Мурзапар Үсөн: Санжар (аңгеме)

Жазуучу Мурзапар Үсөн Баткен районунун Кара-Булак айылында туулган. Кыргызстан жазуучулар кошуунунун  мүчөсү. Бир нече романдардын, повесттердин, драмалардын автору. Романдары: “Ааламдар алкагында”, “Сакылар жери”, “Менин философиям”, “Тайгак кечүү”, “Сырттан”, “Ыйык Валентин”, “Газават”, “Бөрүлөр”, “Дөң китеп”, “Райкомдун аялы”, “Данакер”. Повесттери: “Кан Манастын бейитин издеп”, “Өрүктүү өрөөңдө”. Драмалык чыгармалары: “Кызыл Топу”, “Бөрү уюк”, “Акылкарачач” (трагедия), “Жетимдер жетилгенде” (трагико-комедиа), “Жетөөнүн бири”.

Санжар  

(аңгеме)

Бир жолу Алай багытынан туугандашып Дароот-Коргондон автобуска отуруп келаткам. Чакан “ВАЗ”да Ошко тарткан жүргүнчүлөр жыш. Талдык айылынын тушуна келгенде дагы бир топ адамдар чыгышты. Декабрдын ызгырык суугу жанга өтүп турса да улуу кардан дайын жок. Айтылуу көк тиреген Талдык ашуусунун чаңы асманга көтөрүлүп Оштон Тоолуу Бадахшан тарапка катар чиркешкен жүк ташуучу оор машинелер тынбайт. Акбосогодон өтүп жол боюндагы Арчалуу айылчасына жакындаганыбызда шофер жүргүнчүлөрдөн “түштөнүп алалыбы?” деп сурап калды. Бирөөсү макул десе, дагы бири “э, жүрө берели да, ар кимдин гүлазыгы жанында да” дешти. Ошондо менин артымдагы орундуктан кулагымдын түбүнөн “курсагым ачты” деген баланын үнү шак этти. Бурула карай салсам он, он бир жаштардагы мөлтүрөгөн, үстү жүдөө, баёо караган бала айнек тарапта кысыла тик туруп келатыптыр.

…Антип-минтип түштөнө жолго кайра аттандык. Жанагы эч кимге тийиштиги жок, чайкананын бир бүрчөгүндө коруна отуруп нан жеп, суу ичип алган өспүрүмгө эми баарыбыз көңүл бура баштадык. Жанында келаткан аял тиримтик муңая жооп берип, аягында улутунуп алган жашык дилдин аки-чүкүсүнө дейре териштире сурап отурду. Дагы эле баягы жек көрүмдү ичимдик. Атасы машиненин астында калып каза таап, апасы эки бөбөгү менен турмушка чыгып кетиптир. Кыйыр туугандарынын колунда түрткү жеп батпай көчөдө тентип, жаман курсактын айынан колдон колго өтүп, акыры ушу алыскы Алайдын Дароот-Коргонунда бирөөнүн коюн кайтарып, буудайын тазалап жүрүп жарыбаган акча менен кайткан учуру экен шордуунун. “Анын да жарымын кожоюндун балдары жолдон тооруп коркутуп тартып алышты” – деп, дартын айтар адамы жок ызага буулуп турган неме өзүн басалбай өрөпкүп бышактап алды. “Кой, ыйлаба, балам, пешенеңди кудай ачсын! Убалың заманга жетсин! Союз жаман дечү элек, корун эми тартып жатпайбызбы. Дагы бир жакшы күн бардыр пешенеңде” деп, жанагы аял да түтпөй кетти аёо сезими бөлкүлдөп.

Автобустун күркүрөгөн үнү гана кантип ушу жетимге жол таап жардам көрсөтөрүн билбей туңгуюкта кыстала жалдырап келаткан ой дүбүртүн бузбаса, көйгөй турмуштун көлүндө өзүбүз чөккөнү чамындыга өлөтала жабышып баратканыбызды унутуп, үн-сөзсүз жал-жал аяп караганыбыз эле ошо бала болуп калды. Жанагы аял жанындагы бирөөгө: “Ушу сенин эркек балаң жок, төрт кызыңа элдемчи-эрмек болот, бала кылып албайсыңбы?” – деп божураганын мен эмес баары уктубу көкүрөктө тумчуккан үн тарс жарылды автобус ичи жандана. Тааныган-билгендер: “Ошент, Карыбек, кудай таалам эркек баланы сага жолдон берди. Асырап бала кылып ал, көз мээрде” – деп туш-туштан жаалап калышты. Жашы элүүдөн ашкан кара торусунан келген киши экен, анысы да көңүлүнө макул сала бердиби, ынангансып баланы жанына чакырып алды. Эртеден берки көкүрөк эзгилеген бала ташпишинен жүргүнчүлөр да арылгансып чөккөн көңүлдөрү куунак. Жаңыдан табышкан ата-баланын өксүк сагыныч кусалыгы басылгансып, экөөнүн ыкташа отуруулары да жарашып калды. Аны-муну кобурашып жатышканын укпай деле үргүлөп баратып “кантип калышты” дедимби, кылчая карасам бала атасынын көкүрөгүнө башын жөлөй уктап баратыптыр. Бирок мындай төп келишүү көпкө узабады.

“Боорго тартсаң көкүрөкө тепчүлөрдөн болуп жүрбөсүн, мындайлардын далайын көрбөдүкпү” дегендер да кеп-сөзгө аралашты эле арабызда. Айткандай эле “бөрү баласы ит болбойт” дегендей биз го балага боор ачып, өксүк, уулга зар жүргөн Карыбек акеге жабыштырганыбыз менен жанагыдай ыргылжың сөздөрдөн улам иштин акыры кандай болооруна бүдөмүк карап, кантсе да үмүт экен, ушу жетимдин талаада калбашын тилеп, бир даарыбыз Карыбек акенин уулдуу болгонун куттуктап алкоо сөздөрдү каалап да жибердик. Ошондо бир жашы алтымыштардан ашкан кемпир тымпыя четте отурду эле. “Бул неге кеп-сөзгө аралашпайт, кулагы кереңби?” деп дуулдап атышкан жүргүнчүлөрдүн арасында унчукпаганына көңүл да бөлүнбөй, бир саам карай калганым эсимде. Мына ушу өңү кубара эриндери кыпчыла титиреңдеп көздөрү Карыбек акеге кадала түшкөнүн, анан эле ордунан тура барып баланы тургуза жанын тосуп отуруп алганын көрүп таң калдык. Бала не болуп кеткенине түшүнбөй төгөрөгүндөгүлөргө суроолуу жалдырайт. Анан эле кемпир Карыбек акенин кулагына бирдекелерди шыбырап тарамыштай колдору менен бир нерселерди жаңсап түшүндүрүп жатты. “Иш өлдү” дедим куйкам куруша жан дүйнөм чаң тополоң түшүп. Көрсө, азыткыдай көрүнгөн кемпир Карыбек акенин эжеси экен. Отургандардын баары утуру артын карап коюшуп, “бүткөн ишти бүлүнткөн, энелик дидары, жигери жок азыткыны жаман көрүп баратышты. Жанында отурган аял “аягы канабаган куу баш көрүнөт, бу не кылганы же инисин кызганып жатабы?” деп обдулуп тура калып барып өзүн араң басты. “Кайра сүйүнбөйбү иним уулдуу болду деп”. Акыры өзүн кармай албай кеттиби кайрылып туруп кемпир жаман көрсө көрсүн дедиби айтаар сөзүн айтып калды.

―Эже, бул жигит иниңиз экен, өзүңүздүн балдарыңыз барбы?

―Бар, кудайга шүгүр. Уулум уя, кызым кыя.

―А иниңиз уулдуу болсо жаманбы?

―Э, кудай өзү бербеген немени… Таштанды бала болчу беле.

―Болсо дагы жакшы, болбосо адамдын жакшылык кылган соопчулугу.

―Соопчулукту билген-көргөнгө жаса дейт. А мунуңду ким билет… Чоңойгондон кийин элиме кетем деп сызга отургузуп баса берсе, анда көр.

―Баланы бала кылыш ата-эненин төккөн мээриминен.

―Кой, сиңдим, мага акыл үйрөтпө. Мунун да башы бар. Жолбун тентиген балага эле жолдон ата болгудай жети өмүрү жерде калыптырбы. Баятан бери жөн койсо маскара кылдыңар – деп тымпыя отурган пасанда дем алынып кетти. Аял да эмне дээрин билбей, андан аркы сөздүн кайда кетээрине көзү жеттиби, колун шилтеп күбүрөнүп барып “ушулардын убалы уктатпасын совет заманын жок кылгандарды!” деген күйгөндөн жүүн-мууну бошошкон каргышын угуп калдым.

Кантеримди билбей, эси-көөнүм мустар турган балада. Адамдардын алдында аксакал эжесинин көңүлүн калтыргысы келбедиби “болду, эже көп сөздүн кереги не. Кааласа ошо кыздардын катарында жүрсүн. Азыр эле ата, бала болуп калганыбыз жок го. Жөн гана боорум ооруп ийип жатканым” деп баарыбыздын көңүлүбүздү тынчытарлык сөзүн айтып таштады терезе жактан көзүн албай. Ошо адам соодасына түшкөн Карыбек акеге да, ортодо мустар боло көзү жашылдана заманасы куурулуп турган балага да ушу көз ирмем мүнөттөр ушунчалык оор эле. Айтылган сөздөрдүн баары жүрөктөн өтүп чучука жеткени, башын көтөрө адамдардын жүзүн карай албай көзүнүн жашын жумбай төккөнү солкулдаган мүрүсүнөн билине каңырык түтөткөн жетимчилик жүрөк эзгилейт. Туруп барып баланы жаныма жетелеп келдим. Андан бетер жер карап бышактайт. Автобус ичи оор улутуна деми ичине түшүп кеткендей тымтырс мелтирейт. Баарынын оюнда ушу тырмактай жетим бала кыжалаты. Эч ким аны он жашта деп ойлобойт. Санаадан, сагыныч-кусалыктан ой өскөн менен бой өспөй калган.

―Атың ким?

―Санжар.

―Мени менен кетесиңби?

―Үйүңүз барбы?

―Бар.

―Балдарыңызчы?

―Үч уул, бир кызым бар.

―А тиги киши мага бала болосуң деди эле… Мен макул болсом өнөгү кемпир көнбөй жатпайбы.

―Эгер ал киши жүр дебесе барасыңбы?

―Кайда?

―Баткенге.

Дагы эле мээримдүү караган Карыбек акеден үмүтүн үзалбай жаттыбы ал тарапты бир карап алып буйдала не дээрин билбей туруп: Макул, балдарыңыз урбайбы? – деди акырын унчугуп.

―Урбайт. Сени алар ини кылып алышат, – дедим өзүмө имере тартып. Жанымдагы аял да мээримин төгө; – Жакшы эле кылдың ошолорго кор кылбай. Тиги азыткы инисин коруп отура берсин эне болгондон айланып садага кеткир! – деди көңүлү тына.

Карыбек аке кемпир экөө Мадыга жетер жетпес жерде түшкөнү шоферго бакырып калышты. Бала үмүттүү карап турду эки адамдын ортодо жүк көтөрүп келаткан кыймылына. Карыбек аке жаныбыздан өтүп баратып “жүр, кеттик” деп эңиле баланын колунан жетелей калды. Кантерин билбей жаш жүрөгү тыбырчылап ээлигип турганбы мага “не дейсиз?” дегендей кылчая калып арык колун узатты.

―Болуптур, Санжар, эр жетип жигит бол! Карыбек аке сага ата болот. Ал кишини уятка калтырба. Пешенеңди кудай ачсын! Мен сөзсүз сени издеп барам. Мени унутпагын, макулбу?

―Макул, унутпаймын, Атыңыз ким?

―Мурзапар. – Бетинен имере тарта өөп, колуна акча карматсам албай жашылдана мукактанды.

―Ал, уялба –деп колуна кармата кысып койдум.

―Болуптур, Карыбек аке, сиз албаганыңызда өзүм алып кетмекмин. Ырахмат сизге! Элдин назары түшкөн бала сизди эч качан уят кылбайт. Кудай буюрса дагы жолугушабыз-деп кол алыша узатып калдым. Алдында бараткан кемпир кантерин билбей бейтааныш жүргүнчүлөргө болгон уятына эзиле бүкчүңдөп түшүп жатты.

―Сен дагы жакшы бар, иним! Ырахмат, жүрөгүң жүрөк экен! Жолуң түшүп калса Талдыкка кел, мейман болуп кетесиң. Санжар экөөбүз тосуп алабыз, – деп жадыраганча түшүп баратты.

―Келем, Карыбек аке, сөзсүз келем! Уулуңуз сизди уят кылбайт! – деп ишенимдүү элжирөөдө барк эттим кубанганыман өзүмдү жогото.

Андан бери канча жылдар өттү. Дайыма жолдон табышкан ата-баланы эстей берем. Чын эле менин оюм дагы тилегим кабыл боло көңүлү өскөн Санжар жигит болуп Карыбек акенин жеңилин жерден, оорун колдон алып калдыбы дей берем. Анан эле “же”… деген бүдөмүк ой көкүрөгүмдө нары кетпей же бери чыкпай тура берет. Көрбөгөнүңдөн кийин ар кандай шайтан азгырыкка жетелене бересиң да. Оо, көчө Гавроштору кыргыздарда деле толтура. “Мээрим”, биз мына минтип жатабыз дегенибиз менен ал саналуу гана жетимдердин маңдайынан сыланчу көрүнүш.