Кылчайып артка карасам…

Бүгүн Кыргызпатенттин алдындагы мамлекеттик патенттик техникалык китепканасында Кыргыз эл акыны М.Ааматовдун “Кылчайып артка карасам” аттуу чыгармачылык жолугушуу кечеси болуп өттү. Бул кечеге төрага Н.Калыбеков, кыргыз эл акындары Т.Мамеев, Г.Момунова, К.Бакиров, Кыргыз эл жазуучусу М.Абакиров баштаган акын-жазуучулар, мамлекеттик-коомдук ишмерлер, студенттер, ыр күйөрмандары катышты. Жолугушууда М.Ааматовдун чыгармачылыгы боюнча сөздөр сүйлөнүп, акындын обондуу ырлары аткарылды. Жаш окурмандар автордун ырларынан окуп беришти.

85 жылдыкты утурлай

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун түзүлгөндүгүнүн 85 жылдыгына карата мамлекеттүүлүк, акын-жазуучулардын коомдогу орду, адабияттын учурдагы ал-абалы тууралуу КР Президентинин аппарат жетекчиси Эсеналиев Досалы Акпаралиевич менен төрага Н.Калыбеков талкуу өткөрдү.

“Манас” эпосу грузин тилинде

Дүйнөдө теңдеши жок көлөмдүү чыгарма “Манас” эпосу грузин тилинде жарык көрдү. Эпосту Грузия жазуучулар союзунун төрайымы Маквала Гонашвили орус тилинен которгон. Бул китеп кыргыз эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин орус тилиндеги котормосу  болгон. Китепти КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбековго тапшырып жатып, улуу эпосту которгондугуна сыймыктанаарын билдирген.

Казакстанда Азия жазуучуларынын биринчи форуму өтүп жатат

Казакстандын ордо калаасы Нур-Султан шаарында Азия жазуучуларынын биринчи форуму өтүп жатат. Аталган форумга Кытай, Иран, Азербайжан, Тажикстан, Малайзия, Вьетнам, Россия өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катарында Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков дагы катышты. Форумдун ачылышында Казакстандын Президенти Касым-Жоомарт Токаев сөз сүйлөп, өз сөзүндө Азия элдеринин жазуучуларынын байланышын арттырып, дүйнө таанымын бирге калыптандырууда бирдиктүү электрондук китепкана ачуу керек экендигин белгилеп өттү. Казакстан Жазуучулар бирлигинин төрагасы Улукбек Есдаулет мындай форумду үч жылда бир өткөрүп турууну сунуштап, Азия элдеринин жазуучулары арасында Нобель сыйлыгы өңдөнгөн мартабалуу сыйлык уюштуруу маселеси талкууланды. Үч күндүк форумдун алкагында адабий толугу менен…..

Сыйлык – жалкы, сыймык – жалпы

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө карата 2019-жылдын 29-августунда  «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Мамлекеттик сыйлыкка ээ болгондордун катарын Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун мүчөлөрү дагы толуктады. Атай кетсек, III даражадагы “Манас” ордени менен акын, котормочу Алымбеков Надырбек, “Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу” ардактуу наамы менен жазуучу Жусубалиев Кубатбек, “Кыргыз Республикасынын эл акыны” ардактуу наамы менен акын Бакиров Карбалас, акын, “Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар толугу менен…..

Жазуучулар союзунун төрагасы эл аралык форумга катышууда

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында “Евразия борборлорунун жазуучулары” Эл аралык форуму өтүп жатат. Форумга катышкан Испания, Монголия, Египет, БАЭ, Таджикистан, Украина, Турция, Азербайджан, Израиль, Өзбекстан, Армения, Россия ж.б. өлкөлөрдүн жазуучуларынын катарында Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков жана жаш калемгер Перизат Алмаз кызы бар. Форумдун темасы “Дүйнөлүк адабият: стереотиптерди жоюу”.

Эл аралык түрк академиясы “Улуу талаанын улуу мурасы” аттуу эл аралык III форумун өткөрдү

27-28-29-июнь күндөрү Казакстан Республикасынын Талды-Коргон облусунда “Улуу талаанын улуу мурасы” аттуу кыргыз-казак окумуштууларынын катышуусунда эл аралык III форуму болуп өттү. Залкар жазуучу М.Ауэзовдун дүйнөдөн кайткан күнүнө карай Алматы шаарында анын үй музейине барып, эстелигине гүл коюп, эскерүү менен башталган форум Талды-Коргондо Манас эпосу жана манас эпосун алгачкылардан болуп жазып алган окумуштуу Ч.Валихановго арналган илимий-практикалык конференция менен уланды. Андан соң Кер-Булак районунда Ч.Валихановдун күмбөзүнө зыярат кылып, куран окутулуп, манасчылардын фестивалы болуп өттү. Бул форумга КР Президентинин кеңешчиси С.Раев, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, манасчылар Н.Сейдракманов, З.Баялиев, Р.Исаков, окумуштуулар С.Кайыпов, Ч.Орозобекова толугу менен…..

Кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясы азербайжан тилинде жарык көрдү

Азербайжан парламентинин депутаты Жаваншир Фейзиевдин сунушу менен түзүлгөн «Кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясы» Баку шаарында жарык көрдү. Китептин башкы редактору Жаш түрк тилдүү жазуучулар биримдигинин төрагасы Экбер Кошалы болсо, баш сөзүн Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Азербайжандын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Хидает Оручов жана Жаваншир Фейзиевдер жазышты. 40 жашка чейинки 35 калемгердин ыры кирген антология кыргыз акындары Алтынбек Исмаилов, Калича Жакыпова жана Бекболот Сарыбаевдер тарабынан түзүлдү. Ал эми которууга Ибрагим Иляслы, Ресмийе Сабир, Теране Туран, Перване Мемедли, Гүлнар Сема баш болгон жалпы 18 калемгер катышты. Антологиянын бет толугу менен…..

Жазуучулар союзундагы жаңылануулар

Бүгүн 23-майда Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун жаңы шайланган секция башчыларынын алгачкы жолугушуусу болду. Поэзия секциясынын башчысы Аида Эгембердиева, жооптуу катчы Бердибек Жамгырчиев, проза секциясынын башчысы Топчугүл Шайдуллаева, жооптуу катчы Элдияр Элчибек, драматургия секциясынын башчысы Жаныш Кулманбетов, жооптуу катчы Кыял Тажиева, адабий сын секциясынын башчысы Садык Алахан, жооптуу катчы Болот Таштаналиев, жаштар адабияты секциясынын башчысы Зайырбек Ажыматов, жооптуу катчы Кутмырза Жакыбалиев, балдар адабияты секциясынын башчысы Сулайман Рысбаев, жооптуу катчы Батма Абдухамидова, котормо жана эл аралык байланыштар секциясынын башчысы Таштан Чакиев, жооптуу катчы Садык Гавай, публицистика секциясынын башчысы Кален Сыдыкова, жооптуу катчы толугу менен…..

Казак акыны Маржан Ершу кыргыз акындары менен жолукту

Казакстан жазуучулар союзунун жана Евразия жазучулар союзунун мүчөсү, Казакстан Республикасынын Президентинин стипендианты Таранжы атындагы сыйлыктын ээси, акын, драматург, котормочу, филология илимдеринин кандидаты Маржан Ершу Аманкоскызы (Айек) Кыргызстанга келди. Акын Түрксой эл аралык уюму уюштурган түрк тилдүү элдердин поэзия кечесине катышуу менен кыргыз жерине алгачкы ирет келиши. Бүгүн Кыргыз улуттук жазуучулар союзунда төрага Нурлан Калыбеков, Кыргыз эл акыны Гүлсайра Момунова баштаган акын-жазуучулар, жаш калемгерлер менен атайын жолугушуу уюштурулуп, кенен баарлашып, ырлардан окуп, кыргыз акындары менен казак акыны жакындан таанышты. Бул жолугушуу эки элдин ортосундагы чыгармачылык байланышты андан ары улап кетет деген толугу менен…..