КР ЖК Төрагасы Н.Шакиев Улуттук жазуучулар союзуна материалдык колдоо көрсөттү

Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө, кыргыз интеллигенциясынын калыптанышына жана улуттук адабиятты дүйнөлүк деңгээлге чыгарууга зор салым кошкон, токсон жылдык тарыхы бар КР Улуттук жазуучулар союзуна моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын фондунан 200 000 (эки жүз миң) сом бергендиги үчүн Нурлан Шакиевге Башкармалыктын атынан ыраазычылык билдиребиз. Нурлан Тургунбекович, ишиңизге ийгилик, өзүңүзгө бекем  ден-соолук каалайбыз!  Эске салсак, буга чейин КР ЖК мурдагы төрагасы Т.Мамытов да КР Улуттук жазуучулар союзуна 200 000 сом каржылык жардам берген. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзун колдоо марафону уланууда

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзун колдоо марафонуна Азербайжандын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчилиги 100 доллар. Ишкер Маматкадыр Тиллебаев 20 000 сом, Казакстандагы “Мурас” кыргыз этномаданий бирикмеси 10 500 сом Дордой-Дыйкан базарынын директору Салымбеков Эркин Мааткабылович 10 000 сом Гүлмира Кулумбаева 10 000 сом салым кошту.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов акын-жазуучулар менен жолукту

КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов маданият ишмерлери, тактап айтканда акын-жазуучулар, төкмө акындар менен жолукту. Жолугушууда Төрага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан маданият жана адабият ишмерлерин кыргыз элинин маданий-тарыхый мурасын сактоого жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн атайын сыйлыктар менен сыйлады. Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповго жана Кыргыз эл акыны Амантай Кутманалиевге Жогорку Кеңештин Төрагасынын энчилүү саатын ыйгарды. Ал эми Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Калканбай Ашымбаевге, Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер Мырзаян Төлөмүшов менен Эсентур Кылычевге, акын, котормочулар Догдурбек Юсупов менен Жумакун Шариповго, акын, драматург Керез Зарлыковага, Философия илимдеринин кандидаты, толугу менен…..