Кыргыз адабиятына негиз салуучулардын бири Касым Тыныстановдун 120 жылдыгы

Касым Тыныстанов 1901-жылы азыркы Ысык-Көл району, Чырпыкты кыштагында төрөлгөн. Кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, азыркы кыргыз адабиятына негиз салгандардын бири, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналист,биринчи кыргыз профессору. Алгачкы билимди диний мектептен алган, шаардык (Каракол) орус жергиликтүү мектебинде агартуу институтунда окуган. “Эркин Тоо” гезитинин жооптуу редактору болуп иштеген. 1927-30 жж. Кыргыз АССР эл агартуу комиссары. 1928 жылы “Жаңы маданият жолунда” журналын уюштурууга катышып 1931 ж. чейин анын жооптуу редактору болгон. 1931-37 жж. – Кыргыз маданият курулуш институтунда илимий кызматкер, сектор башчысы, директордун милдетин аткаруучу, ошол эле учурда Кыргыз педагогикалык институтунда окутуучу толугу менен…..

Максуда Ормонованын “Ташка да керек эркиндик” аттуу китебинин бет ачары болду

2021-жылдын 20-февралында акын, жазуучу Максуда Ормонованын “Ташка да керек эркиндик” аттуу китебинин бет ачары болду. Иш-чарага КРУЖС төрагасы Н.Калыбеков, КР Эл акындары Н.Жаркынбаев, М.Мамазаирова, Т.Закирова, КР Эл жазуучусу А.Жакшылыков, КР Эл артисти С.Садыкова, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер Т.Нурманбетов, Г.Шакирова, К.Сыдыкова, А.Сариев, Ж.Саалаев, Б.Максутов, А.Эгембердиева, Б.Арстанбекова ж.б. акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү катышты. Китепте 1916-жылкы Үркүндө Кытайды көздөй качып, ашууда калган бир үй-бүлөнүн көргөн турмушу чагылдырылат. Ач-жылаңач балдарын ажалдын чеңгээлинен аман алып калуу үчүн кара жанын карч урган эненин образы сүрөттөлгөн бул китеп М.Ормонованын прозадагы алгачкы ийгилиги. Автор буга чейин толугу менен…..