Некролог

Некролог Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады. КР Эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Майрамкан Абылкасымова 84 жаш курагында дүйнө салды. Майрамкан Абылкасымова 1936-жылы 7-ноябрда Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында туулган. 1953-жылы Фрунзе педагогикалык окуу жайын, 1958-жылы В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн. 1962-жылга чейин Ош шаарындагы облустук “Ленин жолу” гезитинде жана Ош педагогика институтунда иштеген. “Ала Тоо” журналында адабий кызматкер, “Поэзия” бөлүмүнүн башчысы (1960-1991-жж.), “Аялзат” гезитинде Башкы редактор, Кыргызстан жазуучулар союзунун Ысык-Көл облусу боюнча адабий консультанты болгон. 1995-жылдан “Курманжан датка” фондунун төрагасынын кеңешчиси. Алгачкы ырлары 1952-жылдан толугу менен…..

КР Баатыры С.Эралиевдин 100 жылдыгы белгиленди

А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында КР Баатыры, КР Эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдыгы белгиленди. Мааракелик иш-чарага КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А.Жаманкулов, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, акын-жазуучулар, адабиятчылар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окурмандар катышты. Министр А.Жаманкулов акындын китептерин чыгаруу жана С.Эралиев атындагы сыйлык уюштуруу керек экендигин айтып, муну иш жүзүнө ашырууга министрлик жоопкерчилик аларын кошумчалады. Адабиятчылар, калемдеш, шакирттери акындын чыгармачылыгы тууралуу кеңири сөз кылышты. Салтанаттуу иш-чараны Бишкек шаарынын Мэриясынын “Эл аспаптар” оркестри, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын хору, солисттери толугу менен…..

Акын, драматург Кубанычбек Маликовго 110 жыл

Бүгүн (Россотрудничество) Россиянын илим жана маданият борборунда акын, драматург Кубанычбек Маликовдун 110 жылдыгына арналган “К.Маликов жана учур адабияты” аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Ага КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, ф.и.д. К.Абакиров, ф.и.д. профессор К.Мамбеталиев, О.Ибраимов, Б.Койчиев, уул-кыздары К.Маликов, К.Маликовалар катышты. Н.Исанов атындагы КМКТАУнун студенттери ырларын көркөм окуп беришти. Акын, драматург Кубанычбек Иманалиевич Маликов 1911 – жылы 16-сентябрда Чүй өрөөнүндөгү азыркы Ысык-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылында туулган. Кубанычбек Маликов адабият майданына жыйырманчы жылдардын акырында келип кошулган. 1928-жылы анын “Жазгы талаа” деген ыры “Эркин Тоо” газетасына басылат. Буга удаа эле “Курбулардын арманы”, толугу менен…..

Кадыркул Даутов – Кыргыз адабиятынын Толубай сынчысы

Бүгүн Ала-Арча көрүстөнүндө КР Эл жазуучусу, адабий сынчы, профессор Кадыркул Даутовдун эстелиги ачылды. Ага КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, акын-жазуучулар, адабиятчылар, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эмгек жамааты жана студенттер катышты. Эстеликтин ачылышында сөз сүйлөгөн адабиятчылар сынчы Кадыркул Даутовго “Кыргыз адабиятынын Толубай сынчысы” деген ат так, таамай берилгенин баса белгилешти. Адамдык сапаты бийик, калыс, чындыкты сүйгөн сынчы чынында эле эч кимден коркпой, тайманбай, тайсалдабай пикирин ачык айтып, адабияттын кандай гана залкар өкүлү болбосун, бардыгына “тиш салган” бирден-бир көрүнүктүү адабиятчы, сынчы эле деген баасын беришти. Кадыркул Даутовдун таш эстелигин үй-бүлөсү, толугу менен…..

Акын Алымкан Дегенбаева 80 жашта

КР Улуттук жазуучулар союзу менен А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасы акын, котормочу, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Алымкан Дегенбаеваны 80 жылдыгы менен куттуктап, автор менен жолугушуу уюштуруу. Аталган китепкананын Ч.Айтматов залында өткөн жолугушууга КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов, кыргыз эл акын-жазуучулары, замандаштары, күйөрмандары жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери катышты. Жолугушуу кечеге КРУЖС поэзия секциясынын башчысы, акын, ф.и.д. А.Эгембердиева модераторлук кылып, келген меймандар А.Дегенбаеванын чыгармачылыгы боюнча кеңири сөз кылышты. Өз сөзүндө К.Кадыракунов авторду 80 жылдык мааракеси менен куттуктап, адабиятка сиңирген көп жылдык эмгеги үчүн КР Улуттук толугу менен…..

КР Баатыры Сүйүнбай Эралиевдин мемориалдык тактасы орнотулду

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин мемориалдык тактасы өзү жашаган үйгө орнотулду. Ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, КР Эл жазуучулары Ө.Даникеев, М.Абакиров, КР Эл акыны А.Өмүрканов ж.б. акын-жазуучулар, маданият ишмерлери катышты. КР Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Сүйүнбай Эралиев 1921-жылдын 15-октябрында Талас облусунун Үч-Эмчек айылында жарыкка келген. Сүйүнбай Эралиев чыгармачылык ишин Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында баштаган. Согушта жарадар болуп, 1944-жылы армиядан кайтып келгенден кийин ал “Сталиндик жеңиш”, Талас толугу менен…..

КР Баатыры С.Эралиевди эскерүү кечеси өттү

Бүгүн А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында КР Баатыры, КР Эл акыны, Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдыгына арналган эскерүү кечеси жана китеп-сүрөт көргөзмөсү болуп өттү. Аталган иш чарага КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов, КР Эл акын, эл жазуучулары Ө.Даникеев, М.Абакиров, С.Акматбекова, Т.Мамеев, А.Жакшылыков, М.Мамазаирова, Р.Айтматова, КР Улуттук илимдер академиясынын академиктери А.Бөрүбаев, адабиятчы, сынчы А.Эркебаев ж.б. акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер, окурмандар катышты. Адабиятчы А.Эркебаев “С.Эралиев эки ыр түзүлүшүн бирдей колдонгон, кыргыздын салттуу уйкаштыгын жана европалык үлгүдөгү ыр түзүлүштү, верлибр же болбосо ак ыр, эркин ыр формасын биринчилерден толугу менен…..

Нурлан Калыбеков 1-даражадагы Евразия ардак белгиси менен сыйланды

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КР Өкмөтүнүн жаштар сыйлыгынын лауреаты, акын Нурлан Калыбеков Москва шаарында өткөн мамлекеттер аралык “Евразия дүйнөсү XXI кылым” форумуна катышып, мамлекеттер арасында маданий кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн 1-даражадагы Евразия ардак белгиси менен сыйланды. Аталган форум Россия Федерациясынын Президенттик администрациясы менен биргеликте уюштурулуп, 2021-жылдын 3-октябрында өттү.  

Стамбулда акын Жолон Мамытовдун поэзия күндөрү өтөт

Түркия Республикасынын Стамбул шаарында акын Жолон Мамытовдун поэзия күндөрү өтөт. Бул иш-чара КРнын Жогорку Кенешинин төрагасынын орун басары Аида Касымалиеванын колдоосу менен ТҮРКСОЙ эл аралык уюму, КРнын Түркиядагы элчилиги, КРнын Стамбулдагы Баш консулдугу, Евразия жазуучулар союзу, Стамбул маданият Борбору жана Жолон Мамытов атындагы фонду тарабынан уюштурулду. КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, КР Эл акыны М.Мамазаирова баштаган КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын А.Кожогулов, КР Улуттук жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмүнүн башчысы У.Омокеев, А.Исмаилов, М.Маматжанов, А.Кубанычбеков ж.б. акындар ыр майрамга катышуу үчүн бүгүн Стамбулга жөнөп кетишти. Акындын адабий кечеси 28-сентябрь күнү Стамбулдагы Түрк маданияты толугу менен…..

Кыргыз-Өзбек “Достук” фестивалы жыйынтыкталды

Баткен облусунун Кадамжай районунда өтүп жаткан кыргыз-өзбек “Достук” фестивалы бүгүн Апшыр-Ата эс алуу жайында жыйынтыкталды. 2 күндөн бери өтүп жаткан фестивалда катышуучулар адабий байланыш, чыгармачылык тууралуу кенен маектешип, ыр окушту. Фестивалдын катышуучуларын Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Кутпидин Шакиров кабыл алып, бул өткөрүлгөн иш-чара кыргыз-өзбек достугун чыңдоого чоң салым кошорун баса белгиледи. Кыргыз-Өзбек “Достук” фестивалын уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө, Ош шаардык мэриясына, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясына, элдик толугу менен…..