“Беш акын” долбоору өз жеңүүчүлөрүн тапты

Үстүбүздөгү жылдын 3-декабрь күнү ТЮРКСОЙ түрк тилдүү элдердин маданият тармагы боюнча эл аралык уюму уюштурган “Беш акын” долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды. Аталган долбоор май айында башталган. Баары биригип беш муундун ичинен 25 акын катышып, бешөө жеңүүчү болуп табылды. 40–50-жылдары туулган акындардын ичинен Анатай Өмүрканов, 50–60тан Карбалас Бакиров, 60–70тен Атантай Акбаров, 70–80ден Зайырбек Ажыматов, 80–90дон Алтынбек Исмаилов жеңүүчү болду. Калыстар Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Майрамкан Абылкасымова, Кыргыз эл акындары Омор Султанов, Төлөгөн Мамеев, Анатай Өмүрканов, белгилүү сынчы Кадыркул Даутов, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор Омор Сооронов, композитор толугу менен…..

“Ыйман” фонду менен Кыргызстан жазуучулар союзу кызматташат

2015-жылдын 20-мартында “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов менен жолугушту. Маектешүүнүн жүрүшүндө, элибиздин руханий маданиятын өнүктүрүү үчүн өлкөбүздөгү жазуучуларга колдоо көрсөтүп, чыгармачылыгынын жемиштүү болушуна шарт түзүү маанилүү экендеги айтылды. Ушул максатта гранттык долбоорлорду иштеп чыгып, биргеликте жүзөгө ашыруу маселелери талкууланды. “Ыйман” фондунун төрагасы адамдардын жан дүйнө жана акыл көрөңгөсүн байытуу, диний маданиятын жогорулатуу, эл биримдигин чыңдоо, мекенди сүйүү жана даңазалоо темасында жазылган көркөм чыгармаларды окурмандарга көбүрөөк сунуштоо замандын талабы экенин белгилеп, бул багытта Фонд жазуучуларга колдон келген жардамын аябай турганын билдирди. Белгилей кетсек, жарандардын толугу менен…..