Түркиялык журнал кыргыз жазуучусу Айдарбек Сарманбетовго атайын санын арнады

Түркия Республикасында эки айда бир чыгуучу адабий-көркөм “Temrin” журналы октябрь-ноябрь айларындагы санын белгилүү жазуучубуз Айдарбек Сарманбетовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына толук арнап чыгарды.

Журналда жазуучунун өмүрү, айрым аңгемелери, таланттуу калемгерибиздин чыгармалары тууралуу Ж.Кадыралиевдин “Чыкем өлбөптүр дедим”, А. Мамытовдун “Дагы бир маңкурт баяны”, К.Байбосуновдун “Кызырсөз кыраатын келтирген калемгер” ошондой эле Т.Абдиева, А.Калбаев, Б.Нышанов, Т.Нуркемел сыяктуу белгилүү сүрөтчү, илимпоз, акын-жазуучуларыбыздын, түрк адабиятчыларынын ой-пикирлери жарыяланган.

Чыгармаларды, макалаларды Ө.Кичикмехметоглу, Х.Ашлар, М.Өзерин жана М.А.Гүлбахар түрк тилине которушкан. М.А.Гүлбахардын Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “А.Сарманбетовдун өмүрү жана чыгармалары” аттуу бакалаврлык ишинен кеңири үзүндүлөр жарыяланган.

Мурдатан маалымдалып келгендей А.Сарманбетов Түркиянын Евразия жазуучулар бирлигинин мүчөсү, Түрк дүйнөсүнүн Махмуд Кашгари адабий сыйлыгынын лауреаты. Китеби түрк тилинде жарык көргөн.

Журналдын атайын санынын арналуусу жазуучунун талантына берилген чоң баа менен катар кыргыз адабияты үчүн да чоң сыймык экендиги анык.

http://www.literatura.kg/