Некролог

Некролог

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады. КР Эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Майрамкан Абылкасымова 84 жаш курагында дүйнө салды.

Майрамкан Абылкасымова 1936-жылы 7-ноябрда Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында туулган. 1953-жылы Фрунзе педагогикалык окуу жайын, 1958-жылы В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн. 1962-жылга чейин Ош шаарындагы облустук “Ленин жолу” гезитинде жана Ош педагогика институтунда иштеген. “Ала Тоо” журналында адабий кызматкер, “Поэзия” бөлүмүнүн башчысы (1960-1991-жж.), “Аялзат” гезитинде Башкы редактор, Кыргызстан жазуучулар союзунун Ысык-Көл облусу боюнча адабий консультанты болгон. 1995-жылдан “Курманжан датка” фондунун төрагасынын кеңешчиси.

Алгачкы ырлары 1952-жылдан тартып жарык көргөн. 1961-жылы “Кичинекей досторго” аттуу тунгуч ырлар жыйнагы чыккан. “Чолпон” (1962), “Эстелик сүйлөйт”, “Быйыл жаздын гүлдөрү көп” (1965) жыйнактарына салттуу ыр түзүлүшүндөгү ырлар менен катар ритмикалык жаңы өлчөмдөгү, эркин ыр формасындагы чыгармалары кирген.

“Ишеним дайым жүрөктө” (1968) жыйнагындагы лирикалык ырлардын көпчүлүгү турмушка, өмүргө, сүйүүгө, адамдардын ортосундагы мамилелерге арналган. Жаратылыш, Ата-журт акындын бүткүл чыгармачылыгындагы бүтпөс тема. Жалпы эле экология проблемасы “Гүлдөр суу сурайт” аттуу жыйнагында курч коюлган. Мында жазды сагынуу, күтүү, кумарлануу сезимдерине, табияттын пейзаждык боёкторуна арналган саптар арбын. Чыгармачылыгында улуттук поэзиянын салттуу уйкаштыктагы ырларына караганда ак ыр, эркин ыр формасында жазылган ырлар басымдуу. “Тандалган чыгармалары” “Ата журт” (1973) ыр жыйнагы чыккан. Анын ырлары орус, украин, казак, монгол, немец, поляк, француз тилдерине которулган. “Атаке Баатыр” драмасы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында коюлган (2004). Абылкасымова кыргыз поэзиясына кошкон чоң салымы үчүн “Ардак Белгиси” (1986), III даражадагы “Манас” ордендери менен сыйланган (2005). Кыргыз эл акыны (1980), Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгы (1970) жана Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы (1984) ыйгарылган.

Анын ырлары орус, украин, казак, монгол, немец, поляк, француз тилдерине которулган.

КР Эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Майрамкан Абылкасымованын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

КРУЖС Башкармалыгы