КР Эл жазуучусу Мар Байжиевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду

Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, драматург, киносценарист, кино жана театр режиссеру Мар Байжиевдин сөөгү бүгүн Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында өттү. Мар Байжиев 1935-жылы Жалал-Абад шаарында туулган. 1960-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус тили жана адабияты бөлүмүн бүтүргөн. 1961-жылы СССР Кинематографисттер союзуна, 1966-жылы Кыргыз ССР жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган. 1962-1964-жылдары Москвадагы сценарийчилердин жогорку мектебин аяктаган. Окуу менен бирге «Кыргызфильм» киностудиясында улук редактор болуп иштеген. 1964-1971-жылдары Маданият министрлигинин репертуардык кеңешмесинде башкы редактор, 1971-1975-жылдары «Литературная газетанын» Кыргызстандагы кабарчысы кызматтарын аркалаган. Эгемендик жылдардын башталышында толугу менен…..

Чыныбай Турсунбековду эскерүү кечеси өттү

Бүгүн А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук Опера жана балет театрында КР ЖК мурдагы төрагасы, депутат, мамлекеттик жана коомдук ишмер, акын, котормочу Чыныбай Турсунбековдун жаркын элесине арналган “Жылдыздуу жээк” аттуу поэзия кечеси болуп өттү. Ага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, саясатчылар, акын-жазуучулар, жалпы окурмандар катышты. Ч.Турсунбековдун калемдештери анын акындык, котормочулук таланты жөнүндө кеңири кеп кылышса, кесиптештери саясаттагы орду тууралуу айтышты. Чындыкты дос туткан калемгер саясатчынын адамгерчилиги, достук мамилеси, мекенге болгон ак кызматы ар бир адамдын жүрөгүндө сакталат. Акындын чыгармаларын Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттери  сахналаштырып, көрүүчүлөргө тартуулашты.

Ч.Турсунбековдун жаркын элесине арналган “Жылдыздуу жээк” аттуу адабий кече өтөт

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагасы, депутат, мамлекеттик жана коомдук ишмер, акын, котормочу  Чыныбай Турсунбековдун жаркын элесине арналган “Жылдыздуу жээк” аттуу адабий кече өтөт. Ч.Турсунбековдун чыгармачылык мурасын түбөлүккө калтыруу максатында уюштурулуп жаткан адабий кече 2021-жылдын 23-октябрында А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында саат 09:30 да башталат. Бул кечеде автордун “Жылдыздуу жээк” ырлар жыйнагы, “Мен дүйнөгө баланын көзү менен карайм” аттуу эскерүү китептеринин бет ачары болот. Ошондой эле сүрөт көргөзмөсү коюлуп, театрлаштырылган концерттик программа коштойт.

КР Баатыры С.Эралиевдин 100 жылдыгы белгиленди

А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында КР Баатыры, КР Эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдыгы белгиленди. Мааракелик иш-чарага КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А.Жаманкулов, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, акын-жазуучулар, адабиятчылар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окурмандар катышты. Министр А.Жаманкулов акындын китептерин чыгаруу жана С.Эралиев атындагы сыйлык уюштуруу керек экендигин айтып, муну иш жүзүнө ашырууга министрлик жоопкерчилик аларын кошумчалады. Адабиятчылар, калемдеш, шакирттери акындын чыгармачылыгы тууралуу кеңири сөз кылышты. Салтанаттуу иш-чараны Бишкек шаарынын Мэриясынын “Эл аспаптар” оркестри, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын хору, солисттери толугу менен…..

Майрамыңыздар менен урматтуу калемгерлер

Урматтуу калемдештер, Жалпыңыздарды бүгүнкү “Адабият күнү” майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Сиздер, ар бир жазган чыгармаңыздардын ар сабына түнөп, түн күзөтүп, күн кечирип түйшөлүп отуруп, окурмандардын колуна тапшырасыздар. Ошол чыгарманын багы ачылса, сиздердин багыңыздар ачылып, жылдызыңыздар жанат. Андыктан ар бир жазган, жараткан эмгегиңиздердин акыбети кайтып, адамзатка жарыгы тийип турсун демекчибиз. Сиздерге бекем ден-соолук, узак өмүр, чыгармачылык эргүү, зор жетишкендиктерди каалайбыз. Ылайым, ыр жандуу элибиздин багына бараандуу эмгектерди жаратып, эсен болуңуздар. Майрамыңыздар кут болсун! Урматтоо менен, КРУЖС Башкармалыгы Бүгүн “Адабият күнүнө” карата А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында салтанаттуу иш-чара толугу менен…..