Мамлекеттик сыйлык ээлерин куттуктайбыз

КР Президенти С.Н.Жапаров 2021-жылдын 31-декабрында “КР мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Ага ылайык КР Улуттук жазуучулар союзунун төмөнкү мүчөлөрү мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты:
III даражадагы “Манас” ордени менен:
1. Мелис Абакиров
“Данакер” ордени менен:
1. Абдылдажан Акматалиев
КР Эл жазуучусу наамы менен:
1. Суранчы Жетимишов
КР Эл акыны наамы менен:
1. Өмүрбек Дөлөев
2. Жолоочу Рысбаев
“Даңк” медалы менен:
1. Ысмайыл Кадыров
“КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардак наамы менен:
1. Абдырахман Алымбаев (Баяс Турал)
2. Эрмек Үмөтов
КР Ардак грамотасы менен:
1. Светлана Луговая
Урматтуу калемдештер, сыйлыгыңыздар кут болсун! Сиздерге бекем ден-соолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз. Мыкты чыгармаларды жаратып, түйшүктүү, жоопкерчиликтүү ишиңиздерден баар таап, бакубат өмүр сүрүңүздөр.
КРУЖС Башкармалыгы