Баткенде Эгемберди Эрматов атындагы республикалык адабият фестивалы өтөт

Жаш акын-жазуучулардын Эгемберди Эрматов атындагы республикалык адабият фестивалы ар бир эки жылда 24-26-майда Баткен облусунун Кадамжай районунда өткөрүлөт.

Фестивалга 35 жашка чейинки акын-жазуучулар катышып, алардын чыгармалары окулуп, талкуулар болот.
Жаш акын-жазуучуларды колдоо максатында фестивалдын алкагында үч багыт боюнча байгелер уюштурулган.

Байгелер эң мыкты чыгармалар боюнча:

  • эң мыкты поэзия
  • эң мыкты проза
  • эң мыкты адабий изилдөө

деген номинацияда берилет.

Ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталат жана аларга жаш акын-жазуучулардын Эгемберди Эрматов атындагы адабият фестивалынын лауреаты деген төш белги жана акчалай сыйлыктар берилет.