Улан Дөөлөтов: Түш (аңгеме)

Түш (аңгеме) Атасынын чакыруусу менен борбордон жумушун таштап келген Тумарды эшиктин алдынан апасы тосуп алып, башына суу айлантканча бирдемелерди күбүрөнүп, – улаганы оң бут менен аттап кир – деди да чыныдагы сууну киши баспаган жерге серпип жиберип, эшиктин жанына көмкөрүп койду. Бардыгы чогулуп келип чайга олтурушканда эле Тумар: –Ата, бая күнкү баспай калган кыздын ата-энесине “бастырам” – деп сөз берип коюпсуз го? –Ооба, буйруса сенин жардамың менен басат! –Ал кыз канчада экен? –17 же 16 бы?.. –Европа медицина тармагынан бизден канча алдыга кеткен, 3 жылдан бери “мен” деген дарыгерлер бастыра толугу менен…..