Жаңы жылыңыздар куттуу болсун!

Урматтуу мекендештер!

Урматтуу калемдештер!

Сиздерди 2022-Жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз! Босогодо турган жолборс жылында жергебизде тынччылык болуп, элибиз бейпилдикте өмүр сүрсүн. Жаратканыбыз ар кандай оору сыркоо, апааттардан алыс кылсын, башчыларыбызды бардык ишке калыс кылсын.

Өтүп бараткан жыл да биз үчүн жаңылануунун, ийгиликтин жылы болду. Бул жылда көздөп жүрүп жетпей калган максаттарыбызды келерки жылы жүзөгө ашырып, адабият жаатында олуттуу иштерди аткарууга белсенип турабыз. Буюрса Жаңы жылда жаңы ийгиликтерди жаратууга мүмкүнчүлүктөр көп болсун!

Ар бириңиздерге бекем ден-соолук, үй бүлөлүк бакыт, чыгармачылык эргүү,  талыкпаган изденүү менен катар үзүрлүү эмгек каалайбыз!

Жаңы жылыңыздар куттуу болсун!

КРУЖС Башкармалыгы