Аман Саспаев: Чөйрө

Чөйрө Өзү жокто «абышка» деп коюп жүргөн, азыркы биздин үйдүн карысы Бегимбай, атамдын атасы – өзүмдүн чоң атам болот. Өз атам болсо, Ата Мекендик согушта, алыскы бир жерди жазданып түбөлүк көз жумган. Абышканын жашы сексенге таяп калса да, атка какайып отуруп алып, алыскы туугандарга чейин барып учурашат. Жүрүш-турушу чыйрак, акыл эси да өз жайында. Ал мени чоңоюп калган кезимде да орунсуз эркелетип жүрдү. Анын ушул баласаактыгын ойлоп, кээде, алыскы бир жерлерге кетип калгым да келүүчү. Бирок, куу чал так эле ушул ичимде жаткан оюмду сезип алгансып, башка туугандардын да, менин толугу менен…..

Максуда Ормонова: Менин апам

Менин апам Апамды сагындым. Аябай сагындым. Сагынычымдын чеги жок. Менин апамдай апа бул дүйнөдө жок! Жок! Албетте, жок! Ох-х, кандай гана мээримдүү. Боорукер, жүрөгү нурдан жаралган. Ар бир тамырынан кан ордуна нур агат. Сөзү балдан таттуу. Көзүн караган сайын карагың келет, жылуулугуна тойбойсуң. Апамдын баскан-турган ар бир кыймылы, сүйлөгөнү, күлгөнү, уктаса уйкусу да мени суктандырат. А жытычы, эч кимде жок жыты, мага дайым жыттанып турат. Апакай көйнөк, ак жоолук апама өзгөчө жарашат. Менин апам ак кийимдерди жакшы көрөт. Бул апамдын жүрөгүнүн таза, мөңгүлөрдөй бийик экендигин далилдейт. Апам да мени сагынды, толугу менен…..

Улан Дөөлөтов: Түш (аңгеме)

Түш (аңгеме) Атасынын чакыруусу менен борбордон жумушун таштап келген Тумарды эшиктин алдынан апасы тосуп алып, башына суу айлантканча бирдемелерди күбүрөнүп, – улаганы оң бут менен аттап кир – деди да чыныдагы сууну киши баспаган жерге серпип жиберип, эшиктин жанына көмкөрүп койду. Бардыгы чогулуп келип чайга олтурушканда эле Тумар: –Ата, бая күнкү баспай калган кыздын ата-энесине “бастырам” – деп сөз берип коюпсуз го? –Ооба, буйруса сенин жардамың менен басат! –Ал кыз канчада экен? –17 же 16 бы?.. –Европа медицина тармагынан бизден канча алдыга кеткен, 3 жылдан бери “мен” деген дарыгерлер бастыра толугу менен…..

Мезгил Исатов: Бир башкача күн

Бир башкача күн (новелла) Тоголок дүйнө— Токтобой томолонот Тоголок көздө. Уйкусураган булуттар таңды жүктөп келатты. Көз ирмемде көтөргөн жүгү кулап, чачыла берди. Нур төгүп келаткан таң төрөлө элек сүрөтчүнүн эң белгилүү сүрөтүнүн сырын ачты. Ар нерсенин соңу сыяктуу. Кош бойлуу келиндин курсагындагы баласы ойгонду. Таң заарлап дагы бир күндүн эшигин ачтым. Жаңы күн башталды. Апапак барак сыяктуу. Бир жолдун уланышы. Амандык сурашым керек бул күндөн. Бул жолдордон. Улуулуктан. Эмнегедир кечээкиден башкачамын. Кечигүүнү күтүп отурам. Ак жарык ичинде. Мезгилдин үнү угулат, шашып бараткан шамалдагы. Эски бир обондой, өзүнөн өзү эле ырдалып толугу менен…..

Кыргыз адабиятына негиз салуучулардын бири Касым Тыныстановдун 120 жылдыгы

Касым Тыныстанов 1901-жылы азыркы Ысык-Көл району, Чырпыкты кыштагында төрөлгөн. Кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, азыркы кыргыз адабиятына негиз салгандардын бири, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналист,биринчи кыргыз профессору. Алгачкы билимди диний мектептен алган, шаардык (Каракол) орус жергиликтүү мектебинде агартуу институтунда окуган. “Эркин Тоо” гезитинин жооптуу редактору болуп иштеген. 1927-30 жж. Кыргыз АССР эл агартуу комиссары. 1928 жылы “Жаңы маданият жолунда” журналын уюштурууга катышып 1931 ж. чейин анын жооптуу редактору болгон. 1931-37 жж. – Кыргыз маданият курулуш институтунда илимий кызматкер, сектор башчысы, директордун милдетин аткаруучу, ошол эле учурда Кыргыз педагогикалык институтунда окутуучу толугу менен…..

Дүйшеке Дөкөнбаев: Сүрөт (аңгеме)

Сүрөт Аңгеме Күйөөсүнүн бул сүрөткө качан, кандайча жалгыз түшкөнү келиндин эми эсинде жок, кантсе да өлөөрүнө жакын жылдары (автокырсык деген кийинки мезгилдерде көнүмүш көрүнүшкө айланып калбадыбы, балээ баскырдыкы) жай айларында, аптап күндөрдүн биринде түшкөнү көрүнүп турат – көйнөгүнүн жакасы жалжайып ачык, моюн-башын тер баскан. Жанда жок шашма эле го шоруң каткыр, чачтары да текши таралбай эки-үч талы чок төбөсүндө сербейет. Жакаларын да түзүктөп оңдоп албаптыр. Атайылап сүрөткө түшүп жаткандан кийин эч болбогондо мойнун кургата сүрүп алса эмне, майлап алгансып жылтыратпай. Келин жука эриндерин жымыра тартып секин тиштеген болду – бир толугу менен…..

Мусакун Сатыбалдиев: Терек

Терек Аңгеме Үйүнө жетип калган. Ушул учурда дал маңдайдан чарт эткен чагылган уюлгуган кара булуттарды как жарып, жылып келаткан кечки иңирди көз ирмемге жаркытып өттү. Шапалактай чубалжып, ийрелеңдеген чагылган оту асман менен жерди тепчип барып, туңгуюкка сөндү. Анын артынан кулак тундурган күркүрөк угулду. Таман алдындагы жер дирилдеп кеткенин сезди Эркингүл. Жарыктан көзү тунара түшкөн эле. Бүрүшүп жерге олтура калды. Дыбырап жамгыр башталды. Ал өзү менен кошо дуулдаган шамалды ээрчите келаткансыды. Туруп баратып, кучак жеткис теректи көрдү. Негедир ал азыр сүрдүү, мурункудан да зор көрүндү. Чынында эле бу чөлкөмдө мындан чоң, толугу менен…..

Мурзапар Үсөн: Санжар (аңгеме)

Жазуучу Мурзапар Үсөн Баткен районунун Кара-Булак айылында туулган. Кыргызстан жазуучулар кошуунунун  мүчөсү. Бир нече романдардын, повесттердин, драмалардын автору. Романдары: “Ааламдар алкагында”, “Сакылар жери”, “Менин философиям”, “Тайгак кечүү”, “Сырттан”, “Ыйык Валентин”, “Газават”, “Бөрүлөр”, “Дөң китеп”, “Райкомдун аялы”, “Данакер”. Повесттери: “Кан Манастын бейитин издеп”, “Өрүктүү өрөөңдө”. Драмалык чыгармалары: “Кызыл Топу”, “Бөрү уюк”, “Акылкарачач” (трагедия), “Жетимдер жетилгенде” (трагико-комедиа), “Жетөөнүн бири”. Санжар   (аңгеме) Бир жолу Алай багытынан туугандашып Дароот-Коргондон автобуска отуруп келаткам. Чакан “ВАЗ”да Ошко тарткан жүргүнчүлөр жыш. Талдык айылынын тушуна келгенде дагы бир топ адамдар чыгышты. Декабрдын ызгырык суугу жанга өтүп турса да толугу менен…..

Чыңгыз Айтматов: Демократиянын чеги – эркиндик менен тартип

***** Сүйүү. Жүрөгүндө сүйүү бар адам бардык нерсени түшүнөт. Ага бүткүл дүйнө, бүткүл аалам кымбат. Анткени анын сезими ушунчалык бийик, ушунчалык улуу – ага бардык жашоо мейкиндигин, чоңдордун да, өздөрүндө келечек турмушту камтыган балдардын да, бүткүл адамзат тиричилигинин бир бүтүндүгүн түшүнүү зарыл. ***** Адам мүнөзүндөгү прагматизм, рухий жармачтык, жүрөксүздүк, ойдун мажирөөлүгү сыяктуу сапаттардын негизинде эмне жатат? Албетте, балалыктын жардылыгы, кунарсыздыгы. ***** Балалык – менимче, адам духунун, чыгармачылыгынын, поэтикалык ажардуулугунун синоними. ***** Сүйүүгө, достукка, адамдык мамилелердин тазалыгына жана адилдигине, жомок сыяктуу сезилген идеалга ким чын дилден ишенсе – ошол баатыр. ***** толугу менен…..

Арслан Койчиев: Тагдыр жөнүндөгү ыр (Ара жолдо калган жоокердин окуясы)

Жазуучу Арслан Капай уулу Койчиевдин “Тагдыр жөнүндөгү ыр” (Ара жолдо калган жоокердин окуясы) аттуу китеби жарык көрдү. Китеп жалпы окурмандарга арналат. Арслан Койчиев: Тагдыр жөнүндөгү ыр (Ара жолдо калган жоокердин окуясы) Ж. М-нын жана анын тагдырлаштарынын арбагына арнадым I Орус менен кыргызды айра таанып айырмалайм деп эзели башы оорубаган, бу кең ааламда “кыргыз” деген эл болорунан кыпындай да кабары жок мынабу дүйнө капар Розенберг кыштагынын жайнаган жай тургундарынын көзүнө жөн эле бир сөлпөйгөн орус болуп көрүнгөн, согуштан кийин мекенине тирүү кайтуудан өлгүдөй коркуп, коркконунан мында корголоп калып калган мусаапыр орус толугу менен…..