Аман Саспаев: Чөйрө

Чөйрө Өзү жокто «абышка» деп коюп жүргөн, азыркы биздин үйдүн карысы Бегимбай, атамдын атасы – өзүмдүн чоң атам болот. Өз атам болсо, Ата Мекендик согушта, алыскы бир жерди жазданып түбөлүк көз жумган. Абышканын жашы сексенге таяп калса да, атка какайып отуруп алып, алыскы туугандарга чейин барып учурашат. Жүрүш-турушу чыйрак, акыл эси да өз жайында. Ал мени чоңоюп калган кезимде да орунсуз эркелетип жүрдү. Анын ушул баласаактыгын ойлоп, кээде, алыскы бир жерлерге кетип калгым да келүүчү. Бирок, куу чал так эле ушул ичимде жаткан оюмду сезип алгансып, башка туугандардын да, менин толугу менен…..