Жазуучулар союзунун төрагасы алмашты

Кыргыз улуттук жазуучулар союзуна жаңы төрага болуп, акын Нурлан Калыбеков шайланды. Союзду буга чейин жетектеп келген Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу өзүнүн кызмат орунун өткөрүп берди. Жыйында төрагалык орунга төрт талапкер көрсөтүлүп, алардын экөө талапкерликтен баш тартты. Экинчи талапкер, Жазуучулар союзунун төрага орун басары Тынчтыкбек Нурманбетов жетиштүү добуш топтой алган жок.

“Азаттык”