9-май – Жеңиш күнүңүздөр кут болсун!

Урматтуу мекендештер! Кадырлуу калемдештер! Бүгүн, 9-май Жениш күнү менен чын дилден куттуктайбыз. Кезинде душман менен салгылашып кан кечип жүрүп бизге бүгүнкүдөй жаркын күндү алып берген аталарыбызга түбөлүк таазим кылуу менен Улуу Жеңиш майрамы кут болсун демекчибиз. Урматтуу биздин баатыр аталар, энелер силер согушта кыпкызыл өрт кечип, кан кечип жүргөн талаалар эрдигиңердин аркасында бүгүн кыпкызыл гүлгө оронуп турат. Гүл заманды тартуулаган силер менен чексиз сыймыктанабыз! Эрдигиңерди эч качан унутпайбыз! Улуу согуш өчүрө албаган демиңерди, алалбаган өмүрүңөрдү убакыт уурдап жыл өткөн сайын катарыңар суюлуп барат. Андыктан көзү тирүүлөргө сый урмат көрсөтүп, көзү толугу менен…..

Султан Раев чыгармачыл союздардын төрагалары менен жолукту

А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев чыгармачыл союздардын төрагалары менен жолукту. Жолугушууга Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү К.Мамбеталиев, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, төраганын орун басары К.Кадыракунов, КР Эл жазуучусу М.Абакиров, КР Эл артисти Т.Казаков, Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Т.Усубалиев, КР Эл жазуучусу, театр ишмери Ж.Кулмамбетов, кино ишмерлери ж.б. маданият өкүлдөрү катышты. Султан Раев алдыдагы иш-пландары тууралуу маалымат берип, маданият ишмерлери үчүн аянтча түзүп, эл аралык маданий кызматташтыкты, байланышты арттыруу  керек экендигин айтты. Маданият ишмерлери тарабынан бир катар сунуш-пикирлер айтылып, жолугушуу суроо-жооп иретинде  эркин форматта толугу менен…..

Айтыңыздар маарек болсун!

Урматтуу мусулмандар, Урматтуу калемдештер, Мусулмандардын ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайбыз! Рамазан айында, орозо айтта адам баласы бири-бирин кечирип, жакшы тилек менен бири экинчисинин үйүнө конокко барып, жакшы каалоолорун айтып, “айт маарек болсун” деп, айттап келишкен. Элибиздин эзелтен келе жаткан бул салты ар дайым биримдикте, ынтымакта болууга үндөп келет. Мындай улуу күндө элибизге тынччылык, берекеси төгүлгөн бейпилчилик, ынтымак каалайбыз. Ылайым элибиз, жерибиз ар кандай кырсыктардан, апааттардан алыс болсун. Айтыңыздар маарек болсун! КРУЖС Башкармалыгы

Зайырбек Ажыматовго эстелик тургузулду

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын  Зайырбек Ажыматов 2020-жылдын 28-апрелинде 44 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Бүгүн, акындын сөөгү жаткан Ала-Арча көрүстөнүнө эстелик тургузулду. Маркумду эскерүүгө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана акындын үй бүлөсү, калемдештери, достору, кесиптештери катышты. Акын “Азаттык” радиосунда маданият темасындагы окуяларды чагылдырып иштеген. Анын «Жалгыздык» (1996-ж.), «Мелмил» (2005-ж.), «Нөлү көп жылдар» (2011-ж.), «Жүрөктөгү бороон» (2019-ж.) ыр жыйнактары жарык көргөн. Анын ырларына обончу-композиторлор обон жаратып, эл арасында ырдалып жүрөт.

“Жылдын мыкты котормочусу – 2022” сынагынын сыйлоо аземи болуп өттү

2022-жылдын 28-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде аталган университеттин Гуманитардык факультетине караштуу Синхрондук котормо бөлүмүнүн Кыргызча-түркчө программасы, КР Президентине караштуу Мамлекеттик Тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы, КР Улуттук жазуучулар союзу тарабынан уюштурулган «Жылдын мыкты котормочусу – 2022» кароо-сынагынын жыйынтыгын чыгаруу жана сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү. Берилген көркөм чыгармаларды кыргыз, түрк, орус, англис тилдерине которуу аркылуу котормо бөлүмүндө окуган студенттердин көркөм котормо багытындагы талант, шык-жөндөмүн ойготуу, сыноо максатында уюштурулган “Жылдын мыкты котормочусу – 2022” кароо-сынагына келип түшкөн жыйырма беш студенттин котормолорунун ичинен мыктылары иргелип алынды. Кароо-сынактын жеңүүчүлөрүнө дипломдор, ардак грамоталар, толугу менен…..

Т.Шайдуллаеванын “Балакана” аттуу китеби жарык көрдү

Жазуучу, публицист Топчугүл Шайдуллаеванын “Балакана” аттуу китеби жарык көрдү. Жашоо-турмушубуздун түркүн түс көрүнүштөрүн чебер сүрөттөгөн реалист жазуучунун “Турар” басмасынан 1000 нускада басылып чыккан бул китебине  кийинки мезгилде жазылган аңгемелери киргизилген. Кыргыз улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор, адабиятчы Осмонакун Ибраимов: “Т.Шайдуллаеванын аңгемелери – прозадагы лирикалар, биздин элеттен келген элестер. Жөн эле элестер эмес, эстен кеткис элестер. Дээрлик бардык аңгемелер негизинен бир эле айылдын – “Мөлтүр-Булак” аттуу чакан айылдын эли-журтунун турмушунан алынса да, бул китеп – дагы баса белгилегим келет – азыркы кыргыз элетинин көркөм элестери, ар кимге эле байкала бербеген маанилүү толугу менен…..

Акын Н.Гургубаева КУУнун студенттери менен жолукту

Бүгүн Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинин студенттери менен акын Нарсулуу Гургубаеванын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга студенттер менен катар адабиятчылар Курманбек Абакиров, Сайра Исаева, Гүлзада Станалиевалар катышты. Филология илимдеринин доктору, профессор, КР Улуттук жазуучулар союзунун адабий сын секциясынын башчысы Садык Алахан модераторлук кылып, суроо жооп иретинде жандуу баарлашуу болду. Адабиятчылар автордун чыгармачылыгы боюнча сөз кылышты. “Алыстагы ак жарык” поэтикалык жыйнагынын жана “Кат турмуш” китебинин автору Н.Гургубаева студенттерге ырларынан окуп берүү менен бирге алардын суроолорун жоопсуз калтырган жок. Жолугушуунун толук вариантын жазуучулар союзунун ютуб каналынан жана adabiyat.kg сайтынан жакында көрө толугу менен…..

Элеттен чыккан элдик акын

23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата Ак-Талаа районунда Кыргыз Республикасынын Эл акыны Өмүрбек Дөлөевдин 75 жылдыгына арналган “Улуу элдин улуу калемгери” аттуу адабий кечеси болуп өттү. Кечеге райондун акими Жумадилла Жапаров, райондук мекеме-ишкана жетекчилери, айыл башчылары, КР Улуттук жазуучулар союзунун adabiyat.kg сайтынын башкы редактору, КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын президенти Нурбек Маамытбаев жана китеп окурмандары, замандаш, калемдештери, шакирттери катышты. Нуркул Кулназаров атындагы маалыматтык китепканасынын эмгек жамааты тарабынан элеттен чыккан элдик акындын көргөзмөсү уюштурулуп, райондук маданият үйүнүн таланттарынын концерти менен коштолду. Акындын ырлары окулуп, обондуу ырлары толугу менен…..

Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов акын-жазуучулар менен жолукту

КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов маданият ишмерлери, тактап айтканда акын-жазуучулар, төкмө акындар менен жолукту. Жолугушууда Төрага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан маданият жана адабият ишмерлерин кыргыз элинин маданий-тарыхый мурасын сактоого жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн атайын сыйлыктар менен сыйлады. Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповго жана Кыргыз эл акыны Амантай Кутманалиевге Жогорку Кеңештин Төрагасынын энчилүү саатын ыйгарды. Ал эми Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Калканбай Ашымбаевге, Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер Мырзаян Төлөмүшов менен Эсентур Кылычевге, акын, котормочулар Догдурбек Юсупов менен Жумакун Шариповго, акын, драматург Керез Зарлыковага, Философия илимдеринин кандидаты, толугу менен…..

Баратбай Аракеевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтабыз

Кыргыз адабияты жана журналистикасы оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиӊирген ишмер, журналист жана жазуучу Баратбай Аракеев 11-апрелде 72 жашында дүйнө салды. Баратбай Аракеев 1950-жылы 5-июнда Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылында төрөлгөн. Аталган айылдын орто мектебин аяктап, аскерде эки жылдык кызматын өтөп келген соӊ, Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин 1980-жылы бүткөн. Б.Аракеев жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин “Мектеп”, “Адабият” басмаларында 1986-жылдарга чейин эмгектенген. Ошол жылдардан тартып кыргыз журналистикасына аралашып, Кыргыз улуттук телевидениесинде иштеп баштаган. Ал башкы телеканалда бат эле көзгө басар журналисттердин катарын толуктап, өз алдынча: “Кадырман карыларым”, “Калемгер”, “Мен толугу менен…..