“Жылдыздуу жээк 2023” поэзия фестивалынын финалдык бөлүгү старт алды

Акын Чыныбай Турсунбековдун жаркын элесине арналган “Жылдыздуу жээк 2023” поэзия фестивалынын расмий ачылыш аземи көгүлтүр көл жээгиндеги “Акун” пансионатында өттү. Алгач Ч.Турсунбековдун өмүр баянын чагылдырган видеофильм көрсөтүлдү. Андан соң акындын рухуна багышталып куран окулду. 3-ирет өткөрүлүп жаткан фестивалды “Ч.Турсунбеков” атындагы фонддун негиздөөчүсү, акындын жубайы Н.Тентимишова ачып, финалисттерди куттуктап, фестивалдын жалпы катышуучуларына ыраазычылык билдирди. “Жылдыздуу жээк” поэзия фестивалынын биринчи туруна 100дөн ашык автор катышып, алардын ичинен 5 автор – Н.Өмүрбаева, М.Касейинова, Ч.Рыскелдиев, А.Кудайберди кызы жана Б.Адиев финалга өткөн. Биринчи турдун жеңүүчүлөрү ырларын көркөм окуп берүү менен кайрадан калыстардын сынынан өтөт. Аталган толугу менен…..

Жаш таланттын жылдызын жандырган “Жылдыздуу жээк”

Чыныбай Турсунбеков атындагы фонду уюштурган “Жылдыздуу жээк” фестивалынын финалисттери аныкталды. Калыстардын чечими менен Нуриза Өмүрбаева, Бектурсун Адиев, Айзат Кудайберди кызы, Махабат Касеинова жана Чыңгыз Рыскелдиевдер жеңүүчү болду. Бул жылы 3-ирет жарыяланган сынакка жалпы 113 автордон чыгармалар келип түшкөн. Поэтикалык форманы билүүсү, тили жана техникалык чеберчилиги (рифманын, калыптын, стилистиканын оригиналдуулугу); кыргыз тилинин нормаларын сактоосу; таасирдүүлүгү, образдардын айкындыгы, маңызы, жаңычылдыгы (ой-толгоону чагылдыра билүүсү) боюнча негизги 3 критерий менен карап 10 баллга чейинки баа коюп, калыстар тобу өз иштерин так аткарып беришти. Финалга чыккан 5 автор фестивалдын 2-этабында көгүлтүр көл жээгинде ыр окушуп, толугу менен…..

Өзбекстандын Навои шаарында классикалык поэзия фестивалы болуп өттү

Өзбекстандын Навои шаарында классикалык поэзия фестивалы жана Түрк дүйнөсүнүн 100 томдук китебинин бет ачары болуп өттү. Бул иш чара Өзбекстан жазуучулар уюшмасы, Өзбекстан маданият министрлиги, ТҮРКСОЙ уюму, түрк дүйнөсүнүн жазуучулар бирлиги тарабынан уюштурулду. Алгач ирет түрк тилинде чыгарма жараткан акын Алишер Навоиге арналган фестиваль анын эстелигине гүл коюу менен башталып, улуу акындын ырлары окулуп, чыгармачылыгы тууралуу баяндамалар жасалды. Түркия, Кыргызстан, Казахстан, Башкортстан, Татарстан, Өзбекстан, Каракалпакстандан барган акындар өз тилдеринде ырларын окуп беришти. Бул фестиваль менен катар түрк дүйнөсүнүн жазуучулар бирлигинин биринчи жыйыны да өтүп, уюштуруу, иш пландары талкууланды. Жыйында ТҮРКСОЙдун Генералдык секретары Султан Раевдин демилгеси менен түрк тилдүү акын -жазуучуларды колдоо толугу менен…..

Ташкент: Поэзия аркылуу маданияттарды бириктирүү

Бүгүн, 2-сентябрда, Ташкенттеги Гёте институтунда Борбордук Азия жана Германия өлкөлөрүнүн акындары жана котормочулары катышкан үч күндүк поэзия фестивалы башталды. Иш-чара Өзбекстандагы жана Казакстандагы Гёте институттары тарабынан уюштурулган. Фестивалда немистин азыркы акындары кыргыз, казак, өзбек, тажик жана түркмөн тилдерине которулган жыйнактын бет ачары да уюштурулду. “Иш-чара Борбордук Азия өлкөлөрү менен Германиянын маданияттарын азыркы поэзия аркылуу жакындатуу жана жаш акындар менен котормочуларды колдоо максатында ишке ашырылып жатат”, – дейт уюштуруучулардын бири, Казакстандагы Гёте институтунун маалымат бөлүмүнүн башчысы Шолпан Кызайбаева. Немис акындарын кыргыз тилине Нарсулуу Гургубаева, Махабат Касеинова, Нуриза Өмүрбаевалар которушкан. Кыргызстандан аталган толугу менен…..

«Жаш толкун 2022» II республикалык конкурсуна чыгармаларды кабыл алуу уланууда

«Жаш толкун 2022» II республикалык конкурсунун шарттары Конкурска катышуунун шарттары: Конкурска Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан жазылган кыргыз тилиндеги поэтикалык чыгармалар кабыл алынат. Конкурска 18 жаштан 35 жашка чейинки (35 жаш кошулат) акындар катыша алышат. Катышуучулардын жаш курагы катышууга арыз берген учурда (электрондук почта же кадимки почта менен жиберилген датага карата) белгиленет. Конкурска катышуу үчүн авторлор конкурстук иштери менен катар өзү тууралуу маалымат камтыган билдирмени 2022-жылдын 15-июнуна чейин тапшырышы керек. Конкурстук арыздардын берилиши: Электрондук почта аркылуу (tursunbekov@gmail.com адресине «Конкурска» деген белги менен); Кагазга түшүрүлгөн варианттар болсо (басма текстин) Фонддун Бишкек шаарындагы толугу менен…..

Өрүкзардын өчпөс акыны Курбаналы Сабыров

Баткен облусунун Лейлек районунда акын Курбаналы Сабыровдун 80 жылдыгы белгиленип жатат. Акынды эскерүү иш чарасы быйыл 32-ирет өткөрүлүүдө. Жыл сайын үзгүлтүксүз уюштурулуп келген “Өрүкзар” поэзия фестивалы быйыл 80 жылдык мааракеси менен коштолууда. Бул иш чарага Бишкек жана Ош шаарларынан КР Эл акыны А.Рыскулов, Ө.Тиллебаев, Т.Жороев, С.Момуналиев баштаган жоон топ акындар катышууда. Мындан тышкары Өзбекстандан акындар келишти. Иш чаранын алгачкы күнүндө район акими Алмазбек Рахманкулов  кабыл алып, алыстан келип катышып, фестивалдын аброюн көтөрүп жатасыздар, бул сиздердин калемдешиңиздерге болгон сыйыңыздар, адабиятка болгон аздек мамилеңиздер деп, ыраазычылыгын билдирди. Андан соң К.Сабыровдун бейитине барып, толугу менен…..

Кыргыз-Өзбек “Достук” фестивалы жыйынтыкталды

Баткен облусунун Кадамжай районунда өтүп жаткан кыргыз-өзбек “Достук” фестивалы бүгүн Апшыр-Ата эс алуу жайында жыйынтыкталды. 2 күндөн бери өтүп жаткан фестивалда катышуучулар адабий байланыш, чыгармачылык тууралуу кенен маектешип, ыр окушту. Фестивалдын катышуучуларын Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Кутпидин Шакиров кабыл алып, бул өткөрүлгөн иш-чара кыргыз-өзбек достугун чыңдоого чоң салым кошорун баса белгиледи. Кыргыз-Өзбек “Достук” фестивалын уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө, Ош шаардык мэриясына, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясына, элдик толугу менен…..

Э.Эрматов атындагы III республикалык фестиваль Талас шаарында өтөт

Кыргыз Республикасынын Эл акыны Эгемберди Эрматовдун 70 жылдыгына карата жаш калемгерлердин Э.Эрматов атындагы республикалык III фестивалы Талас шаарында өтөт. Фестивалга катышуучуларды калыстар курамы конкурстук негизде тандап алат. Аталган фестиваль “Э.Эрматов” атындагы коомдук фонду тарабынан КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, КР Улуттук жазуучулар союзу, КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы, “Жигер” чыгармачыл жаштар борборунун колдоосу менен 2017-жылдан бери эки жылда бир уюштурулуп келет.

Фестивалдын лауреаттары аныкталды

Акын, драматург, котормочу, публицист, мамлекеттик ишмер, Кыргыз Эл акыны Эгемберди Эрматовдун чыгармачылыгына арналган жаш акын-жазуучулардын II республикалык фестивалынын катышуучуларына сыйлактар тапшырылды. З.Пасаңова, Т.Колдошов, Ж.Эсеналиев, А.Дооров,  А.Көкөева, А.Ражабалиев, Р.Арапова калыстык кылып,  катышуучулардын чыгармаларынын негизинде фестивалдын лауреаттарын, дипломанттарын аныкташты. Э.Эрматов атындагы II республикалык фестивалынын лауреаты болуп Бердибек Жамгырчиев, Умар Нусубалиев жана Камчыбек Узакбай уулу табылды. Ал эми, Гүлүмкан Исаева, Садырбек Турдубек уулу  жана Замирбек Орозбай  уулу фестивалдын дипломанттары   болду. Фестиваль Э.Эрматов атындагы коомдук фондунун демилгеси менен КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, КР Улуттук жазуучулар союзунун, ОшМУнун колдоосунда  КР Эл аралык “Нурборбор” толугу менен…..

Э.Эрматовдун чыгармачылыгына арналган илимий-практикалык конференция өтүп жатат

Акын, драматург, котормочу, публицист, мамлекеттик ишмер, Кыргыз Эл акыны Эгемберди Эрматовдун чыгармачылыгына арналган жаш акын-жазуучулардын II республикалык фестивалынын алкагында  илимий-практикалык конференция өтүп жатат. Конференция Э.Эрматовдун өмүр-чыгармачылыгы тууралуу даректүү тасма менен башталды. КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, КР Улуттук жазуучулар союзунун Ош облустук жана Ош шаардык бөлүмүнүн жетекчиси Т.Жороев куттуктоо сөзүн сүйлөгөн соң, ОшМУнун кафедра башчысы п.и.д. Сатканбай Момуналиев, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору, соц.и.д. Маматалы Мурзаев, БатМУнун окутуучусу Анара Миралы кызы маңыздуу баяндамаларын окуду.  Эске сала кетсек, фестиваль Э.Эрматов атындагы коомдук фондунун демилгеси менен КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, толугу менен…..