КРУЖС Секретариаты чыгармачылык өргүүгө кетти

Статистикалык маалыматтарга ылайык учурда Кыргыз Республикасынын аймагында, айрыкча Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал күчөп бараткандыгы байкалууда. Буга байланыштуу ар бир мекеме-ишканалар кырдаалды колго алуу боюнча өз алдынча чечим кабыл алышууда. Бишкек шаарында ооруга чалдыккандардын саны күн санап өсүп жаткандыгына байланыштуу, санитардык-карантиндик көзөмөлдү күчөтүү максатка ылайык. Андыктан КР Улуттук жазуучулар союзунун секретариаты 2021-жылдын 1-июлунан 31-августуна чейин чыгармачылык өргүүгө кетүү чечимин кабыл алды.

КР Улуттук жазуучулар союзунун adabiyat.kg сайтынын редакциялык жамааты дагы бул аралыкта чыгармачылык өргүүдө болот.

Урматтуу окурмандар, биз сиздер үчүн сентябрь айынан тарта кайрадан кызматта болобуз. Жаңы идея, жаны дем, жаңы күч менен жаңы чыгармаларды, маанилүү маектерди, кызыктуу рубрикаларды алып чыгабыз деген ишеничтебиз.