Аман Саспаев: Чөйрө

Чөйрө

Өзү жокто «абышка» деп коюп жүргөн, азыркы биздин үйдүн карысы Бегимбай, атамдын атасы – өзүмдүн чоң атам болот. Өз атам болсо, Ата Мекендик согушта, алыскы бир жерди жазданып түбөлүк көз жумган. Абышканын жашы сексенге таяп калса да, атка какайып отуруп алып, алыскы туугандарга чейин барып учурашат. Жүрүш-турушу чыйрак, акыл эси да өз жайында.

Ал мени чоңоюп калган кезимде да орунсуз эркелетип жүрдү. Анын ушул баласаактыгын ойлоп, кээде, алыскы бир жерлерге кетип калгым да келүүчү. Бирок, куу чал так эле ушул ичимде жаткан оюмду сезип алгансып, башка туугандардын да, менин да кулагымдын кужурун алып жүрүп, мындан төрт жыл мурда келинчек алып берди. Балалуу да болдум.

Мен абышканын жалгызымын да, тезирээк небере-чөбөрө жыттап, өзүнүн тукумунун үзүлүп калбай, уланып баратканын көрүшү зарыл да.

Атам мени кичине кезинде кандай башкарганын билбеймин, азыр да түркүн өнөрү чыгып, эркиме такыр койбойт. Жашоонун жайын сен биле бербейсиң. Мен анын ою менен болушум керек. Ою менен болбоско да болбойт. Былтыртан бери торпок бакканды да ушул абышка чыгарды. Шаардакы механизаторлук курска тизмеленип, совхоз жагынан жиберилгени турганымда, директордун алдында эки саат кылчылдап отуруп алып, калтырып койгон болучу. Ал эми жакындан бери башчыларга айтып, тиленип, мени чабан кылмакчы болуп жүргөн. Мен болсом, кой багууга караганда техниканы алда-канча жакшы көрөм. Бул оюмду бир жолу абышкага айттым. Абышка таягын тактайга тыкылдата отуруп, мындай жооп берди.

–Техниканы эмне кыласың? Карамайдан айран таттуу, темирден сөөк жумшак, баселкеден жайлоо жакшы.

Бул салыштырмасынан кийин мен ал жөнүндө ооз ачканды койдум.

Иш ушундай болсо, мүмкүн, чабан да болуп калармын, кой багып жакшы өстүргөнү үчүн Эмгек Баатыры болуп «Волга» минип жүргөндөр азбы?

 

*****

Бир күнү контор алдына барсам, кулактандыруу чапталып калыптыр, окуп алып кубанганымды айтпаңыз. Башкы механикти издеп тапкыча шаштым. Механик жылуу-жумшак, жакшы жигит эле, бул ар кимдин ичтеги тилегин тартынбай айтууга мүмкүндүк берет эмеспи.

–Торпогуңду бердиңби? – деп сурады ал.

–Ооба, жакшы асырап, семиртип өткөрүп бердим.

–Сени чабандыкка алмакчы эле, комсомолсуңбу?

–Ооба, комсомолмун, бирок мен механизатор болууну көптөн каалаймын.

–Арыз жаз, орточо зарплатың берилип турат. Курс бүткөндө толук аласың.

Он минутага жеткизбей арызын жазып тапшырдым да, эч нерсе көрбөгөнсүп үйгө келдим. Приказдан өтмөйүнчө азыр абышкага айтуунун кереги жок. Ким билет, абышканы баары эле сыйлашат, ал озунуп барып башчыларды колго алып алса, иш мүлдө бузулат.

Эртеси мехцехке барып тракторист жээнди түшкү чайга чакырып келдим. Өзү да сөзгө сараң жигит болучу. Жолдо келе жатып:

–Бир артист болуп бериңиз, – дедим мен бардык жагдайды түшүндүрө келип. –Трактор айдагандарды абдан мактаңыз…

Ал макул болду.

Биз үйгө кирип келгенде жаңыдан чайга отурушкан экен. Келинчегим абышканын чынысына сүттөп чай куюп, жумшак токочтон чылап, анын үстүнө бир кашык сары май, бир кашык шекер салып нанын жибитип берди. Бул анын ар дайым чоң кайнатага көрсөткөн сыйы.

–Таеке, күүлү-күчтүү турасызбы?

–Жакшы турам, атаң маркум мал багып анын ыраатын көп көргөн киши эле. Сен болсоң кара майга чыландың, да калдың, – деди абышка. Мүмкүн ушул сөздөрү менен мага да таасир эткиси келсе керек.

–Майга чыландың дегиче акчага чыландың, десеңизчи…

«Акчага чылангычын көрчү мунун!» деген кишиче абышка аны тиктеп калды.

–Сен эмне койчудан артык аласыңбы?

–Койчу-мойчуңузду билбейм, өзүм парторгдан кем албаймын, – деп жооп берди да мени карап калды жээн. Куу чалды экөөлөбөсөк болоор эмес дегени.

-Булардын айлыгы мындан ары өсөт дешет, – демиш болдум мен чакырыкка үн кошуп.

Абышка жибиген нандарды кашык менен оозуна салып, ашыкпай бүйлөлөп ары жутту да:

–Жакында биз кой алабыз, сенин артык алганыңды ошондо көрөм. Өкүмөт бош жүргөн күнүңө акча төлөбөйт, – деп койду.

Абышканын өз оюна ишенгени шончо, биздин тапкан сөздөрүбүздү чымындын ызылдагындай көрбөйт. Жээндин, абышканын оюн акчага бурам дегени бекер кетти.

Аңгыча балам бир тегерек темир таап келип, баранка жасап алып, «дү…дү-үт!» деп машина айдап калды. Абышка аны бир карап койду. Илгерки балдар чыбыктан ат минүүчү эле, эмки балдар темирден машина жасайт, деп ойлоду.

Ортодо бир минутадай унчугушпай калдык.

Чайды ичип боло берерде:

–Пай-пай-ий… – деп жээн өзүнүн бирдемеге катуу таң калганын билдирип башын чайкады. Ал дагы «сынап» көргүсү келсе керек.

–Азыр биздин илимпоздор кыйын чыкты го. Кара ниеттикке кыпындай да жол калбады. Бир түрдүү айнек чыгыптыр, туут мезгилдери жакындаганда, бир короо койду айдап айнектин алдынан өткөрөт экен, ошондо бир короо койдон канча козу тууларынын эсеби айнекке жазылып турат дейт. Кара ниет койчулар эгиз козуларды так көрсөтпөй кытып алалбас болуптур…

Илимдин бул «табылгасын» укканымда өзүмдү токтото албай күлүп жибердим. Абышка эгиз козунун бирин алып калайын деп, койчулукту талап кылып жаткан жок да. Абышка буга кайра кубанып калды:

–Азамат экен аны тапкан…

–Таеке, азыр койду трактор менен багабыз деп жатасыз – деп жээн тике качырды.

–Карыганда койду эмне кыласыз, же тракторду айдай албайсыңар…

–Тракторду бат эле үйрөнүп алам. Азыр да айдай алам, бирок, ички механизмин билбеймин. Койду трактор менен бакса, анда биз кантебиз? – дедим мен аңкоосунуп.

–Кой, келжиреген сөздү айтып эмне кереги бар? Кой деген кыя беттерге жайлайт, трактор дегениңер түз жердин макулугу, – деди абышка таягын алып эшикке кетмекчи болуп, – андан көрө кой бага турган темир киши чыгыптыр дебейсиңерби, – деп мыскылдап коюп чыгып кетти.

«Ушундай сызга отургузмак» дегенсип жээнди карадым.

–Бул чалга чоңдордон бири айтпаса тил албайт, – деди жээн акырында. Эртеси окуу башталды. Мен кабыл алыныпмын. Мектептин бош классы түрдүү механизмдердин сүрөтү тартылган плакаттар менен толду. Ал аз келгенсип кыймылдаткычтын өтүлө турган механизминин бөлүктөрү жөнүндө да сөз болду. Ошентип сабак да башталды. Жашы бар, карысы бар дегендей жыйырма беш киши партада отуруп калдык. Курс биринчи ирет ачылышы эле.

Алды менен парторг келди да КПСС БКнын ноябрь Пленумунда каралган маселелерден баштап, азыркы өндүрүштүн өркүндөө талабы, курс ачууда совхоздогу мүмкүндүктөр жөнүндө токтолду. Акырында, ишибизге ийгиликтер каалап сөзүн аяктады. Андан кийин главмеханик трактордун келип чыгуу тарыхы, анын өндүрүштөгү жумушу жөнүндө баяндап келип, айрым механизациядан комплекстүү механизацияга көчүү максатында бизди тарбиялап жатышканын айтты. Анан тракторду жикке бөлө баштады.

Сабак бүткөндө техникалык терминдерди жаттай-жаттай үйгө келдим.

–Күнү кечке кайда жоголдуң? – деп сурады абышка.

–Балдар менен эле, – дедим да, – чайың барбы? – деп кара күчкө келинчегиме кайрылдым.

–Тигини, «балдай менен», – деп абышка балача туурады да ордунан туруп таягы менен көзүмдү чукумуш болуп койду, анан эшикке чыгып кетти. Тике караганда өңүндө аздап күлүмсүрөөнүн жышааны билине түштү.

-Абышкага эмне болгон? – деп сурадым чай алып келген келинчегимен.

–Билбейм жана парторг менен көчөдө көпкө сүйлөшкөн, ошондон бери эле кирип-чыгып тынымы кетип жүрөт.

Абышка кайра киргиче «иш бүткөн экен!» деп ойлоно, чайымды ичип отурдум.

Жок, абышка баякыдай эле жылуу чырай менен кирип келди. Таягын ордуна койгондон кийин:

–Бир үй-бүлөдө бир механизатор болот экен. Сен эмес тиги атагы чыккан чабандар да трактирди үйрөнөт дейт парторг, – деди абышка маа карап.

–Сенин уурданып барып окуп жатканыңды билем. Жакшы үйрөн, кой бакканга кереги тийүүчү неме көрүнөт…

Мен күлүп жибердим. Иштин менин пайдама мындай оңой чечилерин ойлогон эмес элем…