Майрамыңыздар кут болсун!

Урматтуу калемдештер, Урматтуу замандаштар, Жалпыңыздарды КР Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайбыз! Бүгүн биз майрамдап жаткан улуу күн – Эгемендүүлүк Күнү эртеңки күнгө болгон ишеним үмүттөр менен тыгыз байланыштуу. Үмүтүбуздүн шамын өчурбөй, ата-бабаларыбыздан аманат калган эркиндигибизди таза сактап, келечек муунга татыктуу өткөрүп берүүгө умтулалы. “Улуу көч кайда барса – кичүү көч ошол жакка барат” – дейт элибизде. Туура көч баштап, туура сөз баштап, жаштарга багыт көрсөтөлү. Мекенибиз, көз карандысыз мамлекетибиз гүлдөп өнүксүн! Калемдештерге чыгармачылык эргүү, талыкпаган эмгек, изденүүчүлүк, жаратмандык каалайбыз! Ылайым элибизге эгемендүүлүгүбүз кут болсун! Жерибизде тынчтык, бейпилдик, элибизде ынтымак, биримдик болсун! толугу менен…..

Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктайбыз!

Урматтуу калемдештер, Урматтуу мекендештер, 5-май Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктайбыз! Бүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгына 30 жыл толду. Баш мыйзам өз алдынча мамлекет болуп түптөлгөн өлкөбүздүн ыйык белгиси. Кыргыз Республикасынын герби, туусу, мамлекеттик гимни, улуттук валютасы Конституция менен бекитилген. Элдин биримдигинин, өлкөнүн көз карандысыздыгы менен мамлекеттин бүтүндүгүнүн, коомдун өнүгүүсүнүн, өлкөбуздүн демократиялык, саясий, укуктук, экономикалык жана идеологиялык тирегинин калыптанышынын негизи дал ушул Конституция болуп саналат. Эгемендүү өлкөбүздө эркин жашап, эркин ой жүгүртүүбүзгө, калемди эркин шилтеп, чыгармачылыкты эркин өркүндөтүүбүзгө дал ушул башмыйзамыбыз өбөлгө. Гүлдөгөн өлкөнүн ийгиликтери чыгармалар аркылуу даңазалана берсин! Майрамыңыздар толугу менен…..

Акбар Рыскуловдун “Эл акыны жана элчи” аттуу адабий-поэтикалык кечеси өттү

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Акбар Рыскуловдун 70 жашка толушуна арналган “Эл акыны жана элчи’’ деп аталган адабий-поэтикалык кече болуп өттү. КУУнун мамлекеттик тил жана коомдук иштер боюнча проректору, адабиятчы Садык Алахан модераторлук кылган кечеге КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов, КР Эл жазуучусу М.Абакиров, КР Эл акындары Т.Самудинов, М.Мамазаирова, К.Култегин, академиктер А.Эркебаев, О.Ибраимов баштаган акын-жазуучулар, коомдук-маданий ишмерлер, окуу жайдын эмгек жамааты, студенттер катышты. Катышуучулар авторду 70 жаш мааракеси толугу менен…..

Майрамыңыздар куттуу болсун, аялзат

Урматтуу айымдар, сиздерди 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилден куттуктайбыз! Аялзатынын адам жашоосунда орду чоң. Сиздер үйдун куту, ааламдын көркү, сүйкүмдүү жар, мээримдүү эне болуп, жашообуздун ажарын ачып турасыздар.  Биз мырзалар, аялзатынын мээриминен, жылмаюусунан кубат алып, эрктүү, күчтүү болуп, сиздердин бейгам, бактылуу жашооңуздар үчүн бардык шартты түзүүгө аракет кылып келебиз. Энелерибизди, эже-карындаштарыбызды коргоо жана бакубат жашоосу үчүн жоопкерчилик алуу ар бир эр азаматтын башкы милдети.  Сиздерге бекем ден-соолук, жаркын маанай, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз! Ар бир күнүңүздөр майрам болсун!  Урматтоо менен, КРУЖС Башкармалыгы 

Майрамыңыздар куттуу болсун, урматтуу мекен сакчылары!

Урматтуу Кыргызстандыктар, Урматтуу калемдештер, Сиздерди 23-февраль – мекенди коргоочулар күнү менен чын дилден куттуктайбыз! Жоокер элдин уулдары, баатырлардын урпагы эрктүү, тайманбас, кайраттуу, намыскөй болору ар заманда, ар кырдаалда тастыкталып келет. Мындай эр азаматтары бар элдин келечек мейкиндиги чексиз, жашоосу коопсуз! Асманыбыз ачык, мекенибиз тынч болсун! Бейпил жашоодо мекенге кызматыңыздар сиңсин! КРУЖС башкармалыгы   Зайырбек Ажыматов Аман болчу, Кыргызстан    Кагылайын Кыргызстан, кагылайын, Кайраттанып карууңду жаңылагын. Каным, жаным дартыңа шыпаа болсо, Канатыңды сун мага, дарылайын. Өлбө өлкөм, балапан жаш чагыңда, Өлөлү биз калганча арт жагыңда. Уялаштар, аздектеп карегиңдей, Урпактарга мекенди сактагыла. толугу менен…..

Жаңы жылыңыздар менен

Урматтуу мекендештер! Урматтуу калемдештер! Сиздерди 2023-жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз! Өтүп бара жаткан жыл жазуучулар союзу үчүн жемиштүү жыл болду. Президент С.Н.Жапаровдун жеке тапшырмасы менен жазуучулар союзунун карызы төлөнүп, жалпыбызга жагымдуу жаңылык болду. Буюрса жаңы жылда жаңы имараттуу болуп, жаңы дем, жаңы эргүү менен иштөөгө белсенип турабыз. Мамлекеттин колдоосу менен жаңырган жылдан тарта чыгармачылык багытта алгылыктуу иштерди аткаруу максатыбыз бар. Коён жылында жергебизде тынччылык болуп, элибиз бейпилдикте өмүр сүрсүн. Жаратканыбыз ар кандай оору сыркоо, апааттардан алыс кылсын. Ар бириңиздерге бекем ден-соолук, үй бүлөлүк бакыт, чыгармачылык эргүү, талыкпаган изденүү менен катар үзүрлүү толугу менен…..

12-декабрь – Адабият күнү менен куттуктайбыз!

Урматтуу калемдештер, Жалпыңыздарды бүгүнкү “Адабият күнү”  менен куттуктайбыз! Сиздер, ар бир жазган чыгармаңыздардын ар сабына түнөп, түн күзөтүп, күн кечирип түйшөлүп отуруп, окурмандардын колуна тапшырасыздар. Ошол чыгарманын багы ачылса, сиздердин багыңыздар ачылып, жылдызыңыздар жанат. Андыктан ар бир жазган, жараткан эмгегиңиздердин акыбети кайтып, адамзатка жарыгы тийип турсун демекчибиз. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Башкармалыгы калемгерлерди колдоо, чыгармачылыгына шарт түзүү, шыктандыруу максатында алгылыктуу иштерди аткарып келе жатат. 2 жылдан бери Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен “Алтын калем” республикалык адабий сыйлыгын уюштурууну колго алып, поэзия, проза, драма толугу менен…..

КР Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайбыз

Урматтуу калемдештер, Урматтуу замандаштар, Жалпыңыздарды КР Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайбыз! Кыргызстан өз алдынча өлкө, эгемендүү эркин мамлекет болгондон бери көп кыйынчылыктарды баштан өткөрүп, көз карандысыздыгын сактап, дүйнөлүк коомчулукта өзүнүн татыктуу ордун ээлеп келе жатат. Ар тараптан алдыңкы өлкөлөрдүн катарын толуктоо мүмкүнчүлүктөрү бизде арбын жана акырындан ал жолду басып келе жатканыбыз бизге маалым. Соңку жылдары баатыр жүрөк эр-азаматтарыбыз, балбан кыздарыбыз спортто ийгилик жаратып, дүйнөнү таң калтырып, желегибизди желбиретип, элибиздин намысын колдон түшүрбөй коргоп келатат. Мамлекеттин камкордукка алуусу аларга дем берип, талыкпаган аракеттин натыйжасында ак эмгектин акыбети кайтып, жеңиш артынан жеңиш жаратууда. толугу менен…..

Жаңы жылыңыздар куттуу болсун!

Урматтуу мекендештер! Урматтуу калемдештер! Сиздерди 2022-Жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз! Босогодо турган жолборс жылында жергебизде тынччылык болуп, элибиз бейпилдикте өмүр сүрсүн. Жаратканыбыз ар кандай оору сыркоо, апааттардан алыс кылсын, башчыларыбызды бардык ишке калыс кылсын. Өтүп бараткан жыл да биз үчүн жаңылануунун, ийгиликтин жылы болду. Бул жылда көздөп жүрүп жетпей калган максаттарыбызды келерки жылы жүзөгө ашырып, адабият жаатында олуттуу иштерди аткарууга белсенип турабыз. Буюрса Жаңы жылда жаңы ийгиликтерди жаратууга мүмкүнчүлүктөр көп болсун! Ар бириңиздерге бекем ден-соолук, үй бүлөлүк бакыт, чыгармачылык эргүү,  талыкпаган изденүү менен катар үзүрлүү эмгек каалайбыз! Жаңы жылыңыздар куттуу болсун! толугу менен…..

Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктайбыз!

Урматтуу маданият өкүлдөрү, Кадырлуу калемдештер, Баарыңыздарды бүгүнкү 2-октябрь – Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктайбыз! Улут өз наркын, дөөлөттөрүн сактай алганда гана улут катары сакталып калаары ааламдашуу доорунда биротоло айкын болду. Улуттун дал ушул баалуулуктарын коргоп, көрөңгөсүн кемитпей турган маданият өкүлдөрү эмеспи. Унутта калып бара жаткан маданият менен анын өкүлдөрүнө соңку жылдары көңүл бурулуп, мамлекет тарабынан камкордукка алына баштаганы дагы жакшы жышаан. Бүтүндөй бир улуттун улуу жоопкерчилигин көтөргөн эмгегиңиздерден баар таап, эң бийик сыйлык – эл журттун алкышына арзыңыздар. Бабаларыбыз “элде болсун, эл ичинде бизде болсун” демекчи, дүйнөдө тынчтык болуп, жергебиз толугу менен…..