Мамлекеттик сыйлык ээлерин куттуктайбыз

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, ошондой эле кесиптик жетишкендиктери үчүн сыйлыктарга ээ болгон инсандардын катарында Кыргыз Республикасынын  Улуттук жазуучулар союзунун төмөнкү мүчөлөрү да бар: “КР Эл акыны” наамы менен Нурманбетов Тынчтыкбек Асанкулович “КР Эл жазуучусу” наамы менен Матисаков Абдиламит Мурзаевич Назаралиев Бекен Сапарбаевич “КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы менен Жороев Турабай Калыева Өктөм Аширбаевна Култаева Умут Баймуратовна Оморов Асыкбек Мамбетакунович Ражабалиев Аскарали “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер” толугу менен…..

“Карабах аңгемелери” китебинин бет ачарына арналган иш-чара өттү

Борбор калаабыздагы Хаят мейманканасында КР Улуттук жазуучулар союзу тарабынан жарык көргөн азербайжан жазуучуларынын “Карабах аңгемелери” аттуу китебинин бет ачарына арналган иш-чара өттү . Бул иш-чара Азербайжандын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулуп, ага элчи мырза Латиф Сейфаддин оглу Гандилов, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, Азербайжан диаспорасынын өкүлдөрү, акын-жазуучулар, котормочулар катышты. Эске сала кетсек, “Карабах аңгемелери” китебинин бет ачары буга чейин жазуучулар союзу тарабынан уюштурулуп өткөрүлгөн.

Кылчайып артка карасам…

Бүгүн Кыргызпатенттин алдындагы мамлекеттик патенттик техникалык китепканасында Кыргыз эл акыны М.Ааматовдун “Кылчайып артка карасам” аттуу чыгармачылык жолугушуу кечеси болуп өттү. Бул кечеге төрага Н.Калыбеков, кыргыз эл акындары Т.Мамеев, Г.Момунова, К.Бакиров, Кыргыз эл жазуучусу М.Абакиров баштаган акын-жазуучулар, мамлекеттик-коомдук ишмерлер, студенттер, ыр күйөрмандары катышты. Жолугушууда М.Ааматовдун чыгармачылыгы боюнча сөздөр сүйлөнүп, акындын обондуу ырлары аткарылды. Жаш окурмандар автордун ырларынан окуп беришти.

Жазуучулар союзу жаңыланууга муктаж

  18-февраль, 2019 Кыргызстандын улуттук жазуучулар Союзунун жаңы төрагасын шайлоо жараяны 85 жылдык тарыхы бар бул башкы чыгармачыл уюмдун көйгөйлөрүн күн тартибине чыгарды. 700гө жакын мүчөсү бар бул уюмду жоюу, көз карандысыз заманбап уюм түзүү, мамлекеттин карамагына алуу өңдүү түрдүү сунуштар коомчулукта, социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат. Жазуучулар союзунун жаңылануу жана өнүгүү жолдорун “Азаттык” радиосу да акын-жазуучулар менен чогуу талкуулады. Ага Кыргыз эл жазуучусу, мурдагы маданият министри Султан Раев, жазуучу, публицист, “Рухэш” сайтынын түзүүчүсү Олжобай Шакир жана Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун жаңы шайланган төрагасы, акын Нурлан Калыбеков катышты. Нурлан Калыбеков: “Азаттыктын” түз эфири аркылуу көрсөтүлгөн 8-февралдагы толугу менен…..

Жазуучулар союзунун төрагасы алмашты

Кыргыз улуттук жазуучулар союзуна жаңы төрага болуп, акын Нурлан Калыбеков шайланды. Союзду буга чейин жетектеп келген Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу өзүнүн кызмат орунун өткөрүп берди. Жыйында төрагалык орунга төрт талапкер көрсөтүлүп, алардын экөө талапкерликтен баш тартты. Экинчи талапкер, Жазуучулар союзунун төрага орун басары Тынчтыкбек Нурманбетов жетиштүү добуш топтой алган жок. “Азаттык”