С.Батыркулованын “Каректе калган издер” китебинин бет ачары өттү

А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында акын, жазуучу, журналист Сайра Батыркулованын “Каректе калган издер” китебинин бет ачары болуп өттү. Аталган китеп автордун жазуучулуктагы алгачкы дебюту. Бул – китеп Эл агартуунун отличниги, КР Эмгек сиңирген мугалими, Октябрь революциясы, Эмгек Кызыл Туу ордендеринин ээси, Баатыр эне Шааркан Кенжегулованын өмүр жолун чагылдырган даректүү китеп. Иш-чарага КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов, КР Эл акыны К.Бакиров, КР Жогорку Кеңешинин депутаты М.Самыйкожо, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары С.Аманова, КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү С.Тоялиев, КР Ардагерлер кеңешинин төрагасы толугу менен…..

Бектуруш Салгаманинин чыгармачылык кечеси болуп өттү

Поэзия – бул тагдыр. Мына ушул тагдырды аркалаган авторлордун бири Бектуруш. Бул акындын ырлары жаздыктын алдына жаздап алып окуй турган поэзия. Поэзия жөнүндө, акын жөнүндө сүйлөөнүн кажети жок, аны окуш гана керек. (Ж.Бөкөшов) Бектуруштун махабат темасында, ашыглык лирикасында өзүнчөлүгү бар. Ашыктык анын жүрөгүндө жаш чагынан, бала күнүнөн бүгүнкү күнгө чейин сакталып келгенин ырларынан сезип, туюп атабыз. (Т.Самудинов) Бектуруштун ырларын алгач жазгандан ушул күнгө чейин карап жүрөм. Ырларын окуганымда анын жазганы кыргыз ырынын рамкасына сыйбаган, башкача ырлар экен, уйкашы жок эле жаза бербейби деген ойго келгем. Себеби уйкаш авторду кысып аткандай, толугу менен…..

Жылдын мыкты китеби

КР Улуттук жазуучулар союзу 2021-жылдын мыкты китеби сыйлыгын тапшырды. Бул сыйлык 2020-жылы уюштурулуп, экинчи ирет ыйгарылууда. 2021-жыл ичинде жарык көргөн китептердин арасынан Поэзия сериясы боюнча Калчоро Көкүловдун “Ыйман ыры” поэтикалык жыйнагы, Проза сериясы боюнча Аскарали Ражабалиевдин “Мусаапыр” китеби, Котормо сериясы боюнча Таштанбек Чакиевдин котормосундагы И.Буниндин “Караңгы аллеялар” китеби 2021-жылдын мыкты китеби деп табылды. Авторлорго атайын статуэтка жана дипломдор ыйгарылды. “Жылдын мыкты китеби” сыйлыгынын статуэткаларын жасатып, демөөрчүлүк кылган Мамлекеттик китеп палатасынын директору Койчуман Момункуловго ыраазычылык билдиребиз.

Болотбек Акматов дүйнө салды

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады. КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү,  Педагогика илимдеринин доктору, профессор Болотбек Акматов дүйнө салды.  Болотбек Акматов 1963-жылы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Көк-Мойнок айылында туулган. 1988-жылдан тарта республиканын жогорку окуу жайларында эмгектенип келген. Педагогикалык ишмердүүлүгүн азыркы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен баштап, окутуучу, ага окутуучу, доценттин милдетин аткаруучу, кафедра башчысы кызматтарын аркалап келген. Ал К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде 2012-жылдын 1-сентябрынан тарта Кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы болгон. Мына ошол мезгилден бери аталган кафедрада доценттин жана профессордун милдетин аткарып, студенттерге кыргыз адабияты боюнча сабак берип келген. Ал толугу менен…..

Султан Раев:Суу

Суу – Маркумду сууга ала баштады! – деди боз үйдөн чыккан чокчо сакал, жаш молдо. Котологон элдин аягы тартылып, өкүрүп келгендер да үн чыгарбай калды. Боз үйдөгү аялдардын да кошогу токтоп, үн басылды. Жаш молдо Жоомарт турган жерге басып келип: – Авамы сууга ала баштады, сиз да киресизби? – деди. Жоомарт бу суроого эмне деп жооп берерин билбей, жанында турган кексе аксакалга карады. Чал жаш молдого карай үн катты. – Ата Жоомарттыкы болгону менен, – чекесине конгон тебетей алдынан көзүн жүлжүйттү чал. – А көптөн бери шаарда туруп калып, анын толугу менен…..

Мамлекеттик сыйлык ээлерин куттуктайбыз

КР Президенти С.Н.Жапаров 2021-жылдын 31-декабрында “КР мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Ага ылайык КР Улуттук жазуучулар союзунун төмөнкү мүчөлөрү мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты: III даражадагы “Манас” ордени менен: 1. Мелис Абакиров “Данакер” ордени менен: 1. Абдылдажан Акматалиев КР Эл жазуучусу наамы менен: 1. Суранчы Жетимишов КР Эл акыны наамы менен: 1. Өмүрбек Дөлөев 2. Жолоочу Рысбаев “Даңк” медалы менен: 1. Ысмайыл Кадыров “КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардак наамы менен: 1. Абдырахман Алымбаев (Баяс Турал) 2. Эрмек Үмөтов КР Ардак грамотасы менен: 1. Светлана Луговая Урматтуу калемдештер, толугу менен…..

Жаңы жылыңыздар куттуу болсун!

Урматтуу мекендештер! Урматтуу калемдештер! Сиздерди 2022-Жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз! Босогодо турган жолборс жылында жергебизде тынччылык болуп, элибиз бейпилдикте өмүр сүрсүн. Жаратканыбыз ар кандай оору сыркоо, апааттардан алыс кылсын, башчыларыбызды бардык ишке калыс кылсын. Өтүп бараткан жыл да биз үчүн жаңылануунун, ийгиликтин жылы болду. Бул жылда көздөп жүрүп жетпей калган максаттарыбызды келерки жылы жүзөгө ашырып, адабият жаатында олуттуу иштерди аткарууга белсенип турабыз. Буюрса Жаңы жылда жаңы ийгиликтерди жаратууга мүмкүнчүлүктөр көп болсун! Ар бириңиздерге бекем ден-соолук, үй бүлөлүк бакыт, чыгармачылык эргүү,  талыкпаган изденүү менен катар үзүрлүү эмгек каалайбыз! Жаңы жылыңыздар куттуу болсун! толугу менен…..

КР ЖК депутат болгон калемгерлерди куттуктайбыз!

Бүгүн, 29-декабрда VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ант берүү аземи өттү. Алгач Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайылдабекова парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы менен тааныштырып, шайланып келген депутаттарга тиешелүү ырастама жана төш белги тапшырды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаттыгына КР Улуттук жазуучулар союзунун секретары Мирлан Самыйкожо бир мандаттуу шайлоо округунан, жазуучулар союзунун мүчөсү Нуржигит Кадырбеков “Ыйман нуру” саясий партиясынан шайланып келди. Урматтуу эл өкүлдөрү, сиздерди депутаттык кызматка киришүүңүздөр менен чын дилден куттуктайбыз. Алдыдагы саясий ишмердүүлүгүңүздөрдө элге-жерге пайдасы тийген мыйзам долбоорлорун жазып, толугу менен…..

Москвада Өктөм Калыеванын чыгармачылыгына арналган “Кыргыздын-куту энелер”- аттуу кече болуп өттү

2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарындагы коомдук байланыштар комитетинин Ресурс борборунда көп кырдуу талант, Маданияттын мыктысы, “Алтын калем” сыйлыгынын ээси, эл аралык М.Шолохов сыйлыгынын лауреаты Өктөм Калыеванын чыгармачылыгына арналган “Кыргыздын-куту энелер”- аттуу кече болуп өттү. Бул жолугушууга КР Президентинин кеңешчиси Медетбек Омошевич Букуев, Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин кеңешчиси Эрмек Кыштообаев, экс-элчи Райымкул Аттокуров, Кыргыз диаспорасынын жетекчилери, Москва жана Москва областы боюнча Аксакалдар кеңешинин төрагасы Эртабылды Шамилов, Австриянын, Россиянын, Кыргызстандын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Асатилла Тешебаев, “Мекеним Ала Тоо” коомдук уюмунун жетекчиси Жамиля Бегиева, Менделеев атындагы жогорку окуу жайынын профессору, философия илимдеринин доктору толугу менен…..

Султан Раев Казакстандын “Бирлик” алтын медалы менен сыйланды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Султан Раевди Казакстандын абройлуу сыйлыгы – Казакстан калкы ассамблеясынын «Биpлик» алтын медалы менен сыйлады. Ал Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон салымы, ошондой эле элдердин ортосундагы ынтымакты, кызматташтыкты чыңдоодо, улуттук маданияттарды, мамлекеттер ортосундагы достук мамилелерди жакындаштыруу, өз ара байытуу, достук мамилелерди сактоо жана өнүктүрүүдөгү сиңирген эмгеги үчүн сыйланган. Султан Раев Кара-Суу районунун Жоош айылында 1958-жылы 13-июлда туулган. 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин, 1994-жылы АКШнын Канзас университетинин журналистика жана коомдук коммуникация факультетинин стажировкасын бүтүргөн. Республикалык «Кыргызстан маданияты», «Ленинчил Жаш», толугу менен…..