КР Баатыры С.Жусуевдин мемориалдык тактасы орнотулду

КР Баатыры, кыргыз эл акыны С.Жусуевдин жашаган үйүнө (Москва көч. 141) мемориалдык такта орнотулду. КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары С.Аманова, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков баштаган эл акындары, жазуучулар, маданият ишмерлери катышты. Сооронбай Жусуев 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районуна караштуу Алай-Куу өрөөнүндөгү Кызыл-Жар кыштагында туулган. Айыл мектебин бүтөрү менен 18 жашында 1943-жылы аскердин катарына чакырылып, согуштун акырына чейин Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда байланышчы болуп кызмат өтөгөн. Майданда эки жолу жарадар болгон. Акындын “Алдыга жүргүн, кыргыздар!” “Биз жеңишчил”, “Жаркынга” деген алгачкы ырлары ошол кандуу 1943-жылы жаралган. толугу менен…..

“Карабах аңгемелери” китебинин бет ачары өттү

Бүгүн Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда КР Улуттук жазуучулар союзу тарабынан жарык көргөн азербайжан жазуучуларынын “Карабах аңгемелери” аттуу китебинин бет ачары өттү. Иш чарага төрага Н.Калыбеков, Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Сейфаддин оглу Гандилов, Азербайжан диаспорасынын өкүлдөрү, акын-жазуучулар катышты. Онлайн байланышта ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы С.Раев, Азербайжандан Экбер Кошалы сүйлөп, куттуктоосун билдиришти. Г.Пашаева, Экбер Кошалы, Теране Вахид, Имдат Авшар ж.б. 12 автордун аңгемелерин кыргыз калемгерлери А.Исмаилов, Б.Сарыбаев, Ж.Турсунбаев, Ж.Качкынбаев, К.Умурзаковдор которгон.

Ош шаарында “Жигер” чыгармачылык жаштар борборунун 10 жылдыгы белгиленүүдө

Бул күндөрү Ош шаарында “Жигер” чыгармачылык жаштар борборунун 10 жылдыгына арналган бир катар иш-чаралар өткөрүлүүдө. 16-19-май аралыгына пландалган мааракелик салтанатка републиканын ар тарабынан келген өнөр адамдары, калемгерлер катышууда. Кечээ, 17-майда “Кыздары кыйын кыргыздын” аттуу чыгармачылык борборлордун кыздарынын арасында интеллектуалдык өнөр таймашы болуп өттү. Сынак республикалык деңгээлде болуп, анда өлкөбүздүн 7 дубанынан келген кыздар өз билимин, өнөрүн көргөзүштү. Таймаш учурунда кыздардын интеллектуалдык билими гана текшерилбестен алардын шамдагайлыгы, кол өнөрчүлүгү, ашканадагы чеберчилиги да бааланды. Калыстар тобу: Нуркыз Кадырбекова, Зинакан Пасанова, Бүажар Канызакова, Сурма Курбантаева, Насыйкат Ысмайыловалар болушту. Интеллектуалдык өнөр таймаштын жыйынтыгында баш толугу менен…..

К.Сабыров атындагы адабий сыйлыктын лауреаттары сыйланды

Лейлек районунда өтүп жаткан К.Сабыровдун 80 жылдык мааракеси жана “Өрүкзар” поэзия фестивалы жыйынтыкталды. Райондук маданият үйүндө өткөн салтанаттуу иш чараны акимдин орун басары ачып берди. Бир катар маданият, адабият ишмерлерине сыйлык тапшырды. Бишкек, Ош шаарларынан жана коңшулаш Өзбекстандан келген акын-жазуучулар сөз сүйлөп, куттукташты. К.Сабыров атындагы орто мектептин окуучулары даярдаган сахналык көрүнүш кеченин катышуучуларын толкундантып, көз жашын агызып, иш чаранын көркүн ачты. Акындын чыгармалары окулуп, обондуу ырлары ырдалып турду. Д.Турдуев КР Улуттук жазуучулар союзунун “Сиңирген эмгеги үчүн” медалы, С.Кудайкулов Ардак грамота менен сыйланды. Жыйынтыгында 4 акынга К.Сабыров атындагы адабий сыйлык тапшырылды. толугу менен…..

Алым Токтомушев: Ананбы, анан… баягы турмуш…

КАР ЖААГАН ТҮН Менде жок келчү мейман, кетчү мейман. Кар гана балбалактап көмөт тышты. Баштадым даа бир кышты… Менде жок келчү мейман, кетчү мейман. Түн узун бир шумдуктуу. Сандаган элестердин арасынан мен өзүмдү таап араң туурулган колум менен сылаймын жымжырттыктын маңдайынан. (Эшигим ачылчудай болот менин) Жымжырттыктын нар жагында жымжырттыктын духун сыгып, апамдын назга толгон колу менен алып келип берчүдөй болот мага. Менде жок келчү мейман, кетчү мейман. Кар гана аппак сүткө боёйт тышты. Капырай, ит жаң-жуңу эстен чыкты. (Эшигим ачулчудай болот менин). Менде жок келчү мейман, кетчү мейман. Кирпик каткан. толугу менен…..

Өрүкзардын өчпөс акыны Курбаналы Сабыров

Баткен облусунун Лейлек районунда акын Курбаналы Сабыровдун 80 жылдыгы белгиленип жатат. Акынды эскерүү иш чарасы быйыл 32-ирет өткөрүлүүдө. Жыл сайын үзгүлтүксүз уюштурулуп келген “Өрүкзар” поэзия фестивалы быйыл 80 жылдык мааракеси менен коштолууда. Бул иш чарага Бишкек жана Ош шаарларынан КР Эл акыны А.Рыскулов, Ө.Тиллебаев, Т.Жороев, С.Момуналиев баштаган жоон топ акындар катышууда. Мындан тышкары Өзбекстандан акындар келишти. Иш чаранын алгачкы күнүндө район акими Алмазбек Рахманкулов  кабыл алып, алыстан келип катышып, фестивалдын аброюн көтөрүп жатасыздар, бул сиздердин калемдешиңиздерге болгон сыйыңыздар, адабиятка болгон аздек мамилеңиздер деп, ыраазычылыгын билдирди. Андан соң К.Сабыровдун бейитине барып, толугу менен…..

БМУда Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы өттү

К.Карасаев атындагы БМУда Т.Сыдыкбековдун 110 жылдыгына карата адбий – маданий илимий – агартуу форуму болуп өттү. Ага КР мамлекеттик катчысы С.Касманбетов, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары С.Аманова, КРУЖС төрагасы Н.Калыбеков, академик А.Эркебаев, А.Акматалиев, акын, жазуучулар, маданият өкүлдөрү катышты. Форумду БМУнун ректору А.Мусаев уюштуруп, өзү модератор болду. Бул уюштурулган форумдун максаты кыргыз тилин жана адабиятын байытуу, өнүктүрүү болгон. Иш чаранын алкагында китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. БМУнун студенттери Т.Сыдыкбековдун чыгармаларын сахналаштырып коюп беришти. Иш чаранын соңунда концерттик программа тартууланды.

Акын Нарсулуу Гургубаева ОшМУнун студенттери менен жолукту

ОшМУда М.Горький атындагы адабият институтунун бүтүрүүчүсү, “Көз мончок, “Алыстагы ак жарык”, “Кат турмуш” китептеринин автору, акын Нарсулуу Гургубаева менен жолугушуу кечеси өттү. Кечеге Ош шаарындагы чыгармачыл инсандар, окуу жайдын окутуучулары, студенттер катышты. Иш-чараны Улуттук жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмүнүн жетекчиси Улукбек Омокеев алып барды. Акын Нарсулуу Гургубаеваны окуткан агайы, дайыма таланттарды колдоп, жакшы сөзүн айтып келген Асылбек Айтманбетов сөзгө чыгып, бир кездерде Кыргыз филологиясы факультетинен билим алып, чыгармачылыкка аттанган студенттерин алгачкы кадамдарын, чыгарган жыйнактары, акындын ырларындагы жөнөкөйлүк, турмуш темасынын берилиши тууралуу сөз кылып, ырынан көркөм окуп берди. Филология илимдеринин доктору, профессор Гүлина толугу менен…..

Акын Атахан Кожогуловдун поэзия кечеси өттү

Белгилүү акын, журналист, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Атахан Кожогуловдун “Шамал кайып” аттуу ырлар жыйнагы жарык көрдү. Бүгүн, аталган китептин бет ачары Таштан Эрматов атындагы Бишкек педагогикалык музыкалык колледжинин салтанаттуу жыйындар залында өтүп, кечеге жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, КРнын эл акыны А.Рыскулов, К.Көкүлов, Б.Шамшиев, Б.Салгамани ж.б акын – жазуучулар, адабиятчылар, студенттер катышты. Кечеде Таштан Эрматов атындагы Бишкек педагогикалык музыкалык колледжинин студенттери А.Кожогуловдун калемине таандык ырларын сахналаштырып окуп беришсе, жаш акындар автордун котормолорун окуп беришти. Кеченин аягында поэзия сүйүүчүлөр А.Кожогуловдон дагы ыр окуп берүүсүн суранышып, толугу менен…..

Акын М.Молдалиеванын чыгармачылык кечеси өттү

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусунун чоң залында акын М.Молдалиеванын чыгармачылык кечеси өттү. Поэзия кечеге КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов, акын-жазуучулар, студенттер катышты. Кыргыз филологиясы факультети тарабынан даярдалып уюштурулган иш-чарага адабиятчы К.Абакиров модераторлук кылып, окутуучу, адабиятчы С.Исаева студенттерге акындын чыгармачылыгы боюнча айтып берди. Ыр майрам студенттер даярдаган М.Молдалиеванын чыгармаларын сахналаштырып коюп берүүсү, ырларын көркөм окуусу, обондуу ырларын аткаруусу менен коштолду.