Антиконтрафакт 2021

2021-жылдын 8-октябрында саат 14:00дө Кыргызпатент Ош мамлекеттик университетинин жыйындар залында контрафакттык продукцияларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет көрүү боюнча тегерек стол өткөрөт.

Тегерек столдо автордук укук жана чектеш укуктарды, товардык белгилерди укуктук коргоо, инновациялар экосистемасын өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Иш-чарага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жогорку окуу жайлардын, бизнес коомчулуктун жана чыгармачылык бирикмелердин өкүлдөрү катышат.

Байланыш: 0(555) 778 120, Ырыс Турсуналиева