Султан Раев Казакстандын “Бирлик” алтын медалы менен сыйланды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Султан Раевди Казакстандын абройлуу сыйлыгы – Казакстан калкы ассамблеясынын «Биpлик» алтын медалы менен сыйлады. Ал Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон салымы, ошондой эле элдердин ортосундагы ынтымакты, кызматташтыкты чыңдоодо, улуттук маданияттарды, мамлекеттер ортосундагы достук мамилелерди жакындаштыруу, өз ара байытуу, достук мамилелерди сактоо жана өнүктүрүүдөгү сиңирген эмгеги үчүн сыйланган.

Султан Раев Кара-Суу районунун Жоош айылында 1958-жылы 13-июлда туулган.
1984-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин, 1994-жылы АКШнын Канзас университетинин журналистика жана коомдук коммуникация факультетинин стажировкасын бүтүргөн.
Республикалык «Кыргызстан маданияты», «Ленинчил Жаш», «Жаштык жарчысы» гезиттеринде кабарчы, бөлүм башчы, башкы редактордун орун басары, 1991-жылдан «Кыргыз руху» коомдук саясий жана маданий гезитинде башкы редактор жана уюштуруучу болуп эмгектенген.
2006-2010 жж. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министри болгон.
1990-жылы «Күн кармаган бала» аттуу повесть жана аңгемелер жыйнагы жарык көрүп, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты наамына татыган. Ушул эле китеп 1993-жылы кытай тилинде «Бала тууралуу баллада» деген ат менен Пекиндин «Улут адабияты» басмасынан жарык көргөн.
«Аял», «Аптанын бешинчи күнү» телесценарийлеринин негизинде телефильмдер тартылган.
Ал 1993-жылы «О, кыздар!» аттуу пьесасы үчүн Т.Абдумомунов атындагы сыйлыктын туңгуч лауреаты болгон. «Күн кармаган бала» (1990-жылы) пьесасы М.Рыскулов атындагы Нарын драма театрында коюлуп, өлкөбүздө өткөн «Нооруз» театр фестивалынын Баш байгесин жеңип алган, бул спектакль мурдагы союздук республикалардын бир нече жерлеринде коюлган.
«Таймам» пьесасынын негизинде коюлган спектакль Уфа шаарында өткөн III Эл аралык театр фестивалында биринчи орунду, Карши шаарында өткөн Эл аралык театр фестивалынын дипломун, «Нооруз» театр фестивалынын Гран-Присин, Германияда өткөн Эл аралык театр фестивалынын дипломун жеңип алган.
С.Раев режиссер катары «Кашар» пьесасын Нарын драма театрында, «Исхак Раззаков», «О, кыздар!» пьесасын Ош драма театрында, «Ханышанын көз жашы» пьесасын Туңгуч драма театрында койгон.

С.Раевдин “Кашаба”, “Жанжаза”, “Топон”, “Пусу” ж.б. китептери окурмандардын сүйүктүү китептерине айланып, классик жазуучу катары дүйнө элине ысымын таанытууда.

Раев Султан Акимовичтин эмгеги жогору бааланып, мамлекет тарабынан Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу наамы, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.

Урматтуу Султан Акимович, абройлуу сыйлыгыңыз кут болсун! Сизге бекем ден-соолук, ишиңизге ийгилик каалайбыз! Чыгармачылык зоболоңуз бийиктей беришине тилектешпиз.

КРУЖС Башкармалыгы