Улан Дөөлөтов: Түш (аңгеме)

Түш

(аңгеме)

Атасынын чакыруусу менен борбордон жумушун таштап келген Тумарды эшиктин алдынан апасы тосуп алып, башына суу айлантканча бирдемелерди күбүрөнүп, – улаганы оң бут менен аттап кир – деди да чыныдагы сууну киши баспаган жерге серпип жиберип, эшиктин жанына көмкөрүп койду.

Бардыгы чогулуп келип чайга олтурушканда эле Тумар:

–Ата, бая күнкү баспай калган кыздын ата-энесине “бастырам” – деп сөз берип коюпсуз го?

–Ооба, буйруса сенин жардамың менен басат!

–Ал кыз канчада экен?

–17 же 16 бы?..

–Европа медицина тармагынан бизден канча алдыга кеткен, 3 жылдан бери “мен” деген дарыгерлер бастыра албаса биз кантип?

Баласынын оозунан сөзүн жула тартып, каардураак үн менен:

–Балам! мен бул кызды үч жыл мурда түшүмөн көргөм. Азыр ойлосом ошол кыз баспай калгандан кийин көрүпмүн: – бир күнү “чөптөрдү кургатайын” – деп жайып жатсам суйкайган боз көгүчкөн ачылып турган оозгу терезеге конду. Тап берсем качпайт, анан кызыгып жанына барсам бир бутунан жарадар экен. Кол сунсам коркуп уча качпай колума конду, алып келип ачытмадан сүйкөп бутун таңдым. Бирөө көргөзгөнсүп түз эле баягы чатырда жашап кеткен көгүчкөндүн уясына учуп барып жатып алды. Үч төрт күн ошол окуя кайталанды, төртүнчү күнү кайдан-жайдан жанында уянын мурдакы жашоочусу пайда болуптур. Биз баккан. Жарадар көгүчкөн бутун таңдырып, барып уяга жатканда жанындагысы ага жем ташып берет. Ошентип буту айыкканда конок көгүчкөн кайдадыр учуп кетти.

Бая күнү кызды “терезеден” (“терезе” деп компьютердин экранын атап алган) көргөндө ошол түш шак эсиме түштү. Дароо билдим. Анан сага…

–Кайдагы түшкө ишенесиз да андан көрө. Бул жолкусун апасы капталынан чыгып,

–Атаңа сөз кайрыба! Кыргызда ар бир түштү жоруп, аяндарды чечмелеп, түшкө терең маани беришкен. Өңүңдө көрүп-билбеген чындыкты түшүңдө көрөсүң. Атасы,

–Андан көрө чайыңды тез ичип алып “Айкашканы” мин дагы өргө бастырып, бир аз тердегенде бастырмага аса байлап кой. Кечинде жарым саат отко коюп, кайра аса байлап, таңашырабыз. Таң кылайганда отко өзүм коём, кыз келгенге даярдайлы. Өзү жакшы көргөн ат короодо байланып турганын угуп,

–Айкашканы быйыл “үйүр айдатам” – деп жүрдүңүз беле? – суроосунун жообун укпастан “оомиин” кылып, шаша-буша чыгып кетти.

–Күрөң кийиз тердикти эле салып мин, ээр токуба! – атасы артынан кыйкырып койду.

Мектепти бүтүрүп ата-энесинин жанынан кеткенине эки жыл болгон. Ат мингенди сагынган Тумар жүгүргөн бойдон короого киргенде эле, койкойгон кундуздай кара жалтылдаган; маңдайында айга окшош аппак кашкасы бар атка көзү түштү, – Оо жаныбарым, эликтей сындуу ат болгон турбайсыңбы, жанына басып барып колун сунду. Айкашка бир аз чочулагансып кошкурунуп алып, өйдө каратып ачып алган алаканды көргөндө жыттагылап, тай кезинен аны үйрөтүп, үстүнөн түшпөй чапташып минип, маал-маалы менен сугарып, чөбүн, жемин, кээде чөнтөгүнө таттуу-тарапаларын катып келип берип жүргөн дос-чабандесин жытынан тааныганда, дароо мурдагыдай – бакалоорумду кашы! дегенсип моюнун созду. Тай кезинен минип жүргөн аттын эмне каалаганын түшүнүп, бир колу менен көкүлүн тарап, экинчи колу менен алкымын кашып учурашты. Атасы айткан кийиз тердикти салып, так секирип минди дагы көл жакка чымын-куюн чаптырып кетти.

Күүгүм кирип калганда кайткан уулун короонун оозунан күтүп алган атасы, –Бул экөөнүн башы кошулду көлгө жөнөшөт – күбүрөнүп, дагы көл кечкендерин аттын соору, куймулчагындагы ак тактардан байкап, – тердигин албай аса байлап кой – деди.

Таң эрте атасы баласын ойготуп, – тур, бүгүн кыз келет, даярданалы, атты сугарганча көл кечтирип кел, суу сээрин көмсүн. Мен болсо дары чөптөрүмдү камдай берейин – деди да сыртка чыгып кетти. Тумар болсо, – келчү кыз кандай болду экен? – деген суроону өзүнө узатты дагы кайра, – “аксак кыз да” – деп өзүнө жооп кайтарды.

Адатынча түштөнүүгө отурганда атасына суроолорду жаадыра баштады:

– Ата, сиз мыкты саяпкер дагысыз. Айкашкага кайдагы кызды мингизгенге таптабай, “Көчмөндөр оюнуна” чапсаңыз байгеге илинмек. Булчуң эти толуп, туягы тик, бели кыска, буту узун, арышы дагы, өргө, ылдыйга бирдей чуркайт экен.

–Уулум, экөө бири-бирине жолтоо болбойт, а эгер эки ишти айкалыштырып жасасаң өзүң дагы рахат аласың. Анан тиги кыз жөн кыз эмес – көзүн уулунан алып, аялын сырдуу карап койду.

–Ат минген го жакшы, бирок күндүн аптабында чөп тергендин эмнеси рахат, эки ишиңиздин тең машакаты көп го?

–Мына сен шаарда кылган ишиңе билимдин күчү менен жеттиң, а бул Кудай берген жөндөм. Муну он жыл болсо дагы үйрөнө албайсың себеби; кылып жатканыңдан рахат алыш үчүн ал жөндөмдү Кудай каныңа куюп, ыроолошу зарыл. Сен; англис тилинин “А” сын билбей барып, бирок эки жылда эркин сүйлөп калдың, чынбы?

–Чын

–Балким сени тиги чет өлкөлүк кызды түш көргөндөн кийин бөлөк эмес, ошол окууга жардамың тийсин үчүн жөнөттүм… – мыйыгынан жылмайып. Сырттан машиненин сигналы угулуп, баары жабыла чыгышты. Абалды түшүнгөн жигит атасына айттырбай басып барып, алардын тилинде – унаадан түшүп, үйгө кирүүнү сунуштады. Аңгыча машиненин арткы эшиги ачылып, көздөрү көлдөй көк, жылдыздуу сүрөттөгүдөй кыз баш бакты. Кыздын чырайына арбала түшкөн Тумарды ачылган эшиктин алдынан көрүнгөн балдактын башы алаксытты. Кыздын бутун көрүп, – соо болгондо мени карачу кыз эмес экен – ичинен ойлонуп коюп, жанына барып жардамдаша кетти.

Үйгө кирип баары чайга отурушканда кыздын атасы балага карап:

–Атаңдан сурасаң баары биз сүйлөшкөндөйбү?

–Ооба, эки жарым, үч айда бут шилтеп калат буйруса

–Атты ким мингизет, биз болсо ат мине албайбыз?

–Ошончүн мени шаардан чакыртышты, силердин тилде дагы сүйлөйм, эки ишти бир аткарам.

–Кызыбызды өз кызыңардай карап бергиле, биз болсо дароо кайтабыз, жумуш күтпөйт.

–Сүйлөштүк. Кыздын атасынын сөздөрүндө кандайдыр бир ишенбестик бар экенин Тумар байкап, бирок ал эмес өзү дагы ишенбегендигине, кайдагы түшкө ишенген атасына таң калгандай конокторду түшүнүү менен кабыл алды. Оюн бөлүп

–Уулум, атты мин дагы терин алып кел, кызды таң саардан баштап мингизебиз, сен келгенче кийимин алмаштырып турсун, дары чөптү даярдап койгом, келип бутуна сүйкөйсүң.

–Ата, сиз эмес мен дарылоочудай айттыңыз го? – күлө сураганда, атасы сүрдүүрөк карап

–Эрте кел! – деди.

Биринчи күнү аттын тердигин албастан кызды бир саатча өңөрдү. Өмүрүндө көрбөгөн окуялар болуп жатканына жана аттан жыгылып түшөмбү деген чочулоосу айланага көз чаптырганга деле шарт түзгөн жок. Кечинде короодо атты тарап жатып, бүгүнкү болгон окуяны кайра-кайра түрдүрүп, өзүнүн ойлоруна ишенбей, бирок; эгер кызды бастырсак анан ушинтип катуу кучактап өңөрүп алып… Жанына келген атасын байкап, оюн окуп алчудай дароо жыйынтыктады да, көңүлү келбегендей түр менен

–Ата кызды өңөрбөй, учкаштырсам болбойбу?

–Кыздын бир бутунда каруу жок, аттан ообош үчүн эки бутта тең күч болушу керек, аны сен жакшы билесиң. Уулум, экөөбүз мындан ары ачык сүйлөшөлү, мен сенден сурагандарга ачык жооп берсең экөөбүздүн ийгилигибиз жообуңан, анан айткандарымды так аткарганыңдан көз каранды.

–Макул ата сураңыз.

–Айтчы бүгүн кызды өңөргөндө дүүлүктүңбү? Бети кызара түшкөн Тумар жер карады эле, атасы дароо түшүнүп:

–Кызды өңөргөнүңдүн бир себеби ушунда; кыз 13 жашында жаңы этек кири келип баштаганда кырсык болуп, кайра токтоп калган экен. Бул эмнени түшүнтөт? Кыз бойго жетилип баштаганда эркекке болгон кызыгуусу жоголуп, өзүн керексиз сезип, аял болуп кубулуусу токтоп калган. Эми биздин тапшырмабыз – кыздагы аялдык сезимди ойготуу. Сен артына мингенде шылтоолоп уялбай эле бекем кучакта. Айкашканы дагы үйүр айдатпай алып калганымдын бир себеби; айгырдын тери жана жытында күчтүү феромон бар, кыздын мурунуна жыттанганда каалоону пайда кылып, козгой баштайт. Аттын сымбаттуусу дагы таасир этет, ошончүн “жээрдени” айгыр кылып, кара кашканы алып калгам. Улак тартып жүргөн олбурлуу колдоруң менен колунан кармап, атты сылат, жалын тарат, өңөрүп баратканда эле эңкейтип омуроосунан кучактат. Кээ бир күндөрү жайдак өңөр; чурай – адамдын эң талылуу жана сезимтал, нервге туташ тамырлар өтө көп жери. Аттын тери сиңгенде адамдын терисиндеги өлүп же өспөй калган клеткаларын жандандырып, өсүүнү тездетет. Кошумча дары чөптөн ичирип, бутун укалаганча сүйкөп турасың. Кыздын чурайлары аттын сээрине сүрүлгөндө табигый массаж болуп клеткалар жанданса, кан жүгүрүп, сезим пайда болот. Өмүрү уулун атынан атабаган атасы

–Тумар, экөөбүз гана билчү дагы бир сыр бар: кыздагы уктап калган сезимин ойготуш керек.

–Кантип?

–Эркектик мүнөзүңдү көргөз, көп сүйлөш, сырдаш. Кызга кылган мамилеңди туюп, өзүн сүйүктүү сезе баштаса, анан колдон келсе сүйдүргөнгө аракет кыл, ошондо эрте жыйынтык чыгат. Кыздын туюмун ичинен жандандыруу менен сыртындагы кубулушту тездетебиз. Өзүн сүйүктүү сезген адам, өзүн дарылоого күчү бар. Анүчүн сен өзүң жакшы көргөн ишиңди кыл

–Кайсы иш?

–Ат мин, кызды өңөрүп алып көл кылаалап бастыр, көлдү кечкиле, күүгүмдү көргөз. Айтмакчы, туздуу суу дагы өтө пайдалуу. Илгери ата-бабаларыбыз айтчу “ыйык көлдүн суусу миңдин бири” – деп. Сен аны жыгылып кетесиң деген шылтоо менен кыса кучакта, ал биринчи өңөрүлгөндө эле сезди сенин кубатыңды.

–Кандайча?

–Сени бала кезиңен жайдак атка көп мингиздим. Ат жалында жүргөн эркек бели кубаттуу, тамырлуу, чыйрак болгон. Ат минүү менен адам баласын тарбияласа болот. Мына ушинтип эки ишти айкалыштырсаң сен дагы жакында ишиңен рахат ала баштайсың. Мен саяпкерлик менен табыпчылыктан, а сен кесибиң менен хоббиңден. Ат минип келген сайын эмне кылдыңар төкпөй-чачпай айтып берип турасың.

–Макул ата.

Ат мингенден чочулабай, кээде артындагы жигитке ишенип колун коё берип, артка чалкалай боюн таштап эркелей берчү Анжела:

–Тумар, дал ушинтип сага боюмду таштап, бирок ат үстүндө эмес, кум үстүндө отурабыз – деп суранды. Өзү дагы ошону каалап турган Тумар дароо макул болду. Көл жээгине кызды көтөрүп барып отургузду дагы ат үстүндө өңөргөндөй артына жайгашты. Кыз көзүн жумуп, жигиттин кучагына кысыла, улам түрүлүп келип соккон толкундун ыргагын кармап алды. Толкун дагы кыздын каалоосун сезгенсип, тез бири-бирин артынан кубалап келип, “шарп” этип кыздын этегине чабылат да, кайра келиш үчүн жол кылып бир аз суусун кумга калтырып, ылдам тартылып кетет. Көл тынчып, көл мемирегенче отурушту да, күүгүм кирерде жээктен оолагырак жылышты. Экөө көпкө көлдү тиктеп отуруп, көп нерселерди сүйлөшүштү. Анжела: мындай романтикага чөмүлгөн кооз күүгүмдү; теңи кызыл, теңи ак булуттарды, күн “чогуу түнөйбүз, менин коюнума жатчы” – деп тоо артына этегинен тартып баратканын. Асман түшүп кеткенсиген көпкөк көлдү айтса, Тумар: ошол көлдүн тамчысы карегине таамп кеткендей көздөрдү көрбөгөндүгүнө суктанып айтып кыздын маанайын көтөрдү. Бүгүн экөө каш карайганча отурушту.

*****

Арадан эки айча убакыт өткөндө адатынча ат минип келишип, ачытма чөп дарыны атасы айткандай, назик бутун укалаганча берилгендик менен сүйкөп баштаганда, Анжела, – Тумар бутум кычышып жатат – деди. Мындай кабарды атасы дароо айтуусун эскерткен. Айтып бергенде жеңилдей түшкөнсүп, ууртунан жылмайган атасы, “үхх” дей жай отура кетти.

–Эми эрте жат, эрте турабыз. Таң саарда шүүдүрүм чогултабыз. Сары-Ойдун адырында бастырып жүргөнүңдө байкадыңбы, ачылган гүлдөрдүн жыты аңкып, мурунду өрдөп калыппы?

–Ооба, бая күнү Анжелага талаа гүлдөрүнөн терип бергем.

–Баракелде уулум, кыздын сезимин бир аз козгопсуң да. Саны кычышканы чын болсо, бутуна жан кире баштаптыр. Кызга айт, ал дагы эрте турсун, сен шүүдүрүмдү чогултуп жүргөнүңдү каратып отургузуп коёбуз. Бирок айтпа, силерде “сүрприз” дечү беле, ошентип кой.

–Сюрприз ата

–Ооба ошондой.

Тумар кылыктана Анжеланын бөлмөсүнө баш бакса, көтөрүңкү маанайда ата-энеси менен сүйлөшүп жатыптыр.

–Анжела, менде сен үчүн сюпризим бар, анүчүн эрте уктап, эрте турушуң керек.

–Кандай сюрприз, четин чыгарып айтчы?

–Жок, анда сюрприз болбой калбайбы. Өмүрүңдө, жада калса кинолордон көргөн эмессиң андайды.

–Макул анда, бейпил түн!

–Сага дагы.

Тумар эшиктен башын алганда, Анжела артынан карап, мурдатан пайда болгон сезими дене-боюн жылытып, ысыгы кулакка жеткенде сезим күчөп баратканын көкүрөгү менен туйду. Тумар болсо каалганы жапканда тиктеп калган Анжеланын көзүндөгү жылуулук эшикке уруна түшүп, эшик жылый түшкөнсүп денесин эшикке сүйөп бир аз турду да, кыялына жетеленип, эртеңки күндү сүйлөшүүгө атасына баш бакты. Анжела жер бетинен көрбөгөн сюрпризи кандай болду экен – деген ойдо шыпты тиктеп жатып көзү илинип кетти.

Таң эрте Батма апа эшиктен кирип, адатынча кызга кийингенге ишаарат кылып, жардамдашып жүрөт. Кыз апаны карап; келгенден бери өз кызындай мамиле кылып кийинтип-ичинтип, жуунтуп-тарантып жүргөнүнө ичинен ыраазы болуп, Тумардан үйрөнгөн сөз менен “rahmat” деп койду. Апа болсо жылуу жылмайып, коляскага отургузду дагы, сыртка түртүп жөнөдү.

Күн жаңыдан тоо башынан кылайып чыгып калган. Муздагыраак жел айдаганына карабай Анжела чыйрыккансып барып, эки колун көтөрүп дене-боюн керип алды. Адырдан соккон желде; өзгөчө мурда-кийин билбеген жыт мурдун өрдөгөндө моюну созулуп, мурдун көтөрө жытка тамшанып көзүн жумуп, эргий түштү. Көзүн жумганда кулагына бир чымчыктын (торгойдун) сайраганы урунуп, бөлөк дүйнөгө түшүп калгандай сезилип, ошонун баары биригип жан дүйнөсүнө магдыроо тартуулап, маанайы жогорулады.

Нары жактан “апа” деген үн угулуп, Батма апа кызды түртүп адырды көздөй жөнөдү. Адырды тең ортолоп калганда колясканы чыгыш жакты карата буруп, тормозун бекитти. Төмөнүрөөк жакта Айкашканы минген Тумар турат. Өзүнчө бир спектакль коюуга даярдангансып, камынып алган. Чын эле, “чү” деп темингенде ат ордунан октой атырылып чөп аралашкан гүлдөрдү аралай сызды. Артына эки башы жип менен байланган чоң сууланган жүзарчыны сүйрөтүп алган. Атты чаптырып келип жанынан өтүп баратканда “it’s for you” деп кыйкырып өтүп кетет. Экинчи ирет кайрылып жанынан өтөрдө Анжела алдыга жүткүнө:

–Сен эмне кылып жүрөсүң? дегенде

–Сен үчүн гана, шүүдүрүм чогултуп жатам деген жоопту укту. Шүүдүрүм, аны кандай чогултат, чогултуп алып эмне кылат деген сыяктуу суроолор башына толуп кетсе да, болуп жаткан окуя таңын алды. Нары барып атасына токтогондо, атасы жүзарчыны даярдап койгон чакага сыгып алат дагы, кайра экинчи чакадагы сууга малып туруп, кол көтөрүп ишаарат бергенде жигит атты чаап жөнөйт. Анжелага, Тумардын “сен үчүн” деп шүүдүрүм чогултуп, аттын үстүндө алып-учуп жүргөнү, тоодон жаңы баш баккан күндүн нуру, бир аз чыйрыктырган, бирок жанга жагымдуу сыдырым жел, мурда-кийин укпаган торгойдун сайрашы түштөй сезилди. Кээде баары өңүндө болуп жатканына ишенип ишене албай, Тумар айткандай “кинодо болбогон кыялдар орундалып жаткандыгын”, ушул жерде жүргөн үч адамдын аракетине ичи жылып, көзүнө жигит өтө сүйкүмдүү көрүндү. Саамга Тумардан бөлөк эч ким жана эч нерсе көрүнбөй, угулбай калганда, жүрөгүнүн гана согушу угулуп “сүй, сүй” деген өкүм чыгаргандай үн укту. Бир маалда жүзаарчыны атасына берип, атты камчылап чаап бараткан жеринен камчыны оозуна тиштей калып, аттан ооп түшчүдөй болуп эңкейгенде кыз чочуп кетип ордунан обдула түштү да, бирок бала оомок тургай өсүп турган гүлдү ат үстүнөн эңип кеткенин көрүп, чочуп кеткендиги – сүйүп калгандыгы экендигин сезди. Эми гүл терип келип эңкейип сунганда, ого бетер сүйкүмдүү көрүндү. Жада калса жактыруудан делебеси козголо түштү. Көздөрү жайнаган кыз гүлдү кармап, оозу ачылган бойдон атасын көздөй чаап бараткан жигитке ашыгып, ордунда кала берди.

Үйгө келгенде көзү көргөндөрүнө ишенбей отурган кыздын үстүнө Тумар, сюрприз жактыбы? дегенче, болгон окуяны түшүндүрүп бергенге баш бакканда эле Анжела:

–Мен… өмүрүмдө мындайды көргөн эмесмин. Түшүмдөн дагы деле ойгоно электей сезилүүдө же өңүмбү? аңдай элекмин.

–Бул өңүңдөгү түшүң. Сюрприз менен түшүңдөгү атчан каарман жактыбы?

–Ооба, абдан. Кыздын кыялындагы ханзаада экен. Айтсаң ал ханзаада эмне чогултуп жүрдү?

–Шүүдүрүм чогултуп жүрдү

–Ал эмне, аны эмне кылат?

–Ханышасын дарылайт. Ушул маалда түркүн гүлдөр чыгып, дары чөптөр бышып, дарылык касиети күчөйт. Таң саарда дары чөп жана гүлдөрдөгү болгон пайдалуу нерселер шүүдүрүмдүн тамчысына чыгат. Аны кол менен чогултуу мүмкүн эмес болгондуктан, жанагындай сууланган жүзаарчы менен чогултуп алат. Андан сага дары кылып беребиз. Эми Кудай кааласа ошол чөптөрдүн маңызы айыктырат сени. Муну укканда кыз сүйүнүп, маңдайында отурган Тумардын мойнуна асылып, кулагына “рахмат ханзаадам!” – деп айтып алды. Тумар дагы ошону каалап тургандай белинен кыса кучактап, “баары сен үчүн гана” деди. Ошол күндөн тарта кыз-жигиттин сүйүү баянынын алгачкы тамгалары баракка түшө баштады. Бирок бул баян мурда эле башталганын атасынан бөлөк эч ким билбейт.

Кыздын ушул үйгө келгенинен үч айдай өтүп, балдак таянып, бир бутун сүйрөп келген кыз, балдакчан болсо да сылтып басып баштаган. Аны көргөн Тумар бир чети сүйүнсө, бир чети кыздын кетерин ойлоп, өзүнчө бушайман. Анжелинанын кетери бир жума мурда билинген: Батма апа адатынча эртең менен кыздын бөлмөсүнө кирсе кыз терезенин кыргагына балдаксыз эле жөлөнүп, жаткан төшөгүн тиктеп туруптур. Апа чочуп кетип, жакын барып төшөктү караса орто жери кан болуп калыптыр. Муну көргөн Батма апа, сүйүнүп, кызга кантип түшүндүрөрүн билбей, баш бармагын жогору каратып көргөздү. Кыз деле канды көрүп неге “жакшы” деп жатат дегенсип, суроолуу ордунда туруп калды.

Эртең мененки чайга отурганда Анжела:

–Тумар, бүгүн менин төшөгүм кан экен, аны көрүп апа “жакшы” дегенсип баш бармагын көргөзүп койду?

–Апа, эртең менен төшөк кан болуп…

–Апаң мага айтты, сүйүнгөнүнүн себеби; тестиер секелек кыз жетилип, этек кири эми келип баштаганда кырсык болуп токтоп калган. Төшөктөгү кан ошол кыздын этек кири – бул кыздын клеткалары жанданып баштады дегенди билдирет. Өз алдынча туруп да калыптыр, аз күндө биздин көзөмөлүбүздүн астында бутун шилтеп баштайт. Эми сен ушул күндөн тарта атты тердетип келип, баягыдай тердигин аласың дагы жайдак атка жанагы кыска шортасын кийгизип, өңөрүп-сөңөрбөй өзүн мингизесиң. Кыз аттан жыгылбаш үчүн эки бутун кысканда, балтырларынын булчуңдары чыңалып баштайт. Алгач ооруйт, аны чөптүн майын сүйкөп, укала. Көз кыйыгыңды салып байка кандай сезимде отурат, бир нерсе сезип жатабы байка – деп, атасы уулунун оозунан жулуп алган сөзүн аяктады. Тумар баарын түшүндүрүп берген соң, Анжела кайра

–Мен бассам кетеримди билесиң да? Тумар билем дегенсип чайын ууртады да атты камдаганы сыртка жөнөдү. Отурган ата-энеси эч нерсени билбейт дейсиңерби, апасы:

–Айттым беле “уулуңду түйшүккө салып аласың” – деп.

–Кайдагыны айтпачы, түшүмдө…

–“Түш! түш!” эле дейсиң, качан оңолосуң?! Түшүң го жакшы аяктаптыр, а жашоодо бөлөкчө да… Ата-энеси келип алып кетет, буту басып чуркаган кыз. Карачы кандай чырайлуу көзү көлдөй, денеси кардай, тулкусу маралдай.

–Менин уулум деле жөн сөрөй эмес.

–Дегеним жок. Кыялдарыңа ишенбей күнүмдүк менен жашасаң боло.

–Болду эми, баары мен көргөндөй болот, бас камыналы.

Кыздын ата-энеси келип, көргөн көздөрүнө ишенишпейт. Элдин ушундай касиети бар экенине таң берип, атка болгон мамилесине жана бул жаныбарды мынча билген калк жок экенине ынанып, бир четинен таң калса, бир четинен кубангандарынан көздөрүнө жаш айланды. Коштошуп жатканда кыздын атасы Тумарга акча сунуп, – атаңа болгон ыраазычылыгым, такыр үзүлүп калган үмүтүбүздү жандырды, дегенине карабай, адатынча капталдан чыккан атасы, – мага пулдун кереги жок, жакшылыгын Кудай өзү кайтарып берет – деп албай койду. Бул кылган мамилесине түшүнүп түшүнбөй, кызын алып үйлөрүнө кайтышты. Сабак башталды деген шылтоо менен Тумар дагы шаарга жөнөп кетти. Бирок Тумардын мүнөзүндө, көз карашында көп нерселер өзгөрүп, атасына болгон сыйы күчөдү.

Бир жылдан соң өткөн жылдары каникулга тараганда иштейм, практика деген сыяктуу шылтоолор менен борбордон айылга келбей жүргөн болсо, быйыл айылга ойлонбостон келди. Бул жолкусун Тумар илгери атасы көргөн түштү дал өзүндөй көрдү. Таң эрте көл кылаалап келүүнү шылтоолоп, Анжела уктап калганча интернет аркылуу тил үйрөтүп, сабак өткөнчө, көргөн түшүн сүйүнчүлөгөнгө үлгүрүүгө шашты. Көл жээгине барганынын себеби; Анжела көзүндө эле эмес, жан дүйнөсүндө жайгашкан көлдү көргөзүүнү суранган.