Улан Дөөлөтов: Түш (аңгеме)

Түш (аңгеме) Атасынын чакыруусу менен борбордон жумушун таштап келген Тумарды эшиктин алдынан апасы тосуп алып, башына суу айлантканча бирдемелерди күбүрөнүп, – улаганы оң бут менен аттап кир – деди да чыныдагы сууну киши баспаган жерге серпип жиберип, эшиктин жанына көмкөрүп койду. Бардыгы чогулуп келип чайга олтурушканда эле Тумар: –Ата, бая күнкү баспай калган кыздын ата-энесине “бастырам” – деп сөз берип коюпсуз го? –Ооба, буйруса сенин жардамың менен басат! –Ал кыз канчада экен? –17 же 16 бы?.. –Европа медицина тармагынан бизден канча алдыга кеткен, 3 жылдан бери “мен” деген дарыгерлер бастыра толугу менен…..

Гүлзат Дооранбек кызы: Билсең эгер бүт дүйнөмсүң сен менин, Күнүм болуп чыгып турган булуттан

Сендик болуп калайын -Сени сүйөм…. -мен да сүйөм кымбатым, Кооздоп жаздым махабаттын ырларын. Сен бар үчүн сыноосуна сынбастан, Мен жашоонун көрүп келем жыргалын.   -Сагындыңбы? -ооба абдан сагындым, Алыс жакта сагынычка кабылдым. Сени эске салып турчу ар убак, Кусалыктын ак шурусун тагындым.   -Эсиңдеби? -азыркыдай эсимде, Эң алгачкы бүлүк салган сезимге. Сени сүйгөм, эстедиңби сен дагы, Эрке мүнөз, күлгүн курак кезимде.   -Күттүң беле? -күтүп жүрөм азыр да, Келер деген үмүт менен жазында. Сени издеп, сен деп жүрөт байкасаң, Сага деген сезимдерим ар ырда.   -Барам бир күн… -келчи анда толугу менен…..