Адабият достугу – эл достугу

Адабият достугу – эл достугу Кыргыз-Өзбек элдеринин ортосундагы достукту бекемдөө, эл аралык деңгээлде чыгармачылык байланыш түзүү максатында уюштурулган кыргыз-өзбек “Достук” фестивалы Кадамжай районунда ийгиликтүү өтүп жатат. Фестивалдын катышуучуларын Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Мээрихан Асанова баштаган Кадамжай райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Асылбек Тажибаев жана Жолдошбек Мамажанов атындагы маданият үйүнүн кызматкерлери жылуу тосуп алышты. КР Эл акыны Тазагүл Закирова, КРУЖС Баткен облустук бөлүмүнүн башчысы Абдилаат Дооров, акын-жазуучулар Аскарали Ражабалиев, Гыламидин Абдрахманов, Сайдимар Султанмуратов, Максуда Ормонова, Сахиба Шакирова, Өмүрбек Азимбаев, өзбек акын-жазуучулары Сардор Сиражидин, Наргиза Асадова, Фозил Фархад, Махбуба Темирова, толугу менен…..

Кыргыз-Өзбек “Достук” фестивалы өтүүдө

КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын колдоосу менен КР Улуттук жазуучулар союзу Кыргыз-Өзбек элдеринин ортосундагы достукту бекемдөө максатында “Достук” фестивалын өткөрүүдө. Бүгүн аталган фестивалга катышуу үчүн Өзбекстан Республикасынан келген акындарды КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, КРУЖС төрагасы Нурлан Калыбеков, КРУЖС Ош жана Жалал-Абад облусттук бөлүмдөрүнүн жетекчилери Улукбек Омокеев, Нуркан Койчуманова, КР Эл акыны Тазагүл Закирова, Р.Абдыкадыров атындагы Ош улуттук филармониясынын эмгек жамааты жана Ош шаарындагы Өзбек маданияты борборунун өкүлдөрү тосуп алышты. Сардар толугу менен…..

Абзий Кыдыровго 90 жыл

Абзий Кыдыровго 90 жыл Бүгүн К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасында балдар акыны, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер “Абзий Кыдыровго 90 жыл” аттуу китеп окурмандарынын эскерүү жыйыны болуп өттү. Эскерүү жыйынды КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, КР Улуттук жазуучулар союзу китепкананын эмгек жамааты менен биргеликте уюштурду. КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов модераторлук кылган жыйынга Тоголок Молдо сыйлыгынын ээлери Ы.Кадыров, Ж.Акаева, балдар адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири А.Карымшаков жана башка акын-жазуучулар, китеп окурмандары катышты. Абзий Кыдыров балдардын баео дүйнөсүн, психологиясын эң мыкты түшүнгөн жана ырга толугу менен…..

Сыйлык-сыймык!

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров республиканын маданий, интеллектуалдык жана рухий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык Кыргыз Ресспубликасынын Улуттук жазуучулар союзунун төмөндөгү мүчөлөрү мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды. Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу наамы менен Чолпонбек Абыкеев Жаныш Кулманбетов Кыргыз Республикасынын Эл акыны наамы менен Бактыгүл Чотурова Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамы менен Керез Зарлыкова Атахан Кожогулов Мусакун Сатыбалдиев Дүйшөналы Султанкулов Аман Нааматов Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген толугу менен…..

Жаш толкун 2021

Ч.Турсунбеков атындагы коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун колдоосу менен 18 жаштан 35 жашка чейинки акындар арасында “Жаш толкун 2021” адабий сынагын өткөрдү. Сынак эки этап менен өтүп, 5-августта көгүлтүр көл жээгиндеги “Акун” пансионатында жыйынтыкталды. “Жаш толкун 2021” адабий сынагына республика боюнча үч жүзгө (300) жакын калемгер катышып, Бишкек шаарындагы “Орион” отелинде биринчи этабы жыйынтыкталды жана экинчи этапка катышуу үчүн 20 акын тандалып алынды. Максат Жангазиев, Ырысгүл Изатова, Акбар Кубанычбеков, Мырзайым Айтимбетова, Бердибек Жамгырчиев, Улукбек Омокеев, Жаннат Сабырбекова, Камчыбек Узакбай уулу, Деңизбек Орозбай уулу, Садырбек Турдубек уулу, Болот Мамбетисаев, толугу менен…..

КР Эл артисти Балбай Алагушев дүйнөдөн кайтты

Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын Эл артисти Балбай Алагушев 85 жаш курагында каза болду. Публицист, этнограф, музыка таануучу, окумуштуу, энциклопедист, адабиятчы, сынчы, жыйноочу, радио-теле журналист Балбай Алагушов 1936-жылдын 5-майында Ысык-Көл жергесинде Тоң районуна караштуу Кызыл-Дөбө айылында туулган. 1959-жылы Кыргыз улуттук университетинин (ал кездеги КМУнун) филология факультетин, 1973-жылы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын бүтүргөн. 1959-65-жылдары “Кыргызстан пионери” гезитинде бөлүм башчы болгон. 1965-85-жылдары Кыргызстандын Илимдер академиясынын философия жана укук институтунун эстетика жана өнөр таануу бөлүмчөсүндө (сектор) илимий кызматкер болгон. 1985-1998-жылдары “Кыргызстан”, “Адабият” басмаларында бөлүм башчы болуп иштеген. 1997-жылдан 2011-жылга чейин “Эркин Европа-Азаттык” толугу менен…..

КРУЖС Секретариаты чыгармачылык өргүүгө кетти

Статистикалык маалыматтарга ылайык учурда Кыргыз Республикасынын аймагында, айрыкча Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал күчөп бараткандыгы байкалууда. Буга байланыштуу ар бир мекеме-ишканалар кырдаалды колго алуу боюнча өз алдынча чечим кабыл алышууда. Бишкек шаарында ооруга чалдыккандардын саны күн санап өсүп жаткандыгына байланыштуу, санитардык-карантиндик көзөмөлдү күчөтүү максатка ылайык. Андыктан КР Улуттук жазуучулар союзунун секретариаты 2021-жылдын 1-июлунан 31-августуна чейин чыгармачылык өргүүгө кетүү чечимин кабыл алды. КР Улуттук жазуучулар союзунун adabiyat.kg сайтынын редакциялык жамааты дагы бул аралыкта чыгармачылык өргүүдө болот. Урматтуу окурмандар, биз сиздер үчүн сентябрь айынан тарта кайрадан кызматта болобуз. Жаңы идея, жаны дем, жаңы толугу менен…..

Ал адабиятыбыздын башатында тургандардын бири

Учурдагы кыргыз адабиятын негиздөөчүлөрдүн бири, Кыргыз эл акыны, Токтогул сыйлыгынын ээси – Темиркул Үмөталиев. Ал өңдүү адабиятыбызды түптөгөндөрдү айта жүрүү парзыбыз. Молдодон окубай тамга тааныган Темиркулдун өз сабатсыздыгын жоюуга анын сезимталдыгы, зээндүүлүгү түрткү болгон. Ормотой байдын малын багып жүргөн мезгилинде, байдын балдарын молдо окутуп жаткан учурларда, Темиркул аларга жакындап, кулак салып, молдонун айткандарына кунт коюп, көргөн тамгаларды очоктон түшкөн оттун күлүнүн үстүнө чырпыктын учу менен жазып, өз алдынча далалат кылып жүрүп тамга таанып, акырындап жазма кагаздарды окуганга жетишкен. Ага Кудаяр хандын убагында Кокондон окуган, көптү көргөн, жашы жүзгө чыккан Сейиткул толугу менен…..

Жазуучулардын катары жаңы мүчөлөр менен толукталды

КР Улуттук жазуучулар союзуна жаңы мүчөлөр кабыл алынды. Жазуучулар союзуна мүчөлүккө өтүү үчүн  келип түшкөн арыздарды карап чыгып, проза, поэзия, адабий сын, балдар адабияты жана публицистика секциялары 20 калемгерди кабыл алуу боюнча чечимин чыгарган. Кабыл алынган чечимдин негизинде КРУЖС төрагасы Н.Калыбеков 2021-жылдын 4-июнунда “КР Улуттук жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алуу боюнча атайын комиссиянын чечимин бекитүү” жөнүндө №12 буйругуна кол койгон. Төмөндө КРУЖС мүчөлүккө кабыл алынган калемгерлердин тизмеси: Рысбек Эшматов Аскар Медетов Кыялбек Акматов Улан Дөөлөтов Акжол Доранбек уулу Адилет Зарылбек уулу Сайра Батыркулова Садырбек Турдубек уулу Калича Жакыпова Рыскүл Изатова толугу менен…..

“Касым Тыныстанов – Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери жана окумуштуусу”

КР Улуттук илимдер академиясында 20-майда мамлекеттик жана коомдук ишмер Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына арналган “Касым Тыныстанов – Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери жана окумуштуусу” аттуу конференция өткөрүлдү. Конференция КР УИАнын Б.Жамгырчынов атындагы Тарых, археология жана этнология институту, Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту жана КР Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фонду тарабынан уюштурулган. Ага КР УИАнын президенти М.С.Жуматаев, академик А.Акматалиев, филология илимдеринин доктору, КРнын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын  төрагасы С.Мусаев, “Мурас” фондунун төрагасы К.С.Молдокасымов, саясий жана мамлекеттик ишмер М.Шеримкулов, чет элдик окумуштуулар, журналисттер, толугу менен…..