктөгү булуттардын арасынан бирде көрүнүп, бирде көрүнбөй калып жаткан айды кош көңүл карап койду. Өзүнөн башка кыбыр эткен жан көрүнбөйт: кары-картаңдар эс алмакка эбак эле жатып алган болсо, жаштар оюн курмакка өзөн жээгине кетишкен. Бир пастан кийин ал тамеки күйгүзмөккө чөнтөктөрүн аңтарып-теңтерип жатып, чыканагы жумшак бир нерсеге уруна түшкөнүнөн улам оң жагын бурулуп карап, жылан көргөндөй селт этип чочуп кетти. Босогодо кандайдыр бир түйүнчөк жатты. Жакшылап карап көрсө сүйрү бир нерсе оролуп коюлгандай. Түйүнчөктүн ачык турган учуна асессор колун салып көрүп, ошол замат колго түшүп, анан эптеп качып кутулууну көздөгөн кылмышкер сыяктуу секирип туруп, жан-жагын элеңдей карады да:

-Иттики десе, акыры таштаган экен!-деп жиберди.

–Мына сага… мына мыйзамсыздык деген! Эр болсоң эми бир нерсе деп көр!

Капысынан боло калган бул окуяга ал кандай айла табаарын билбей дал болду. Бир эле учурда жети өмүрү жерге кирип уялып, бир эле мезгилде жаалы бетине чыгып, туталанып кетти… Эми эмне кылат? Аялы укса эмне дейт? Чогуу иштешкендерчи? Ал эми начальнигичи?

Начальниги аны курсак тушка эркелете чапкылап, мурдун чүйрүп, мыйыгынан жылмаят да, «Куттуктайм… Хе-хе-хе… Эрди кудай ураарда элүүсүндө жаш болот!»-деген ушул… Азаматсың, Семен Эрастович! Сенден көп нерсени күтүүгө болот –дейт. Айтса, айтпаса төгүнбү? Дал ошондой болот. Эртең эле бүтүндөй айыл уу-дуу болот, айыл эмне болуптур, бүтүндөй Россияга аңыз кеп тарайт эмеспи. Азыр таштанды балдар туурасында ар бир гезит жазат. Ошентип, Мигуевдин эл караган бети – жер карайт…

Үйдүн ортоңку терезеси ачык болгондуктан ичкериде Мигуевдин аялы Анна Филиповна столго идиш-аяктарды коюп, адаттагысындай эле кечки тамакка даярдык көрүп жаткандыгы даана угулуп жатты; ал эми короочу Ермолай балалайкасында кол ойнотуп, бир нерсе туурасында кыңылдап ырдамыш этет… Мына, ушул азыр ымыркай ойгонуп кетип, «ы-ң-аа» деп үн катты дегиче иштин бүткөнү. Муну ойлоору менен Мигуев карбаластай түштү да:

-Тезирээк, тезирээк… – деп өзүнчө сүйлөнүп жатты. –Эч ким көрө электе башка бир үйдүн короосуна таштоо керек…

Мигуев түйүнчөктү бир колуна алды алды, ууру мышыкчасынан жыла басып, көчөгө чыкты…

«Ой тобо, ушундай да болот экен ээ?! – Колледждик асессордун колуна бала көтөрүп бара жатканын ким көрүптүр? Дагы жакшы, көчөдө эч ким жок. Кудай уруп, бирөө жарым көрдү дегиче, иштин бүткөнү… Кой, тезинен мына бул короого таштайын-деп ойлоду да, ошол замат эки анжы боло түштү. –Жок, коё тур, бул үйдүн терезелери ачык экен, балким кимдир-бирөө көз салып тургандыр. Кайда алып барып таштасам экен? А баса, көпөс Мелкиндин дачасына таштайын… Көпөстөр бай жана боорукер эл болот эмеспи; балким, асырап алышаар да, кудайга миң мертебе рахмат айтышаар?».

Ошентип, көпөстүн дачасы четки көчөдө экендигине, ал тургай өзөндүн боюнда экендигине карабай Мигуев баланы сөзсүз түрдө Мелкиндин короосуна таштамай болду.

«Болду, чечилди. Мелкиндин короосуна таштайм. Жеткиче бакырып ыйлап жибербесе эле болду. Чын-чынына келгенде бул деле тирүү адам да. Мен болсо, бул байкушту баштыктай кылып колтугума кысып алып…

Болуптур, – деди ал ичинен, Мелкиндер багып алсын дейли. Жылдар өтүп, баладан белгилүү бир, айталы, профессор, кол башчы, же жазуучу чыкса…». «Бешиктеги баланын бек болорун ким билет»-демекчи, мына минтип, керектен чыккан буюмдай кылып, колтугуңа кысып алып бирөөнүн короосуна таштап, анан 30-40 жылдан кийин, – «Улуу урматтуум!»-деп алдында башың жерге тийгенче ийилип, көшөкөрлөнүп турсаң…».

Мигуев дубал бойлой, теректери дүкүйгөн тар көчөгө жеткенде өзүн кандайдыр бир кечирилгис, оор кылмышка бара жаткандай оңтойсуз сезди да, – «Айтса-айтпаса төгүнбү, чыны менен эле бул барып турган наадандык эмей эмне?!»-деп ойлоду. Ооба, мындан өткөн наадандык жок болуу керек… Эмне үчүн бул ымыркайды бир короодон экинчи бир короого алып барып таштоо керек? Күнөөсү  кайсы? Акмакпыз да, акмак… Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп… Болуптур, мен муну Мелкиндикине алып барып таштайын. Мелкин бала кылып багып алса бир жөн. Агерим, балдар үйүнө алып барып таштаса, кандай болот? Ал жерде бардыгы чоочун, бардыгы жат… Чекеден сылаган киши жок… Чоңойгондо ашып кетсе өтүкчү болот… аракка берилип, оозунан ак ит кирип, кара ит чыгат. Ачкалыктын азабын тартат дегендей… Өтүкчү болчу балабы эмне? Бул деген колледждик асессордун баласы, ата-теги бекер кишилер эмес… Анан калса, түздөн-түз менин тукумум…»

Мигуев дарактардын көлөкөсүнөн айдын нуру төгүлгөн жолго чыкты да, түйүнчөктү чечип, ымыркайга тигилди:

-Уктап жатат-деди үнүн акырын чыгарып. – Тигини-тигини… Мурду коңкоюп, кудум эле атасынын мурдундай тура… Атасы элжиреп тиктеп турганын туйбай уктап жатканын кара… Мм… Кечирип кой, садага… Бу турмушуң түшкүр, өзүнчө эле драма окшобойбу… Ким билиптир… Андыктан кечир, демек маңдайыңа ушундай жазылса керек…

Колледждик ассесор көзүн ирмеп жиберип, жаагы ылдый бир нерсе жылмышып бара жатканын баамдады… Колундагы ымыркай баланы кымтылап жаап, кайрадан колтугуна кысып, жолун улантты. Мелкиндин дачасына бараткан жолдо башына ар кандай социалдык суроолор келди. Адамдык ариети ойгонуп, ар-намысы бетин чымыратып жатты.

«Эгерде менде адамдык сапат болгондо,-деп ойлоду ал, – эл эмне дейт? – деп элеңдебей, мына бул ымыркайды көтөрүп алып түз эле Анна Филипповнага бармакмын да, чөк түшүп тизелеп отуруп алып: «Кечир, бай болгур! Иттик менден кетти! Эмне кылсаң ошо кыл, кааласаң үйдөн кууп чык, бирок мына бу ымыркайды көчөгө таштап салганыбыз болбос. Кудай бизге баладан айткан жок; баланы асырап алалы!»-демекмин. Канча кылган менен ак көңүл неме каршы болмок эмес… Ошентип өз балам өзүмдө калмак… Эх!»

Ал Мелкиндин дачасына жеткенде токтоп калды… Залда гезит окуп отурганын, мурду кырдач наристе бала халатынын өңүрүн тарткылап ойноп жаткандыгын элестетти; ошол эле учурда көз алдына мыйыгынан жылмайып бири-бирин сырдуу тиктешкен кызматташтары менен, мурдун чүйрүп, курсакка чапкылап жаткан улуу урматтуусунун элеси тартылды. Бирок, мына ушул оңтойсуз абалда калуу коркунучуна каршы жүрөгүндө кандайдыр бир башкача, аялуу сезим ойгонуп кеткендей болду…

Колледждик асессор ымыркай баланы этияттык менен террассанын тепкичине койду да, колун шилтеди. Дал ушул учурда жаагы ылдый кайрадан бир нерсе жылып бара жаткандай болду…

-Кечир, тууган, кечирип кой мендей нааданды! – деди ал күңкүлдөп. –Не кыл дейсиң. Башка ылаажы жок!

Ал артын көздөй бурулуп, бир кадам алга таштады да, бирок кандайдыр бир чечкиндүүлүк менен мындай деди:

-Э, эл эмне десе, ошо десин! Дебей жүрдү беле?! Баланы таштаганым жарабас!

Мигуев кайра артына кайрылып баланы колуна алды да, үйүн көздөй ашыгып жөнөдү.

«Ооба, эмне десе, ошо дешсин! – деп ойлоду ал.

–Азыр үйгө барам да, мындай дейм: «Анна Филипповна!». Канткен менен ак көңүл эмеспи, түшүнөт… Анан асырап алабыз… Эркек болсо, атын – Владимир, кыз болсо Анна деп коёбуз. Карыганда эрмек болот…».

Ошентип, ал оюндагыдай кылды. Бышактап ыйлап, бирде уялып, бирде коркуп, бирде күтүлбөгөн жерден эле боло калган кубанычтуу нерсеге маңдайы жарыла сүйүнүп жүрүп отуруп, түз эле аялынын алдына келип, тизелеп чөк түшүп отура калып, баланы жерге койду да, мындай деди:

-Анна Филипповна!-деди бышактай. Баш кесмек бар, тил кесмек жок… Бул менин балам… Баягы Агнюшка эсиңдеби, эмесе ошол. Шайтан сайып… Мына ушундан соң кызарып-татарып, аялынын жообун дагы күтүп отурбастан ордунан ыргып тура калды да, эшикке атып чыкты…

«Өзүнө келгичекти мында тура турганым оң, -деп ойлоду ал. – Акыл калчап, эмне болуп кеткендигин жакшылап аңдап алсын…»

Дал ушул маалда короочу Ермолай колуна балалайкасын кармаган тейде жанынан өтүп бара жатып, аны бир карап алып, ийиндерин куушуруп койду… Бир мүнөттөн кийин ал кайра артына бара жатып, кайрадан ийиндерин куушуруп:

-Мына кызык,-деди да күлгөн болду. Азыр эле, Семен Эрастыч, мында кир жуугуч Аксинья келип, келесоо-десе, баласын көчөдөгү тиги тосмонун тепкичине жаткыра калган экен. Мында кирип, мени менен аркы-беркини божурашып чыкканча алдыраарда жаздыраар болуп, кимдир бирөө баланы көтөрө качкан окшойбу… Ой тобо, ушундай да болот экен ээ!

-Эмне? Эмне деп дөөрүп жатасың?-деп кыйкырып жиберди Мигуев.

Кожоюнунун каарын башкача түшүнгөн Ермолай кежигесин кашып алып, үшкүргөн болду да, мындай деди:

-Кечирип коюңуз, Семен Эрастыч, – тиги… жанагы немесиз… катынсыз дегеним, кыйын экен… түшүнөсүз да…

Кожоюнунун аны таң кала тиктеп калганын, анан дагы жаалы жаагына чыгып жаткандыгын байкаган ал бүшүркөй түштү да мындай деп сөзүн улантты:

-Билип жатам, бул деген чоң күнөө, бирок айла канча… Сиздин башка катындарды короого киргизбе дегениңизге карабай… Өзүбүздүкү жок болсо не кылмакпыз. Мурда Агнюшка жашап жүргөндө башкаларды киргизчү эмес, себеби ал бөтөн эмес өз эле, ал эми ал кеткенден кийин… чоочун катындарсыз айла куруп калчудай… Агнюшка мындайга жол бербей турган, себеби…

-Бас жаагыңды, акмак!-деп кыйкырып жиберди да, Мигуев шашып-бушуп бөлмөнү көздөй жөнөдү.

Анна Филипповна адепки отурган ордунда көз жашын көлдөтүп, алдында жаткан балага бир эсе таңыркай, бир эсе жинденип карап отурган экен…

-Болду эми, болду… – деди Мигуев жылмайган болуп. Мен тамашалап койдум… Бул меники эмес, бул, тиги… кир жуучу катын Аксинянын баласы. Мен… мен жөн гана тамашалайын деп… Тур, андан көрө муну тиги Ермолайга алып чыгып бер.

Которгон: Таштанбек Чакиев