Поэзия кечеси

Акын Жедигер Саалаевдин ыр кечеси өттү   И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында: “Биз бейишти көрбөгөнбүз эгерим, Бейиш кандай, элестетип келемин. Бейишти биз издеп жүрсөк кайда деп, Бейиш тура таманында эненин.   Баскан изи, турган жери эненин, Бейиш экен, бейиш деген себебим. Бала үчүн төккөн эне мээрими, Бейиштен да артык, жылуу дегеним.   Балдарым деп түзүп турган бейишти, Эне барда балдар билбейт кейишти. Балдар үчүн – бейиш алтын апалар, Балдар бейиш болбогону кейиштүү”, – аттуу узун элдин учуна, кыска элдин кыйрына белгилүү ырдын автору, акын, журналист, юрист, ар толугу менен…..

Жазуучулар союзунун төрагасы алмашты

Кыргыз улуттук жазуучулар союзуна жаңы төрага болуп, акын Нурлан Калыбеков шайланды. Союзду буга чейин жетектеп келген Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу өзүнүн кызмат орунун өткөрүп берди. Жыйында төрагалык орунга төрт талапкер көрсөтүлүп, алардын экөө талапкерликтен баш тартты. Экинчи талапкер, Жазуучулар союзунун төрага орун басары Тынчтыкбек Нурманбетов жетиштүү добуш топтой алган жок. “Азаттык”

“Мекенге таазим” ырлар жыйнагы жарык көрдү

“Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик Дирекция менен биргеликте жаш акын-жазуучулардын “Мекенге таазим” адабий фестивалын Бишкекте 2016-жылы 21-22-сентябрда өткөрдү. Соңку 25 жылда эң алгач ирет өткөрүлгөн фестивалга республиканын бардык аймактарынан келген 115 жаш талапкер катышып, адабий жанрларга ылайык 10 секцияда эки күнгө созулган кароо-сынактарга катышты. “Мекенге таазим” фестивалынын алкагында өткөрүлгөн “Жаңы ысымдар” кароосунун жеңүүчүлөрү союздан түзүлгөн калыстар тобу тарабынан аныкталды. Албетте, “Мекенге таазим” фестивалы мамлекеттик Дирекция жана Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан колдоого алынып, республикалык маанидеги иш-чаралардын катарына кошулуп тийиштүү акча каражаты бөлүнүп толугу менен…..

Баткенде өткөн Э.Эрматов атындагы республикалык адабият фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Жаш акын-жазуучулардын Эгемберди Эрматов атындагы республикалык адабият фестивалы Баткен облусунун Кадамжай районунда өткөрүлүп жеңүүчүлөр аныкталды. Жалпысынан область боюнча фестивалга 29 жаш акын-жазуучулар катышып 1-орун Улукбек Омокеевменен Мирлан Алтымыш уулу, 2-орун Сезим Толукбаева менен Умар Нусубалиев, 3-орун Улан Дөөлөтов менен Адилет Зарылбек уулуна берилип, Эгемберди Эрматов атындагы адабият фестивалынын лауреаты деген төш белги жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Фестивалды Кыргыз улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте Эгемберди Эрматов атындагы коомдук фонду уюштурду. Эске сала кетсек, бул фестиваль ар бир эки жылда 24-26-майда Баткен облусунун Кадамжай районунда өткөрүлүп турмакчы.

Баткенде Эгемберди Эрматов атындагы республикалык адабият фестивалы өтөт

Жаш акын-жазуучулардын Эгемберди Эрматов атындагы республикалык адабият фестивалы ар бир эки жылда 24-26-майда Баткен облусунун Кадамжай районунда өткөрүлөт. Фестивалга 35 жашка чейинки акын-жазуучулар катышып, алардын чыгармалары окулуп, талкуулар болот. Жаш акын-жазуучуларды колдоо максатында фестивалдын алкагында үч багыт боюнча байгелер уюштурулган. Байгелер эң мыкты чыгармалар боюнча: эң мыкты поэзия эң мыкты проза эң мыкты адабий изилдөө деген номинацияда берилет. Ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталат жана аларга жаш акын-жазуучулардын Эгемберди Эрматов атындагы адабият фестивалынын лауреаты деген төш белги жана акчалай сыйлыктар берилет.

«Беш акын» теледолбоору болуп өттү

2-майда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында ТҮРКСОЙ, Кыргыз улуттук жазуучулар союзу, ЭлТР биргелешип уюштурган «Беш акын» теледолбоору болуп, ага акындар Керез Зарлыкова, Абдилаат Дооров, Калбүбү Сариева, Гүлжамила Шакирова, Абдыжапар Эгембердиев катышып, 1-орунду Гүлжамила Шакирова багындырды. Бул долбоор эми 50-60 жаштагы акындарга эстафета катары берилди.

Түркиялык журнал кыргыз жазуучусу Айдарбек Сарманбетовго атайын санын арнады

Түркия Республикасында эки айда бир чыгуучу адабий-көркөм “Temrin” журналы октябрь-ноябрь айларындагы санын белгилүү жазуучубуз Айдарбек Сарманбетовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына толук арнап чыгарды. Журналда жазуучунун өмүрү, айрым аңгемелери, таланттуу калемгерибиздин чыгармалары тууралуу Ж.Кадыралиевдин “Чыкем өлбөптүр дедим”, А. Мамытовдун “Дагы бир маңкурт баяны”, К.Байбосуновдун “Кызырсөз кыраатын келтирген калемгер” ошондой эле Т.Абдиева, А.Калбаев, Б.Нышанов, Т.Нуркемел сыяктуу белгилүү сүрөтчү, илимпоз, акын-жазуучуларыбыздын, түрк адабиятчыларынын ой-пикирлери жарыяланган. Чыгармаларды, макалаларды Ө.Кичикмехметоглу, Х.Ашлар, М.Өзерин жана М.А.Гүлбахар түрк тилине которушкан. М.А.Гүлбахардын Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “А.Сарманбетовдун өмүрү жана чыгармалары” аттуу бакалаврлык ишинен кеңири үзүндүлөр жарыяланган. Мурдатан маалымдалып келгендей А.Сарманбетов Түркиянын толугу менен…..

Эл акыны Шайлообек Дүйшеевге Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык ыйгарылды

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгы КМШ ПААнын Маданият, маалымат, туризм жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын чечими менен Кыргыз Республикасынын эл акыны, II, III даражадагы “Манас” орденинин, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Шайлообек Дүйшеевге ыйгарылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады. Сыйлыкты тапшыруу аземи, 25-ноябрда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында КМШга мүчө-мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын 45-пленардык жыйынынын жүрүшүндө болду. Ч.Айтматов атындагы сыйлыкты КМШ ПАА Кеңешинин Төрайымы, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай толугу менен…..

Жаш калемдер Мекенге таазим кылышты!

“Мекенге таазим” жаш акын жазуучулардын республикалык фестивалы жана “Жаш калем” конкурсу жыйынтыкталды. Үч күнгө созулган фестивалга республикабыздын бардык аймактарынан жалпы 115 жаш талант катышты. Фестивалдын жүрүшүндө он секция иштеп, түрдүү жанрларда жазган жаш таланттар тажрыйбалуу акын-жазуучулардын сынынан өтүштү. Секция башчылары болгон кыргыз элине таанымал акын-жазуучулар жаш таланттарга чыгармачылыктагы иш-тажрыйбасын айтып, кеп-кеңешин берди. Бүйүр кызыткан конкурстун жыйынтыгы сыйлык тапшыруу аземи башталганга жарым саат калганда чыкты. Сыйлык тапшыруу иш-чарасы чоң салтанат менен Токтогул атындагы филармониянын кичи залында өттү. Оболу фестивалдын эң жаш катышуучуларына атайын сыйлыктар тапшырылды. Залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун эң кенже толугу менен…..

Жазуучулар союзу жанданабы?

Ушул жумада өкмөт башчы Темир Сариев жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов агабызды кабыл алып, кыргыз адабиятынын учурдагы абалы, чыгармачыл интеллигенциянын коомдогу ордун жогорулатуу жана кам көрүүнү күчөтүү маселелерин талкуулашты. Премьер-министр жазуучулар өз чыгармаларын окурмандар менен бөлүшүүдө заман талабына жараша тажрыйбаларды колдонуу зарыл деп айтты. Ал эмне болгон тажрыйбалар экенин биз билбейбиз. «Жаңы Агым», 17.03.2016-ж.