Майрамыңыздар менен урматтуу калемгерлер

Урматтуу калемдештер,

Жалпыңыздарды бүгүнкү “Адабият күнү” майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

Сиздер, ар бир жазган чыгармаңыздардын ар сабына түнөп, түн күзөтүп, күн кечирип түйшөлүп отуруп, окурмандардын колуна тапшырасыздар. Ошол чыгарманын багы ачылса, сиздердин багыңыздар ачылып, жылдызыңыздар жанат. Андыктан ар бир жазган, жараткан эмгегиңиздердин акыбети кайтып, адамзатка жарыгы тийип турсун демекчибиз. Сиздерге бекем ден-соолук, узак өмүр, чыгармачылык эргүү, зор жетишкендиктерди каалайбыз. Ылайым, ыр жандуу элибиздин багына бараандуу эмгектерди жаратып, эсен болуңуздар. Майрамыңыздар кут болсун!

Урматтоо менен,

КРУЖС Башкармалыгы

Бүгүн “Адабият күнүнө” карата А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында салтанаттуу иш-чара болот. Бардыгыңыздар келип, майрамдык салтанатка катышып кетиңиздер. Башталышы саат 16:00дө