Адабият достугу – эл достугу

Адабият достугу – эл достугу

Кыргыз-Өзбек элдеринин ортосундагы достукту бекемдөө, эл аралык деңгээлде чыгармачылык байланыш түзүү максатында уюштурулган кыргыз-өзбек “Достук” фестивалы Кадамжай районунда ийгиликтүү өтүп жатат.

Фестивалдын катышуучуларын Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Мээрихан Асанова баштаган Кадамжай райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Асылбек Тажибаев жана Жолдошбек Мамажанов атындагы маданият үйүнүн кызматкерлери жылуу тосуп алышты.

КР Эл акыны Тазагүл Закирова, КРУЖС Баткен облустук бөлүмүнүн башчысы Абдилаат Дооров, акын-жазуучулар Аскарали Ражабалиев, Гыламидин Абдрахманов, Сайдимар Султанмуратов, Максуда Ормонова, Сахиба Шакирова, Өмүрбек Азимбаев, өзбек акын-жазуучулары Сардор Сиражидин, Наргиза Асадова, Фозил Фархад, Махбуба Темирова, Алимурод Тожиев, Ориф Мелиев жана башка катышуучулар өзбек-кыргыз адабий алакасы боюнча кеңири кеп кылышып, ырларынан окуп беришти.

Жобого ылайык фестиваль кароо-сынактан тышкары эркин форматта уюштурулуп, авторлор эркин ыр окуп, баарлашты.

КРУЖС төрагасы Нурлан Калыбеков бардык катышуучуларга “Адабият достугу – эл достугу” аталышындагы эстелик белегин жана өзбек таланттарына улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун бюстун тапшырып жатып – бул фестиваль эки элдин ортосундагы адабий байланышты чыңдаган иш-чаралардын алгачкысы экенин, мындан ары чыгармачылык алаканы арттыра турган жолугушуулар көп болуп турарын баса белгилеп өттү. Фестивалды Кадамжай райондук маданият бөлүмү тарабынан даярдалган концерттик программа коштоду.

Андан соң катышуучулар Азирет Алинин изи калган Кадамжайга барып зыярат кылып, куран окушту. Кыргыз совет мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу Комитетинин Төрагасы Абдыкадыр Орозбековдун музейи менен таанышты.

Эске салсак, кыргыз-өзбек “Достук” фестивалы КР Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгына ылайык КР Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына, 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын колдооссу менен КР Улуттук жазуучулар союзу тарабынан уюштурулду.