Кыргыз-Өзбек “Достук” фестивалы өтүүдө

КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын колдоосу менен КР Улуттук жазуучулар союзу Кыргыз-Өзбек элдеринин ортосундагы достукту бекемдөө максатында “Достук” фестивалын өткөрүүдө. Бүгүн аталган фестивалга катышуу үчүн Өзбекстан Республикасынан келген акындарды КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, КРУЖС төрагасы Нурлан Калыбеков, КРУЖС Ош жана Жалал-Абад облусттук бөлүмдөрүнүн жетекчилери Улукбек Омокеев, Нуркан Койчуманова, КР Эл акыны Тазагүл Закирова, Р.Абдыкадыров атындагы Ош улуттук филармониясынын эмгек жамааты жана Ош шаарындагы Өзбек маданияты борборунун өкүлдөрү тосуп алышты. Сардар Сыражидин баштаган өзбек акын-жазуучулары алгач Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетине барып, университеттин ишмердүүлүгү менен таанышты. Фестивалдын жалпы катышуучулары Кадамжай районуна сапар алышты. Эртең саат 10:00дө Кадамжай районунун маданият үйүндө фестивалдын ачылышы болот.