“Карабах аңгемелери” аттуу китеп жарык көрдү

КРнын Улуттук жазуучулар союзунун уюштуруусу менен Азербайжан Республикасынын депутаттары Ганира Пашаева, Жаваншир Фейзиев жана азербайжан, кыргыз акын-жазуучуларынын катышуусунда “Карабах аңгемелери” аттуу китептин бет ачарына арналган онлайн конференция өттү. Карабах окуясына арналган согуш, өмүр, өлүм, жашоо, мекен тууралуу жазылган аңгемелерди кыргыз акын-жазуучулары А.Исмаилов, Ж.Турсунбаев, Б.Сарыбаев, Ж.Качкынбаев, К.Умурзаковдор которгон. Аталган китеп КРнын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбековдун көзөмөлүндө редакцияланып, баш сөзү жазылып, Азербайжан парламентинин депутаты Ганира Пашаеванын жана акын, котормочу А.Исмаиловдун аракети менен Азербайжан Республикасынын Баку шаарында жарык көрдү. Конференциянын жүрүшүндө Азербайжан парламентинин депутаты Ганира Пашаева китептин жарык көрүшүнө салым кошкон инсандарга, толугу менен…..

Жаңы-жылыңыздар куттуу болсун!

Урматтуу калемдештер, Урматтуу мекендештер, Биз бүгүн эски жылды узатып, Жаңы-жылды тосуу алдында турабыз. Өтүп бараткан жыл биз үчүн гана эмес, бүтүндөй дүйнө үчүн оор жыл болду. Канчалаган калемдештерибизден, мекендештерибизден айрылдык. Бул жыл бизге адам кадырын, адам баркын баалай билүү керек экендигин сездирип кетти. Бардыгы адам баласы кыялдангандай, каалагандай боло бербей тургандыгын көрсөтүп өттү. Болбосо, бул жылда көп иштерди аткарууга, көп ийгиликтерди багындырууга максат койгонбуз. Тилекке каршы, ал тилектер ишке ашпай калды. Эми, максатты бийик коюп, башты өйдө көтөрүп, алдыдагы жылга ишенимдүү кадам таштайлы. Жараткан кыйынчылык берсе, артында ийгилигин кошо берет. толугу менен…..

Жоомарт Бөкөнбаевдин 110, Тенти Адышеванын 100 жылдыгы белгиленет

2020-жылдын 29-декабрында саат 12:00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрында кыргыз элинин залкар акыны, драматург, котормочу Жоомарт Бөкөнбаевдин 110 жылдыгы жана Кыргыз ССРинин Эл акыны Тенти Адышеванын 100 жылдыгы белгиленет. Акын, драматург, котормочу Жоомарт Бөкөнбаев 1910-жылы 16-майда Токтогул районуна караштуу Мазар-Сай айылында туулган. 1726–1931-жж. Оштогу, андан соң Фрунзедеги педтехникумда, 1933–1935-жж. Москвада журналисттердин коммунисттик институтунда окуйт. Эмгек жолун 1931-жылы “Кызыл Кыргызстан” гезитинде бөлүм башчы болуп иштөөдөн баштап, 1935–1941-жж. “Ленинчил жаш” гезитинин редактору, “Советтик адабият жана искусство” журналынын башкы редактору болуп иштеген. Ж.Бөкөнбаев 1941-жылы өз эрки менен Советтик Армиянын катарына толугу менен…..

Акын, жазуучу, киносценарист Маматибраим Самиев каза болду

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады КРнын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, КРнын Ички иштер министрлигинин ардагери, отставкадагы полковниги, акын жана жазуучу Маматибраим Самиев 13-декабрда оорудан улам 67 жаш курагында каза болду. “Чыгаан коомдук ишмер, көп кырдуу талант ээси Маматибраим Самиев 1953-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында төрөлгөн. 1983-жылдан тарта ички иштер органдары тармагында эмгектенип, катардагы милиция кызматкеринен подполковник наамына чейин жеткен. 2006-жылы Акыйкатчынын Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенген. Ал техника илимдеринин кандидаты, Ош технологиялык университетинин курулуш кафедрасынын доценти жана Улуттук илимдер академиясынын жаратылыш байлыктары институтунун улук илимий толугу менен…..

Майрамыңыздар менен урматтуу калемгерлер

Урматтуу калемдештер, Жалпыңыздарды бүгүнкү “Адабият күнү” майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Сиздер, ар бир жазган чыгармаңыздардын ар сабына түнөп, түн күзөтүп, күн кечирип түйшөлүп отуруп, окурмандардын колуна тапшырасыздар. Ошол чыгарманын багы ачылса, сиздердин багыңыздар ачылып, жылдызыңыздар жанат. Андыктан ар бир жазган, жараткан эмгегиңиздердин акыбети кайтып, адамзатка жарыгы тийип турсун демекчибиз. Сиздерге бекем ден-соолук, узак өмүр, чыгармачылык эргүү, зор жетишкендиктерди каалайбыз. Ылайым, ыр жандуу элибиздин багына бараандуу эмгектерди жаратып, эсен болуңуздар. Майрамыңыздар кут болсун! Урматтоо менен, КРУЖС Башкармалыгы Бүгүн “Адабият күнүнө” карата А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында салтанаттуу иш-чара толугу менен…..

“Бир ырдын сынагы” жыйынтыкталды

2020-жылдын 25-ноябрь күнү ички иштер органдарынын күнүмдүк турмушун, ишмердүүлүгүн, эрдигин даңктоо жана Кыргыз милициясынын образын ачып берүү максатында уюштурулган поэзия жанрындагы “Бир ырдын сынагы” аттуу конкурстун жыйынтыгы чыгарылды. Бул конкурска жиберилген чыгармаларды тандоодо атайын топ түзүлүп, кара кылды как жарган калыстар тобунун курамына Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунан жана ИИМдин кызматкерлеринен кирген. Калыстар тобунун курамына Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, төраганын орун басары Керимбек Кадыракунов, акын, филология илимдеринин доктору Аида Эгембердиева, КРнын Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын башчысы Нурбек Маамытбаевдер мүчө болушту. Бүгүн салтанаттуу түрдө милициянын жаркын образын ачып, анын толугу менен…..

Акын Жолдошбек Бузурманкулов дүйнөдөн өттү

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады КРнын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Жолдошбек Бузурманкулов дүйнөдөн өттү. Бузурманкулов Жолдошбек Карабалаевич 1946-жылы Талас облусунун Талас районунда жарыкка келген. 1965-жылы орто мектепти аяктаган. 1966-1969-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1969-2005-жылдары КРнын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматында иштеген. Эмгек жолунун 36 жылын милицияга арнаган акын 2005-жылы ардактуу эс алууга чыккан. Милициянын полковниги. 18 медаль, ок атуучу эки курал менен сыйланган. “Долондон канатымды кайрып алдым” (Ильястын ыры), “Жүрөккө сүйүү из салса” ж.б. элге кеңири таанымал отузга жакын обондуу ырлардын автору. Төрт адабий китеп чыгарып, окурмандарга толугу менен…..

А.П.Чеховдун “Кутучадагы адам” китеби кыргыз тилинде жарык көрдү

Акын Таштанбек Чакиевдин котормосунда А.П.Чеховдун “Кутучадагы адам” аттуу китеби жарык көрдү. Китепте дүйнөлүк адабияттын ири өкүлү А.П.Чеховдун тандалма аңгемелери киргизилген. Чыгармаларда ак менен кара, өмүр менен өлүм, адамгерчилик менен наадандык, боорукердик менен ташбоордук өңдүү турмуш философиясы таасын чагылдырылган. Эскертүү: Китеп аз санда чыгарылгандыктан китеп дүкөндөрүндө азырынча жок, автордун өзүнө кайрылыңыздар.

С.Рысбаевдин “Бүтпөй калган өмүр” аттуу китеби жарык көрдү

КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, балдар жазуучусу Сулайман Рысбаевдин “Бүтпөй калган өмүр” аттуу китеби жарык көрдү. Бул китепте өткөн кылымдагы элибиздин башынан кечирген алаамат күндөрдөгү кыйынчылыктары, ошондой шарттагы адамдык кудурет, вазипа, жана адамгерчилик сапат, өмүр үчүн күрөш, адам өмүрүнүн бүтүшү жана бүтпөшү тууралуу философиялык идея берилген “Бүтпөй калган өмүр” аттуу повесть, бүгүнкү күндөгү жаштардын жаңылыштыктары, турмуштагы ач көздүк, абийир тазалыгы жана кылмышка жараша элдик жаза – элден чыгаруу жазасы тууралуу жазылган “Тукуянсыз” аңгемеси камтылган. Китепти 1000 нускада “Жамгыр” басма үйү чыгарган. Китеп окурмандар үчүн “Шанс” китеп дүкөнүнө сатыкка коюлду.

Акын, КРнын Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири Ш.Кулуев дүйнөдөн өттү

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев 78 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Акын Шабданбек Кулуев 1942-жылы 1-январда Жумгал районунун Чаек айылында туулган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1963-жылы Суусамыр өрөөнүндөгү 8-март, Каракол башталгыч мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1969–1990-жылдары Жумгал районунун Жумгал, М.В.Фрунзе атындагы орто мектептеринде тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, директор, 1990–2006-жылдары Жайыл районунун Түркмөн атындагы орто мектебинде математика мугалими болуп иштеген. Республикалык “Кыргыз туусу” гезитинин штаттан тышкаркы кабарчысы болуп иштеген. толугу менен…..